Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:57

ДСУ: куш тумоосунан кылдаттык сактайт


Иллюстрация

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму куш тумоосу катталган бардык учурларды кечиктирбей таратып турууга үндөдү. Өткөн жылдын күз айларында, жапайы куштардын миграциясы маалында Европанын бир нече өлкөлөрүндө H5N8 вирусу катталган эле.

Өткөн жылдын экинчи жарымынан бери Европа жана Азиянын айрым өлкөлөрүндө куш тумоосунун ар кандай түрлөрү катталып жатат. Кээ бир дыйкан чарбаларында тоок, өрдөк же каздар миңдеп жок кылынган. Кытайда болсо вирус жуктуруп алган адамдардын өлүмү да катталган.

23-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бакма же жапайы болобу, канаттуулардын тумоосу тууралуу маалыматтарды өз убагында бөлүшүп турууга үндөп, бул - пандемиянын белгилерин аныктоо үчүн керек деп билдирди. Уюмдун башкы директору Маргарет Чан дүйшөмбү күнү.

- Дүйнө сасык тумоонун кийинки пандемиясына жакшы даярданган, бирок айрым иштер жасалууга тийиш. Бардык өлкөлөрдү куш тумоосуна жана адамга жуккан учурларга жакындан байкоо салууга чакырам. Өткөн жылдын ноябрь айынан бери 40 чакты мамлекет багылган канаттуулар же жапайы куштар арасындагы бул өтө патогендик вирустун пайда болушу жөнүндө кабарлашкан. Анын башка өлкөлөргө тез жайылышы жана бир эле учурда бир нече түрүнүн катталышы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун даяр турууга, олуттуу чара көрүүгө түртүүдө.

Кытайда вирустун H7N9 деген түрү сезондук мүнөзгө ээ болуп келатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир миң учур катталса, анын 39 проценти өлүмгө алып келгенин кошумчалады Чан.

Өткөн жылдын күз айларында, жапайы куштардын миграциясы маалында Европанын бир нече бөлүгүндө - Германия, Австрия, Голландия, Польша, Венгрия, Дания, Хорватия, Францияда H5N8 вирусу катталган эле. Бир катар өлкөлөр ал жерлердеги фермалардын продукциясын импорттоого чектөө киргизген.

Адистердин айтымында, H5N8 штаммы өтө кооптуу болуп эсептелет, себеби аба аркылуу өтө ылдам жайылат, канаттуулар жугузуп алса, сөзсүз өлүмгө алып келет.

Жапониядагы тоок фермасы
Жапониядагы тоок фермасы

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча былтыр декабрда илдеттин H7N9 түрүнө кабылгандардын саны кескин көбөйүп кеткен.

- Акыркы эпидемия 2016-жылы сентябрдын этегинде башталган. Декабрда болсо кескин өсүш байкалган. Түз далилдер азырынча жок болсо да, Саламаттыкты сактоо уюму эки жерде адамдан адамга жугууну жокко чыгара албайт. Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча бардык өлкөлөр адамдардын бул вируска чалдыкканын аныктап, маалымат берип турууга милдеттүү. Эрте сигналдарды көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

Айрым окумуштуулар узакка жер которгон канаттууларга жакындан байкоо салса, вирустун жайылышын алдын ала айтып турса болот дешет. Алар вирусту Азиядан Арктика аркылуу Европага жана Түндүк Америкага кыштоого кеткен куштар ташырын байкашкан.

Тумоонун бул түрү адамга жукпайт дегени менен, 2005-2006-жылдары H5N1 штаммынан жүздөгөн киши көз жумган. Алар илдетке чалдыккан канаттуулар же тиешелүү продукциядан жуктуруп алгандар болчу. Андыктан адистер тоок, өрдөк жана башка жандыктардын этин жакшылап кууруп же бышыруу керектигин белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG