Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Футбол: Кыргызстан - Өзбекстан оюну болбой калды


Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун оюндарында. 22-январь, 2015-ж. Мельбурн. Австралия.
Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун оюндарында. 22-январь, 2015-ж. Мельбурн. Австралия.

2-июнда Ташкенде өтө турган Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши болбой калды. Өзбек тарап бул маалыматты 20-майда жарыялап беттештен баш тартуунун себептерин ачыктаган эмес.

Өзбекстан менен Кыргызтандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши 2-июнда Ташкен шаарындагы “Бунёдкор” стадионунда өтмөк. Эки кураманын беттешери тууралуу маалымат 13-майда белгилүү болгон. Андан бир жума өтпөй өзбек тараптын демилгеси менен оюндун болбой калгандыгы тууралуу маалымат тарады.

Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова бул багытта төмөнкүлөрдү маалымдады.

- Кыргызстандын футбол федерациясына Өзбекстандын футбол федерациясынан 2-июнга белгиленген жолдоштук беттешти өткөрүүдөн баш тарткандыгы тууралуу расмий кат келди. Ошол себептен улам биздин улуттук курама команданын 23-майда баштала турган окуу-машыгуусу 28-майга жылдырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастанбек Конокбаевдин расмий билдирүүсүндө атаандаш табууга өтө аз убакыт калгандыктан июнь айында эч кандай беттеш болбойт. Демек, команда оюнчулары планга ылайык машыгуусун гана өткөрүшөт. Кийинки жолдоштук беттешүү август айына белгиленген.

Буга чейин 2-июнда Кыргызстан менен Ливандын улуттук курама командаларынын беттеши болоору белгиленип, ал оюн Ливан тараптын демилгеси менен өткөрүлбөй калганы 10-майда белгилүү болгон. Буга Ливандагы саясий абал, коопсуздук себеп болгону айтылган. Андан кийин Өзбекстандын улуттук курама командасы менен оюн болоорун эки федерация тең расмий кабарлаган болчу.

Өзбекстандын футбол федерациясындагы маалымат. 21-май, 2016-ж.
Өзбекстандын футбол федерациясындагы маалымат. 21-май, 2016-ж.

​Өзбекстандын футбол федерациясынын расмий сайтында 21-майда жарыяланган маалыматта “2-июнда Кыргызстан менен боло турган расмий жолдоштук беттеш болбой калганы, анын ордуна бул күнү Ташкен шаарында башка улуттук курама команда менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы жана бул жагдайга азырынча Өзбекстан футбол федерациясы тарабынан комментарий бериле электиги" жазылган.

Эл аралык футбол федерациясынын сайтынан да расмий жолдоштук беттештердин календарында Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук курама командаларынын 2-июнга белгилеген оюну алып салынды.

Спорт саясаттан тышкары

Өзбекстандын футбол федерациясынын Кыргызстан менен жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тартуусуна саясий себептер да түрткү болушу мүмкүндүгүн айрым адистер айтышууда. Ушул жылдын март айында эки өлкө ортосунда чек арага байланыштуу талаш маселелер орун алган.

18-майда Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтоткону да оюндун болбой калышына себептердин бири катары аталууда. Саясат талдоочу Эмил Жураев эгер санай берсе саясий себептер арбын экенине токтолду:

- Эки өлкөнүн мамилесинде саясий себептерди издей келсек өтө эле көп. Арал деңизин сактоо боюнча фондго Кыргызстандын мүчөлүгүнүн убактылуу токтотулушу же болбосо ага чейин да бир топ жакшы эмес (чек ара маселеси) окуялар болуп кетпедиби. Ошондуктан саясий өңүттөн карасак себебин табыш оңой эле. Экинчи жагынан карап көрсөк эч кандай жүйөсү жок эле оюнду жөн гана токтотуп коюшкан болсо, анда маселеден саясий маани издөөдөн көп деле пайда жок. Биздин эки мамлекеттин ортосунда саясий мамилелер анча жакшы эмес экенин ансыз деле билебиз. Дүйнөлүк тажрыйбада спорт боюнча мелдештер эң акыркы орунда гана токтотулушу мүмкүн. Анткени спорт саясатка эч кандай тиешеси жок. Элдин ортосунда боло турган карым-катнаш.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 17-ноябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 17-ноябрь, 2015-ж. Бишкек.

Спорт кабарчысы Бакыт Шүкүралиевдин баамында, атаандаш издөөгө убакыттын аздыгын эсепке алганда Өзбекстандын футбол федерациясы оңой менен мындай тобокелдикке бармак эмес.

- ФИФАнын расмий жолдоштук беттешүүлөр календарында Өзбекстан июнь айынын экисинде жана жетисинде эки беттешти өткөрмөк. 2-июнда Ливан менен Кыргызстан ойнобой кала турганы белгилүү болгондон кийин Өзбекстандын футбол федерациясы өздөрү Ташкенде расмий жолдоштук беттеш өткөрүүнү Кыргызстанга сунушташкан. Демилгени көтөргөндөн кийин кайра мелдешти өткөрүүдөн баш тартып, ошол эле күнү атаандаш издеп жатышканы таң калычтуу болууда. Мындайды биринчи жолу көрүшүм. Адатта коопсуздукка коркунуч келгенде же кандайдыр бир саясий окуяга байланыштуу оюндан баш тартып ал күнү оюндар такыр болбойт. Менимче, бул кырдаалга жогорку жактан атайын буйрук келген болсо керек. Буларга эми 2-июнга чейин атаандаш табуу кыйын болот. Оюн болоорго 12 күн калганда баш тартып жатышат. Алдыда 2-июндан кийин Австрияда Канада курамасы менен беттешишет. Учурда Украина курама командасы да жолдоштук беттеш өткөрүүгө атаандаш таппай жатат. Балким аларга сунуш жөнөтүп, беттеш Европада өтүп калышы ыктымал.

Жалпы тарыхында Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беш жолу беттешип, бардык оюнда өзбекстандык команда жалпысынан 22:2 эсебинде жеңишке жеткен. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Кыргызстандын улуттук курама командасы алгачкы расмий жолдоштук беттешин Өзбекстандын командасы менен 1992-жылы өткөрүп, бул оюн 3:0 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктаган. Учурда ФИФА рейтингинде Өзбекстан 66-орунда, Кыргызстан 100-орунда.

Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы 2016-жылы Кыргызстандын улуттук курамасы менен Өзбекстан, Катар, Казакстан, Бахрейн, Филиппин, Польша, Ливан, Хорватия, Бириккен Араб Эмирлиги, Вьетнам өлкөлөрүнүн курамалары менен 8 жолдоштук беттешти өткөрүү пландалып жаткандыгын маалымдаган.

Алты беттеш Бишкекте, эки беттеш Филиппин менен Бахрейнде өтөрү сүйлөшүлүп жаткандыгы айтылган. Бул оюндар 2017-жылы баштала турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык катары болот. Азия кубогу үчүн финалдык оюндар 2019-жылы Катарда өтөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG