Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Өзбек президенти балык багууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жыйын куруп, элин балык багууга чакырды.

Өзбек аткаминерлери «Бардык үй-бүлө ишкер» деген программанын алкагында айыл чарбасын өнүктүрүп, эт, сүт жана жумуртканын молдугун камсыздоону пландашты.

Өзбекстандагы мал чарбасынын негизги көйгөйү катары бодо малдын 94% үй шартында багылары, алардын 34% гана асыл тукум экени айтылды.

Жергиликтүү тукумдагы бодо мал эт, сүттү аз берет, пайдасыз деп сыпатталды. Малчылардын билимсиздиги, мал багуунун жаңы ыкмаларынан кабарсыз экени да маселе катары көтөрүлдү. Жыйын соңунда президент баш болгон аткаминерлер бир нече баптан турган иш планды бекитишти.

- Дан өндүрүүчү ишканалардын алдында 2 миңден 5 миңге чейин асыл тукум бодо мал кармаган ири фермалар түзүлсүн. Дан чарбалары данды кайра иштетүүдөн чыккан жем менен малды кенен бакса болот. Ар бир миң баш бодо мал кармаган фермага кошумча 300-400 гектардан жер бөлүп берилсин.

- Пахтаны кайра өндүрүүчү ишканалардын алдында 5 миң баштан кем эмес асыл тукум мал кармаган ири фермалар түзүлсүн. Пахтаны кайра өндүрүүдөн чыккан чигиттин жеми, пахта талаалары, жумушчу күчү жана техникалык мүмкүнчүлүгү ири фермаларды кармаганга жарайт.

Президент 5 миңден мал кармаган фермалардан сырткары үй-бүлөлүк фермерлерди күчтөндүрүүнү дагы сунуштады.

- Буга чейин үй шартында мал кармап келаткан тургундарга «Ар бир үй-бүлө ишкер» деген программанын алкагында дагы бештен асыл тукум уй насыяга берилсин. Бештен уй алган бардык жарандар асыл тукум уйларды багуунун жаңы ыкмалары менен тааныштырылсын. Аларды окутуу, тоют камдоо, ветеринардык көзөмөл жүргүзүү жана өндүрүлгөн продукцияны сатып алуу сүт менен этти кайра иштетүү комбинаттарына жүктөлсүн. Эл уйларды кредитке алып, ал кредитти сүт сатып төлөшөт. Анын төлүнөн чарбасын андан ары кеңейтип кетишет. Ушундай жол менен 30дан 100гө чейин бодо мал кармаган үй-бүлөлүк фермалар калыптанат.

Мирзияев союз кезиндегидей була өндүрүүнү калыптандырууга керектүү тыт эгүү демилгесин көтөрдү. Ал тыт бактарынын аянтын 20 миң гектарга көбөйтүүнү сунуш кылды. Була өндүрүүнү арттырып, аны экспортко чыгаруу ниетин билдирди.

Президент Өзбекстандын тоо этектерине балыктын мыкты түрлөрүн багууну да сунуш кылды. Анын пикиринде балык өндүрүүнүн экспорттук потенциалы бийик.

Өзбек бийлиги акыркы жылдары элди мал чарбачылыгына активдүү чакырып жатат. Бирок бул тармакта көзгө көрүнөрлүк ийгилик жарала элек.

2017-жылы Мирзияев ар бир элеттик үй-бүлөнү 100дөн тоок багууга милдеттендирип, 100 тооктон жок эле дегенде күн сайын 50дөн жумуртка алса болорун, онун жеп, кыркын сатканда деле Өзбекстанда жакыр үй-бүлө калбай турганын айткан. Бирок президенттин бул идеясы тоокту кредитке алган үй-бүлөлөрдү карызга батыргандан башка көрүнөрлүк натыйжа берген эмес. Өзбек президенти ал демилгесин 2018-жылы дагы кайталап, элге тооктон сырткары коён багууну да сунуштаган. Аны сатууга мамлекет жардам берерин убада кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG