Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Мирзиёев: Соттордо адилетсиздик көп болот


Президент Шавкат Мирзиëев. 08.12.2017.
Президент Шавкат Мирзиëев. 08.12.2017.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын 25 жылдыгынын урматына соттолгон 2 700 кишиге ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда. Маалыматтарга караганда, мындай чечим өлкө тарыхында биринчи жолу кабыл алынды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, абактардан “түрдүү себептерден улам кылмышка барган жана күнөөсүн моюнга алган, оңолуу жолуна түшкөн” 950дөн көп киши камактан бошотулат. Кээ бирлердин жазасы жумшартылат, дагы бирөөлөрдүн болсо соттолгондугу толугу менен алып салынмакчы.

29-сентябрда президент Мирзиеев тиешелүү материалдарды даярдоо тапшырмасын берип жатып, соттук практикада мүчүлүштүктөр жок эмес экендигин моюнга алган. Мисалы, жасалган кылмышка караганда чегерилген жаза өтө катаал болгон, жазаны жумшартуучу жагдайлар эске алынбаган учурлар көп кездешээри айтыла кетти.

7-декабрда Өзбекстандын Конституция күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып, президент Мирзиёев өлкөдөгү соттордо адилетсиздик көп жолугаарын кайталады:

- 3-4 баласы бар бечара аял оокат кылып, тиричилик үчүн чек арадан товар алып өтсө, сегиз жылга камап отурушат. Мындан ким пайда табат? - деди Мирзиёев.

Мамлекет башчынын буйругу менен башкы прокурор жетектеген атайын комиссия жана жумушчу топ түзүлгөн. Алар соттолуп, жазасын түрмөдө өтөп жаткан кишилердин жеке иштери менен таанышып чыгышты. Айыпкерге ырайымды президент гана бере алат.

Журналист Алишер Сыдыков сот, прокуратура тармактарында чындап эле көйгөйлөр көп экенин айтат:

- Албетте, бул Каримов доорундагы эң чоң көйгөй болчу. Репрессивдүү машина прокуратура, сот системасынын бюрократиясынан өтчү да. Андан тышкары Мирзиёевдин ошол кездеги башкы прокурор менен жеке кастыгы бар болчу. Ар бир жолу сүйлөгөндө сот иштери канчалык мыйзам бузуулар менен коштолгонун баса белгилеп келатат. Ырайым берүүнү диний жүйөдөн улам айыпталган адамдар да күтүп жатышат, Ошондой канча киши азат кылынарын дагы билбейбиз.

Буга чейин Өзбекстанда дээрлик жыл сайын Көз карандысыздык же Конституция күнүн утурлай мунапыс жарыяланып келчү. Мунапыска адатта аялдар, 60 жаштан ашкан эркектер, оор кылмыш жасабагандар кирчү.

- Мунапыс менен айыпты кечүүнүн чоң айырмасы бар. Мунапыс белгилүү бир категориядагы адамдарга жалпы жарыяланчу. Ал жерде да коррупция болуп кеткен. Кимди чыгарыш керек экенин төмөнкү чиновниктер өздөрү чечип келишкен. Көп оюндар жүрчү.

Ал эми Uzmetronom сайты жазганына караганда, масштабдуу ырайым берүү жараяны өлкөнүн соттук практикасында биринчи жолу болуп отурат.

Өткөн жылы Өзбекстанда 14 журналист, саясий партиялардын активисттери жана укук коргоочулар абактардан бошотулган.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Өзбекстандын түрмөлөрүндө ушу тапта дагы 12 укук коргоочу жана бийликти сындап келген журналист кала берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG