Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Өзбекстандын эртеңки саясаты табышмак


Владимир Путиндин Самаркандда Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен жолугуусу.
Владимир Путиндин Самаркандда Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен жолугуусу.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун дүйнө салышы менен анын ордун ким басат деген суроо эл аралык саясатта кызуу талкууга айланган тема болууда.

Кошуна өлкөдөгү саясат мындан ары кандай нукта өнүгөт? Демократиялык принциптерге орун берилеби? Саясий күрөш кандай күчтөрдүн ортосунда жүрүшү мүмкүн? Радикал ислам күчтөрүнүн коркунучу барбы.

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, саясий серепчи Эмил Жураев катышты.

“Азаттык”: Анвар мырза, сиз өкмөттүн расмий делегациясынын курамында Самаркандга барып, Ислам Каримовдун тажиясына катышып, өзбек өкмөтүнүн башчысы Мирзияев менен жолугушуп келдиңиз. Акыркы күндөрү Өзбекстандагы башка саясий кырдаалга байкоо салып жатсаңыз керек, азыркы абалды сиз кандай мүнөздөйсүз?

Анвар Артыков: Биз Өзбекстанга барганда уюштуруу иштери жакшы болгонун байкадык. Жетекчилердин бири-бирине болгон мамилеси жакшы экендигин көрдүк. Ошондон улам бийлик маселесине келгенде жакшы пландарды түзүп жатат го деп ойлойм.

Эгер талаш болуп калса, чыр чыгып кетиши мүмкүн. Биринчи көргөндөгү таасирге караганда абал туруктуу деп айта алам. Биз байкаган көрүнүшкө караганда, Өзбекстандагы элдин басымдуу көпчүлүгү Каримовду жүрөгүнөн сүйүп, урматтайт экен. Миңдеген кишилердин ыйлап турганын көрдүк. Ал кишинин ордун басуу абдан татаал болот, андай кишини алар табалбайт го. Өзбекстан президенттик шайлоону жакшы өткөрүп алып, стабилдүүлүк сакталып калса, бизге да жакшы болот деп ойлойм.

Шафкат Мирзияев жана Владимир Путин
Шафкат Мирзияев жана Владимир Путин

“Азаттык”: Аликбек мырза, азыр дүйнө саясатчыларынын көңүлү Каримовдун ордуна ким болот, саясий система өзгөрөбү же сакталабы деген олуттуу суроолордун тегерегинде талкуу, божомолдор болууда. Сиздин баамынызда, Өзбекстанга ким президент болушу мүмкүн?

Аликбек Жекшенкулов: Акыркы 25 жылдан бери Өзбекстандын башкаруу системасы, бийлиги бир нукка түшүп калган, өзүнчө бир күчтүү мамлекет. Махалла комитетинен тартып өкмөткө, президенттин администрациясына чейин катуу, күчтүү тартип орногон. Эгерде азыркы Өзбекстанды башкарып тургандардын ортосунда талаш-тартыш болбосо, стабилдүүлүк болот.

Биз билгенден Өзбекстанда эки чоң клан бар: Самарканд жана Ташкент кландары күчтүү. Менимче, алар тил табышты. Азырынча оппозиция өтө алсыз. Радикал диний күчтөр болсо сырткы таасирдүү тараптардын жардамы жок бийликке өз алдынча келе албайт.

“Азаттык”: Ошентсе да конкреттүү адам Шафкат Мирзияевдин бийликке келүү ыктымалдыгы көбүрөөк айтылып жаткандай, анын талапкерлиги канчалык реалдуу?

Аликбек Жекшенкулов: Мен Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөндө Шафкат Мирзияев менен эки жолу сүйлөшкөм. Менимче, ал тажрыйбалуу, татыктуу адам. Убагында Самарканд менен Жизак облусунда аким болгон, илимий даражасы бар. Көп нерсени билет.

Эгер бул киши чыкса, жалпы эл колдоп кетиши мүмкүн. Каримовдон кийин ким келбесин “мен Каримовдон кем эмесмин, ички-сырткы саясат болобу андан күчтүүмүн” деген саясат жүргүзөт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Натыйжасын убакыт көргөзөт.

“Азаттык”: Эмил мырза, Орусиянын президенти Путин тажияга келе албаса да кечээ Самаркандга барып, Каримовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып кайтты, бул адамгерчиликтин эле маселесиби же башка саясий максаты барбы?

Эмил Жураев: Чоң саясат адамгерчилик аркылуу жасалат. Путиндин мындай адамгерчилик кылганы келечектеги чоң саясий пландарынан кабар берет. Бул убакка чейин Өзбекстан башка КМШ өлкөлөрүнө караганда Москвадан өз алдынча саясат жасап келген. Мындан ары деле Москванын алдын ала чечип кое тургандай алы жок. Ошентсе да Москвага аны түзүш керек, бекемдеш керек болуп турат.

“Азаттык”: Аликбек мырза, Өзбекстан дүйнөдөгү ири мамлекеттерге эмнеси менен кызыктуу же маанилүү өлкө?

Аликбек Жекшенкулов: Эки нерсени так айта алам: Орусия менен Кытай жалпы Борбордук Азияда, Өзбекстанда тынчтык, стабилдүүлүк болсун деген ниетте. Убагында Солженицын “Борбордук Азия Орусиянын чандыры” деп айткан. Чандыр деген жумшак болот, ага оңой кирет. Орусия Борбордук Азияда тынчтык болушуна өтө кызыкдар.

Кытайды Шинжаң уйгур автоном районундагы маселелер тынчсыздандырат. АКШ мындан ары кандай саясат жүргүзөт, мен айта албайм. Бирок Ооганстандагы абал, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Сириядагы согуштарда өзбек атуулдары көп болгондугун эске алганда алар да катуу ойлонот.

Эмил Жураев: Өзбекстан - Борбордук Азиядагы эң чоң, коомдук түзүлүшү татаал мамлекет. Диний экстремизм, терроризм дейбизби алардын баарынын Өзбекстандан пайда болушу, өсүп чыгышы кооптуу. Бул убакка чейинки Каримовдун тышкы саясаты өзгөчө болчу, эч ким менен өтө жакындашып кеткен эмес, эч кимден өтө алыстап да кеткен эмес. Эртеңки жаңы бийлик ошондой балансты кармап калалабы?

“Азаттык”: Өзбекстандын азыркы расмий бийлигине оппозиция болгон күчтөр чет өлкөлөрдө бозгунда, качкында жүрүшөт. Алардын Өзбекстандын мындан аркы тагдырына аралашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойсузбу?

Анвар Артыков: Эгерде кандайдыр бир сырткы күчтөр жардам берип эле жибербесе андай болушу кыйын. Өзбекстандын коопсуздук чаралары өтө күчтүү. Сырттан таасир бергенге бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүк жок. Шайлоо тынч өтсө, стабилдүү болсо бүгүнкү саясат көпкө чейин сакталып калат.

Аликбек Жекшенкулов: Дүйнө өзгөрүп жаткандан кийин аларда өзгөрүү болот. Өзбекстандын ички-сырткы саясаты өзгөрүшү керек. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок Өзбекстандай татаал мамлекетте андай өзгөрүү жакында болбойт. СССРди ураткандай бир күндө “мына силерге демократия” дей салыш Өзбекстанда мүмкүн эмес. Андай болсо өзүлөрүнө кыйынчылык жаралат. Анын илеби бизге - кошуналарга да тиет. 32 миллион калкы бар Өзбекстандын бийлиги демократиялык реформаларга эки-үч жылдан кийин барышы, аз-аздан алга жылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG