Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:41

Айтылуу Wikileaks сайты АКШнын Борбордук чалгын кызматына таандык деп жоромолдонгон документтердин топтомун жарыялады. Ал документтердин мазмуну жана тактыгы боюнча америкалык расмий өкүлдөр азырынча комментарий берише элек.

Wikileaks сайты маалымдагандай, алардын колуна азыр АКШнын Борбордук чалгын кызматындагы (БЧК) Кибер чалгын борборунун дээрлик 9 000 даана документи тийди.

Документтердин мазмуну интернетте 7-марттан тартып жарыялана баштады.

WikiLeaks'тин ырастоосунда, бул “архив мурда АКШнын өкмөтүнө иштеген хакерлер менен учурдагы келишим менен иштеген кызматкерлердин ортосунда эч көзөмөлсүз эле айланып жүргөн. Архивдин бөлүгү менен Wikileaks'ти ошолордун бири камсыздаган”.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы жашыруун документтеринин шардана кылынышына карата азырынча комментарий бере элек.

Мекеменин басма сөз өкүлү Жонаттан Люнун айтуусунда, алар “документтердин өздүгү же мазмуну тууралуу комментарий беришпейт". Ал эми материалдарды карай баштаган эксперттер жарыяланган материалдар чыныгы документтер экенин айтышууда.

Германиянын өкмөтү, маселен, жарыяланган маалыматтарга олуттуу маани берээрин, АКШнын расмий өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болорун, бирок документтердин түп нускасын алар ырастай албасын белгиледи.

Немис өкмөтүнүн бул ишке ыкчам реакция кылуусунун да өз жөнү бар. Анткени, АКШнын Франкфурт шаарындагы консулдугу, Wikileaks жарыя кылган документтер боюнча, Вашингтондун Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы кибертыңчылыгынын борбору катары көргөзүлгөн.

АКШнын Германиянын Франкфурт шаарындагы башкы консулдугу. 2013-жылы тартылган сүрөт.
АКШнын Германиянын Франкфурт шаарындагы башкы консулдугу. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Бул жоромолго караганда, БЧКнын (ЦРУ) хакерлери Европага АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери катары дипломатиялык паспорттор менен келишкен.

Германиянын чек арачыларына алар АКШнын консулдугуна техникалык жактан колдоо көргөзүшөрүн айтышкан.

Айтор, жарыя кылынган документтер, биринчиден, АКШнын Борбордук чалгын кызматы кибертыңчылыкта колдонуп келген ыкмаларды ачыкка чыгарган.

Экинчиден, атайын кызматтын карамагындагы компьютердик программалар менен вирустар уюлдук телефон, жеке компьютерлер өңдүү электрондук жабдууларга, атүгүл интернетке кошулган акылдуу телевизорлорго чейин кирип, аларды өз ээлерине билгизбестен эле оперативдик маалымат чогултуучу платформага айлантарына ВикиЛикс (WikiLeaks) маалыматы ишара кылууда.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы өзүнүн мындай ыкмаларын конкреттүү кимдир бирөөгө каршы канчалык ийгиликтүү же кеңири колдонгону белгисиз. Бирок баяндамачылар уурдалган документтердин масштабына көңүл бурушууда.

Эгер алардын нукуралыгы далилденсе, бул АКШнын чалгын мекемесинин WikiLeaks сайтынын колуна дагы бир жолу түшүп бериши болот.

Эдвард Сноуден. Москва, 2015-жыл.
Эдвард Сноуден. Москва, 2015-жыл.

Буга чейин 2013-жылы АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин кызматкери Эдвард Сноуден өзү уурдап чыккан жашыруун маалыматтар менен документтерди ушул сайт аркылуу жарыя кылган эле. Сноуден ошол убактан бери Орусияда башпаанек алып жашайт.

Сноудендин окуясына чейин WikiLeaks АКШнын Мамлекеттик департаменти менен элчиликтеринин ортосундагы электрондук кат алмашууларды уурдап жарыялаган.

WikiLeaks былтыркы АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Демократиялык партиянын компьютердик серверлери менен партиянын расмий адамдарынын электрондук даректеринен уурдалган маалыматтарды, каттарды жарыя кылган.

АКШнын чалгын мекемелери Wikileaks'ти Орусиянын коопсуздук кызматтарына байланыштырганы менен, сайттын уюштуруучулары муну четке кагып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG