Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Огайодогу кол салууну ИМ моюнуна алды


Абдул Разак Артан, 2016-жылдын август айында студенттердин "Чырак" гезитине чыккан сүрөт.
Абдул Разак Артан, 2016-жылдын август айында студенттердин "Чырак" гезитине чыккан сүрөт.

28-ноябрда 18 жаштагы сомалилик жигит университеттин кампусунда өзү менен чогуу окуган студенттерге кол салган.

“Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешелүү медиа агенттик Огайо штатындагы университетте бери дегенде 11 кишини жарадар кылган чабуулду “Ислам мамлекетинин жоокери” ишке ашырганын жарыялады.

Экстремисттик топ менен байланышы бар "Амак" маалымат агенттигинин 28-ноябрда тараткан билдирүүсүн башка көз карандысыз булактар тастыктаган жок, ал маалда кол салуу болгон Огайо штатынын полициясы чабуул иликтенип жатканын билдирүүдө.

"Амак" агенттиги террордук уюмга шилтеме берип, университеттеги чабуул «эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн жарандарын бутага алууга чакырыкка жооп» деп билдирди.

Африканын Сомали өлкөсүнөн келген, 18 жаштагы Абдул Разак Али Артан Огайо университетинин кампусунда топтошкон студенттерди машинени катуу айдаган бойдон качырып барып, андан соң бычак менен сайгылап кирген. Үрөй учурган окуянын күбөлөрүнүн бири Артан ар кимге бычак шилтеп жатканда үн чыгарбаганын байкаганын айтат.

Полициянын "бычакты ташта" деген буйругуна баш ийбеген жигитти атууга туура келген. 11 киши ооруканага түштү, алардын арасында бычак тийгендер, машине сүзгөндө жана башка учурда жараат алгандар бар. Бир кишинин абалы оор деп бааланууда.

Окуяны террордук чабуул деп кароого болобу деген журналисттердин суроосуна Колумбус шаарынын полиция башчысы Ким Жейкобс расмий органдар “ошол таризде карап жатканын” айтты.

“Ислам мамлекети” радикал тобу англис тилинде сүйлөгөндөр үчүн бычак жана машине менен кол салуунун майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн макалаларды интернетке жарыялады.

Ошондой эле террордук уюм Батыштагы мусулман эместерге бычак менен кол салууга шыктандырган видеосун 27-ноябрда тараткан.

Университеттеги окуяны иликтегендер Артан террордук топтун интернетке чыгарган соңку материалдарын көргөн-көрбөгөнү белгисиз экенин айтышканы менен, кол салуудан мурун сомалилик жигит Фейсбук баракчасына эгерде Кошмо Штаттар мусулмандардын “жалгыз карышкырдай чабуулун” токтотууну кааласа, анда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун өз жайына койсун деп жазганын таап окушкан.

Конгресстин мүчөсү, Чалгын иштери боюнча комитеттин башчысы Адам Шиффтин билдирүүсүндө «кимдир бирөөнүн жетегинде ишке ашкан террордук чабуулдун бардык белгилери байкалат, балким өз алдынча да радикалдашкан болушу мүмкүн» деп айтылат.

Огайо университетинде чыккан «Чырак» гезитти августтагы санында жарык көргөн Артан менен маекти веб-сайтына койду. Анда логистикалык менеджмент боюнча студент Огайодогу башка университеттен Огайо штатынын универститетине которулганын айтып берген.

Маекте ал университеттин кампусунда намаз окуудан корунарын, маалымат каражаттары чагылдырган мусулмандын терс образынан кийин аны көргөндөр туура эмес түшүнүп калат деп чочуларын” айткан.

“Бул кең жерде кайда намаз окушту да билбейм” деген келгин жигит “мусулмандын намаз окуп жатканын элдер көрсө эмне деген ойдо болушарын, же эмне болуп кетерин билген жокмун... Бирок менин колуман келди... Бир бурчка бардым дагы намаз окудум...” деп өз окуясын айтып берген.

Артан Пакистандан АКШга 2014-жылы көчүп барган. Ага чейин жети жылдай Пакистанда качкын болуп жашаган. Америкада туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин өзү кол салган студенттер менен бирге окуган. 18 жаштагы жигит социалдык сайттарда Америкада мусулмандар басым-кысымга дуушар болуп жатканы тууралуу жазып калчу экен.

Окуя болгон Колумбус шаарындагы Огайо штатынын алдыңкы университети саналган жерде 60 миңге чукул студент бар.

XS
SM
MD
LG