Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:03

Компьютер адисинин капчыгы калың


Kомпьютердик инженерлердин биринчи жылдык төлөмү орто эсеп менен 165 миӊ АКШ долларына барабар.
Kомпьютердик инженерлердин биринчи жылдык төлөмү орто эсеп менен 165 миӊ АКШ долларына барабар.

Американын электрондук технологияларынын “бешиги” болгон Силикон өрөөнүндө таланттуу жаш инженерлердин айлык маянасы 165 миң доллардан башталат.

Ал эми Твиттер социалдык тармагынын вице-президенти Кристофер Фрайдын жылдык маянасы 10,3 миллион доллар болду.

2013-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча Американын электрондук товарларды өндүргөн Силикон өрөөнүндө дүйнөдө эң жогорку баштапкы маяна акы катталды. Бул жакта жаңы ишке кирген компьютердик инженерлердин биринчи жылдык төлөмү орто эсеп менен 165 миң долларга барабар. Бул айлыкка кошумча алар Java сыяктуу программаларда жаңы алгоритмдерди жасаганы үчүн ар бир алгоритмге кошумча 100 миң доллардан бонус алып турушат деп билдирет The Business Insider басылмасы.

Твиттер компаниясынын кызматкери
Твиттер компаниясынын кызматкери

Jobspring Silicon Valley ширкетинин өкүлү Скотт Парселлдин айтымында, мындай жогорку айлык 2013-жылы жаңы ишке киришкен 300 инженерге төлөнө баштаган. Иш тажрыйбасына жараша бул айлыкка жыл сайын 50 миңден 77 миң долларга чейин кошулуп турат.

Дүйнөдөгү эң көп маяна алгандардын башкы тизмесинде да компьютердик инженерия тармагындагылар турушат. Маселен Forbes журналынын эң көп айлык алгандарынын тизмесиндеги экинчи сапта Hewlett-Packard компаниясынын президенти Марк Хард орун алган. Анын жалпы бир жылдык маянасы 2011-жылдагы эсептөө боюнча 51 миллион 697 миң 623 доллар болгон.

Discovery Communications компаниясынын башкаруучусу Дэвид Зацлав 52 миллион 404 миң 119 доллар менен ээлеген. Apple Inc компаниясынын вице-президенти Эдуардо Кьюунун 2011-жылдагы айлыгы 52 миллион 952 миң 975 доллар менен Дэвид Зацлавды артка таштаган.

Ал эми Кыргызстандачы?

Кыргызстанда маалымат технологиясы багытында иштеген инженерлердин маянасын Силикон өрөөнүндөгүлөргө салыштырып болбой турганын, ал жактагы жашоо да маянага жараша кымбат болорун айткан “Кыргызтелеком” компаниясынын компьютер-инженери Мырза Шадыбеков биздеги компьютерчилердин эмгек акысы орточо айлыктан кыйла жогору деди:

- Биздеги инженерлердин айлыгы Американын Силикон өрөөнүндөгүдөй болбосо деле шүгүр. Мисалы, орточо эсеп менен 30-40 миң сомдун тегерегинде алышат. Силикон өрөөнүндө болсо канткен менен жашоо кымбатыраак эмеспи. Кыргызстандагы техниктердин айлыгы жакшы эле. Маалымат технологиялары менен иштеген жигиттерибиздин арты 20 миӊ, алды 70-80 миӊ сомго чейин маяна алып жүрүшөт.

Жакында эле эл аралык Glassdoor аналитикалык компаниясы эмгек акысы жана жумуш шарты эң мыкты деген дүйнөдөгү 25 компаниянын тизмесин чыгарды. Кызыгы бул тизменин жарымынан көбүнө маалымат технологиясы жаатындагылар кирген. Алардын башында Твиттер, Линкедин, Фейсбук жана Гугл турат.

Компьютердик инженериядан тышкары дүйнөдөгү эң кирешелүү кесип – спорт чеберлерине таандык болду. Америкалык боксчу Флойд Мейвезердин жылдык кирешеси 105 миллион доллар, португалиялык футболчу Криштиану Роналдонуку 80 миллион доллар болгон. Роналдого мындан тышкары Nike, Samsung компаниялары жылына 28 миллион доллардан төлөп турушат. Forbes журналынын эӊ көп кирешелүү спортчулар тизмесинде Лионел Месси, Кобе Брайант, Тайгер Вудс да бар. Алардын кирешелери 50 миллиондон 70 миллионго чейин болуп, айрым ири компаниялардын жылдык кирешесинен бир нече эсе жогору.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG