Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Өзбекстан: Каримовдун кадрларын тазалоо...


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунун Алмалык шаарындагы жетекчилерди иштен алды.

Шаар акими, прокурор, милиция жетекчиси жана башкы салыкчы бир канча жолу кемчилик кетиргени, ишине шалаакы мамиле кылганы үчүн кызматтан кол жууганы кабарланды.

Мирзиёев ушул айдын башында прокуратура тармагын сынга алган, прокурорлорду "башкы уурулар" деп атаган жана бул тармактагы кадрлардын 80 пайызы жаңыланганын, тазалоо дагы уланарын билдирген.

Айрым байкоочулар Мирзиёев мурдагы президент Ислам Каримов ушундай эле себептер менен иштен кетиргендерди кайра кызматка коюп, Каримовдун кадрларын чекесинен тазалап жатканын белгилешет.

Шавкат Мирзиёев Алмалык шаарына өткөн аптанын этегинде барды. Активисттер менен жолуккан кезде шаар башчыларынын иши, бардык тармактагы абал боюнча нааразы пикирин билдирди. Аким, прокурор, Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана Салык кызматынын төрагасын катардагы элдей жашашы керек болчу деп зекиди.

- Алмалыкта 120 миң адам бар. Бул төрт жетекчи шаарды бир канча бөлүккө бөлүп алып, маалелерди, көчөлөрдү кыдырып, карапайым эл менен жолугуп, аларды үй, батир менен камсыздашы керек болчу. Алар шаардыктар дем алган аба менен дем алышы керек эле. Эгер эл свети жок жашаса, алар дагы свети жок жашап, жолу жок болсо алар дагы жыртык-тешиктүү жолдор менен жашашы керек болчу. Эгер элдин суусу жок болсо аларды дагы суусуз калтыруу керек болчу.

Мындан көп өтпөй Мирзиёев сөз кылган шаар башчылары кызматтан кол жууганы белгилүү болду. Президент алар ишине шалаакы, жоопкерсиз мамиле жасагандыктан жана көп кемчилик кетиргендиктен ээлеген кызматына шайкеш келбейт деп билдирди.

УзА мамлекеттик маалымат агенттиги Мирзиёев шаарда үй таңсыктыгын, тургундардын муктаждыгын эске алуу менен тогуз кабаттуу үйлөрдү курууну тапшырганын жазды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы ишенимдүү булактарына таянып, Алмалыктын жетекчилери мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тапшырмасы менен шаардын борборунда үч кабаттуу үйлөрдү курууну пландаштырып жатканын, Мирзиёев келип кеткенден кийин көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоору чукул өзгөргөнүн жазды.

Каримов убагында үйлөр үч кабаттан ашпоосу керек деген пикирде болгону маалым.

Мирзиёев Алмалыкка келер алдында жергиликтүү бийлик бир канча ай шаарды көрктөндүрүү, тазалоо, атургай оңдоо иштерине жергиликтүү тургундарды тартты.

Жергиликтүү бийликке нааразы болгон алмалыктардын бири мамлекеттик кызматкерлер көчө шыпырып, жай саратанда эки-үч күндөн кийин эле соолуп калса да гүл эгип, толук бүтө элек үйлөрдүн чатырын жаап жүргөнүн айтып берди.

- Президент акыр-аягы Алмалыкка келди. Эми жергиликтүү бийлик өзүнө упай топтогон адатын калтырып, элди, президентти алдаган адатын токтотот болду бекен? Эл президентти апрель айынан бери күттү, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери күн сайын көчө тазалагандан чарчады. Бизге мындай аткаминерлердин эмне кереги бар? Алар өз кызыкчылыгын эле ойлоп элди кууратты. Эмне үчүн алар көчөлөрдү президент келерде эле тазалатат? Кээ бир көчөлөргө асфальт да төшөтө калышты, шаардын кайсы бир бөлүгүн көрктөндүрүштү. Бирок шаардын ичи мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды. Мунун баары президентке эмес, бизге, элге эле керек да.

Ушул айдын башында Шавкат Мирзиёев прокуратура органынын ишин сынга алган, прокурорлордун көбүн "эң башкы уурулар" жана "эски таштанды системанын калдыктары" деп атаган:

- Биз жаңы баш прокурор дайындап, кызматкерлерин 80 пайызын алмаштыруу менен прокуратура тармагын мурдагы таштандыдан тазалаганбыз. Бирок баары бир мурдагы ууру системадан калган 15-20 пайыз иштеп жатат. Прокурорлор элдин башына түшкөн балээ болду. Эгер адал иштебесе баарын кетиребиз.

Мирзиёев бул тармакта тазалоо дале уланарын эскерткен. Алардын жашаган үйлөрүнүн, минген унааларынын кымбаттыгын белгилеп, бул кызматка тааныш-билиш менен орношкондор көптүгүн билдирген.

Мирзиёев прокурорлорду ушул жылдын башында да урушкан, прокуратура репрессивдүү жана жазалоочу органга айланып кетпеши үчүн коомдук көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG