Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Ак үй Трампты сындагандарга сөөмөй кезеди


Президент Дональд Трамп жашыруун документтер менен таанышуу укугунан ажыратууну караштырып жаткан мурдагы мамлекеттик кызматкерлер: (солдон оңго) Жеймс Коми, Жеймс Клэппер, Эндрю Маккейб, Сюзан Райс, Жон Бреннан, Майкл Хейден.
Президент Дональд Трамп жашыруун документтер менен таанышуу укугунан ажыратууну караштырып жаткан мурдагы мамлекеттик кызматкерлер: (солдон оңго) Жеймс Коми, Жеймс Клэппер, Эндрю Маккейб, Сюзан Райс, Жон Бреннан, Майкл Хейден.

Ак үй президент Дональд Трамптын Орусия боюнча саясатын сынга алган, мурунку администрациянын тушунда иштеген 6 жогорку даражалуу аткаминерди купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыратышы мүмкүн. Бул кабарды айрым саясатчылар кескин сындап чыгышты.

АКШнын чалгын жана укук коргоо органдарында иштеп кеткен алты мурдагы мамлекеттик кызматкер Ак үйдүн бутасына алынды. Президент Дональд Трамп бул адамдарды жашыруун документтер менен таанышууга берилген уруксат кагазынан ажыратуу механизмдерин караштырып жатканын Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди:

- Себеби алар мамлекеттик кызматты жана мындай уруксатты саясатташтырып жиберишти, айрым учурда коммерцияга да айлантышты. Президентке каршы "Орусия менен туура эмес байланыш жүргүздү" же "Орусиянын таасиринде калды" деген сыяктуу негизсиз доомат айткан туура эмес.

АКШда атайын кызматтын өкүлдөрүнө атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин мамлекеттик сыр же коомчулукка ачык көрсөтүлбөгөн жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилет. Адатта алар кызматтан кеткенден кийин да мындай уруксатты сактап калышат. Себеби алардын көбү өздөрү иштеп кеткен мекемелерде кеңешчилик ишти уланта беришет.

АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Президент Дональд Трамп мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратууну көздөгөн алты адамдын арасында мурдагы президент Барак Обаманын тушунда АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин башчылыгына келип, былтыр кызматтан кеткен Жон Бреннан бар. Ал президент Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин Хелсинкидеги саммитин сындап, Трампты "Путиндин чөнтөгүндө" калды деп айткан.

"Кара тизмеге" кабылышы мүмкүн деп эсептелгендердин арасында былтыр президент Трамп кызматтан алган ФБРдин директору Жеймс Коми да бар. Ал Трампты "президент болууга моралдык жактан татыксыз" деп мүнөздөгөн.

Ак үй билдиргендей, Комиден тышкары Обаманын тушунда Улуттук чалгын кызматын жетектеген Жеймс Клэппер, президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сюзан Райс, ФБРдин жетекчисинин мурдагы орун басары Эндрю Маккейб жана Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы башчысы Майкл Хейден да санкциялык тизмеге түшүп калышы мүмкүн.

ФБРдин мурдагы жетекчиси Коми менен аны орун басары Маккейб Трамп аларды кызматтан алганда эле жашыруун документтер менен иштөө уруксаты токтотулганын айтышты.

Ак үйдүн алты адамды бутага алуу аракетин коопсуздук тармагында мурда иштеген айрым кызматкерлер, Конгресстеги демократтар сындап жатышат.

Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

- Бүгүнкү кадам "президентти сындагандарды жашыруун документтер менен таанышуу укугунан ажыратуу аркылуу жазалайбыз" дегендей мамилени ишарат кылып жатат. Демократиялык өлкөдө мындай болбойт. Биз мындайды авторитардык режимдерде гана көрүп жүрөбүз, - деди Демократиялык партиянын конгрессмени Адам Шифф.

Бирок Ак үй "сөз болгон адамдар президент Трампты сындаганы үчүн бутага кабылды" деген дооматтарды четке кагып жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп 16-июлда Хелсинкиде орус лидери Владимир Путин менен жолуккан. Сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында анын Американын чалгын кызматтарынын Орусиянын АКШ шайлоосундагы ролу тууралуу маалыматтарын четке каккандай сүйлөгөнү Вашингтондо сынга кабылган эле.

Президент Трамп Вашингтонго келгенден кийин бул сөздөрүн тууралап, "Орусия АКШнын шайлоосуна кийлигишкен" деген бүтүмгө макул экенин айткан. Ошентсе да Трамп Путин менен кездешүүсү жемиштүү болгонун белгилеп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG