Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Өзбекстанда кафеде ифтар өткөрүүгө уруксат берилди


Ташкенттеги ресторандардын бириндеги ооз ачууга чакыруу жарнамасы.
Ташкенттеги ресторандардын бириндеги ооз ачууга чакыруу жарнамасы.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте мурдагы жылдардан айырмаланып быйыл кафе-ресторандарда Орозо айында ооз ачырууга же ифтар өткөрүүгө уруксат берилди. Буга чейин коомдук жайларда ооз ачууга тыюу салынып келген.

Ташкенттин тургуну Тошбек бул жылы ыйык Орозо айы Өзбекстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчө башталганын айтат.

- Өткөн жылдары таңкы ооз бекитүүгө тамак-аш-сухура даярдаган эч бир жай жок эле. Маселен, былтыр кафе-ресторандар кечки 11де эле жабылып калчу. Быйыл болсо орозо туткан мусулмандар мындай коомдук жайлардан түнү дагы аш же башка тамак сатып алса болот.

Тошбек кошумчалагандай, быйыл калаадагы кафе-ресторандар ифтар өткөрүүгө тапшырыктарды ала башташты.

- Борбордогу кафе-ресторандар ифтар өткөрүүгө заказ ала башташты. Былтыр буга толугу менен тыюу салынган эле. Атүгүл кафелерде бонус менюлар пайда болду. Ал бонуска акысыз суу, курма, жүзүм жана дарбыз кирет.

Өзбекстанда кафе-ресторандар таңкы ооз бекитүү үчүн да тамак-аштарды сунуштап жатышат.
Өзбекстанда кафе-ресторандар таңкы ооз бекитүү үчүн да тамак-аштарды сунуштап жатышат.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти бул маалыматты тактоо үчүн Ташкенттеги бир нече кафе-ресторан менен байланышканда, алардын көбү 100 кишиге чейин ифтар өткөрүүгө тапшырык аларын айтышты.

Анткен менен Ташкенттеги мусулмандар быйыл деле жашы жетелектерге жума жана Орозо айында окулчу таравих намаздарына жыгылуу үчүн мечиттерге кирүүгө тыюу салынганын айтышууда. Ошондой эле "Азаттыкка" кайрылган жарандар быйыл да мечиттерде ооз ачууга уруксат берилбегенин кошумчалашты.

Бул маалыматты Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары, шейх Абдулазиз Мансур да ырастады. Ал кафе-ресторандарга караганда өз үйлөрүндө ооз ачууну сунуштады.

- Кафе, ресторандарда ифтар өткөрүү бир катар кыйынчылыктар менен коштолот. Маселен, кечке маал элдин баары автоунаа менен жүргөндүктөн жолдордо тыгын пайда болот. Ифтардан кийин орозо кармагандарга мечиттерге жетүү кыйынчылыктарды жаратат. Андан тышкары орозо кармагандардын арасында тамакты мүнөздөп жегендер да бар. Алар кафеге барганда, ооз ачырып жаткан адамды таарынтып албаш үчүн өзүнө туура келбеген тамак-аштан жеп алышы ыктымал. Мунун да терс кесепеттери болот. Ошол себептен биз бардык мусулмандарды өз үйлөрүндө ооз ачууга чакырат элек. Ал эми мечиттерде ифтар өткөрүү - бул ашыкча көрүнүш. Мечиттер тамак ичүүгө эмес, дуба окуу үчүн курулат,-деди шейх Абдулазиз Мансур.

Өзбекстанда жашы 18 жете электерге мечитке кирип, намазга жыгылууга тыюу салынат.
Өзбекстанда жашы 18 жете электерге мечитке кирип, намазга жыгылууга тыюу салынат.

Мусулмандар Өзбекстандын 32 миллиондон ашуун калкынын 90 пайызын түзөт. Алардын көбү орозо кармашат. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда кафе-ресторандардын ээлерине ифтар өткөрүүгө, атургай жайкын тургундарга да үйлөрүндө он чакты адамды чакырып ооз ачырууга тыюу салынып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG