Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Ташкент экс-прокурор боюнча жооп берди


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров.
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров.

Өзбекстан камактагы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун кыйноого кабылганы тууралуу «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүн четке какты.

Уюм өзбек бийлигин Кадыровду жана аны менен бирге соттолуп жаткан 12 кишини кыйноого жол бербөөгө чакырган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүнө 11-апрелде жооп кайтарды.

Анда башкы көзөмөл органы жемкордукка байланыштуу айыпталган мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун абакта кыйноого кабылганы төгүнгө чыгарылган. Мекеме Кадыров оор беренелер менен айыпталып жатканын, ага далилдер бар экенин жүйө келтирди.

«Ал паракорчулук, опузалап акча талап кылуу, кызматынан кыянат пайдалануу жана башка кылмыштар үчүн айыпталып жатат. Иликтөө учурунда жүргүзүлгөн медициналык текшерүүдө Кадыровдун саламаттыгы начар экени аныкталган жок. Ошондой эле анын ден соолугу камакта отурууга жол берет жана денесинде эч кандай жаракат жок деген корутунду чыккан»" - деп айтылат Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында.

«Amnesty International» уюму 8-апрелде Рашид Кадыровго түрмөдө кыйноо колдонулуп жатышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

Уюм өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге жиберген катында экс-башкы прокурор жана аны менен кошо соттолуп жаткан мурдагы 12 аткаминерди кыйноодон, зулум мамиледен коргоого, алардын керектүү медициналык жардам алышына шарт түзүүгө үндөгөн. Катта «тергөө абагында Кадыровго уктоого мүмкүнчүлүк берилбей, уруп-сабалып жатканы жөнүндө такталган маалыматтар бар экени» айтылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл бою жетектеп, «биринчи президент, маркум Ислам Каримовдун гвардиясынын эң таасирдүү аткаминерлеринин бири саналган» 67 жаштагы Рашид Кадыров 2015-жылы апрелде кызматтан кеткен.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2018-жылдын февралында камакка алынган. Ага «опузалоо, бийлигинен, кызмат абалынан аша чабуу, пара алуу» деген кине коюлган. Ал камалгандан үч айдан кийин президент Шавкат Мирзиёев аны «бардык жерде коррупцияны жайылткан, ууру» деп күнөөлөп чыккан:

«Эки-үч айдан кийин ал болгонун болгондой сыналгыдан айтып бергидей кылам. Ар бир райондук прокурордон 30-40 миң доллардан алып турган. Чыныгы ууру болчу. Ошон үчүн прокуратурадагы кадрлардын 70 пайызы иштен айдалды».

Өзбек президенти айткандай Рашид Кадыровдун элден кечирим сурап сыналгыдан чыкканы жөнүндө азырынча маалымат жок. Анын соту быйыл 7-январда Ташкенттин Юнусабад райондук сотунда карала баштады. Жараян күтүлгөндөй эле жабык өтүүдө.

Мартта «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматы күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып, прокуратура Кадыровго дагы бир айып койгонун жазып чыкты. Ага ылайык, мурдагы башкы прокурорго «кылмыш тобун түзгөн», ал эми мурдагы 12 аткаминерге «кылмыштуу топко катышкан» деген кине коюлганы кабарланды.

Өткөн айда дагы бир булактар Кадыровдун ишин тергеп-иликтеген топтун башчысы, прокурор Бахром Кобилов кыйноого байланыштуу айыпталып кармалганын билдиришкен. Ага чейин, февралда Кадыров ден соолугунан улам абактагы ооруканага которулганы маалымдалган. Расмий Ташкент бул кабарларга комментарий бере элек.

Сот канчага созулары, мурдагы башкы прокурор жана аны менен кошо айыпталгандарга качан өкүм чыгары азырынча белгисиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG