Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

CPJ: Медиага каршы репрессивдүү ыкма күчөдү


Сөз эркиндигинин абалы боюнча жаңы баяндама.
Сөз эркиндигинин абалы боюнча жаңы баяндама.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” маалымат айдыңындагы жаңы технологиялар цензураны азайтканы менен, ошол эле кезде репрессивдик бийликтердин куралына айланганын, дүйнө жүзүндө абакка түшкөн жана өмүрүнөн айрылган журналисттердин саны өсүп баратканын эскертти.

“Дүйнөнүн көп жеринде зордук-зомбулук, репрессия. Ошондуктан журналисттер үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй коркунучтуу жана кандуу кез келди” – деп белгиледи “Журналисттерди коргоо комитетинин” аткаруучу директору Жоэл Саймон уюмдун жаңы жарыяланган баяндамасынын бет ачарында.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун маалыматында өткөн жылы 259 журналист абакка түшкөн. Бул 1990-жылдан берки жогорку көрсөткүч. Соңку беш жылда дүйнөдө 332 журналист өлтүрүлгөнү буга чейинки 28 жыл ичинде болбогон көрсөткүч деп белгиленет.

“Журналисттерди коргоо комитетинин” аткаруучу директору Жоэл Саймон
“Журналисттерди коргоо комитетинин” аткаруучу директору Жоэл Саймон

“Акыркы беш жылдагы сандарга назар салсаңыз соңку 10 жылда чындыгында секирик болгонун көрдүк” деген Саймон “1990-жылдардын аягы 2000-жылдардын башында киши колдуу болгон журналисттердин саны орточо алганда 1920-1930-1940-жылдарга туура келген. Бирок өткөн 10 жылдагы көрсөткүчтөр 1950, алтургай 1970-жылдарга туура келерин” айтат.

“Бийликтер маалыматтын күчүн сезгендиктен, сөз эркиндигине тикелей чабуул коюп, журналисттерди ооздуктоо үчүн маалыматты башкарууга, көзөмөлдөөгө жана өз кызыкчылыгына пайдаланууга жол берүүдө” - деген комитеттин өкүлү дүйнөдөгү репрессивдик мамлекеттер медианын оозун жабуу үчүн убактысын да, акчасын да аябай турганын белгилейт.

25-апрелде жарыяланган докладда Саймон репрессивдүү бийликтер жаңы технологияларды өз куралына айлантканын белгилейт. Комитеттин маалыматында социалдык сайттар жайылып, смартфондор элдин колуна кеңири тийгени менен демократиялык эмес режимдер жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге каршы чараларды активдештиргени айтылат.

Жаңы технологиялардын заманында журналисттердин колу узарып, бул цензураны азайтып, маалымат каражаттарынын оозун жабууну татаалдантканы менен бийликтер андай технологияларды медиага каршы колдонуп жатканы белгиленет.

“Журналисттерди коргоо комитети” мамлекет көзөмөл кылган медиа уюмдары, маалымат каражаттары пропаганда менен жалган маалыматты колдонуп жатканына дагы көңүл бурат.

“Эгерде сиз чуулгандуу нерсе алып чыксаңыз, анда адамдардын назарына түшүп, ошол маалыматка көңүл бурдура аласыз” - деген Саймон “бийликтер дал ушул стратегияны колдоно баштагынын” баса белгилейт.

Журналисттердин укугун коргогон уюмдун баяндамасында пропаганда менен чындыкка коошпогон жаңылыктар “дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун адамдардын глобалдык окуяларды кандайча түшүнүп кабылдап жактанына таасир этээрине” токтолот.

“Журналисттерди коргоо комитетинин” баяндамасы “цензуранын жаңы табияты бүдөмүк жана ага байланыштуу маселелер орчундуу” деген тыянакка келет. Эркин маалымат каражаттарынын душмандары “жаңы глобалдык маалымат системасына бардык деңгээлде сокку уруп жатканын”, медиа каражаттарын журналисттерди опузалоо менен ооздуктоого, ошол эле маалда ар кандай платформаларды көзөмөлдөп, “атайылап жалган маалымат таратып, ошол эле маалда сынчыл көз карашты коомчулукка жеткирбөөнү көздөйт" деп айтылат баяндамада.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG