Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Гугл океан түбүндөгү жашоону көргөзөт


Деңиз түбүндөгү коралл рифтери.
Деңиз түбүндөгү коралл рифтери.

Интернеттеги Гугл карталары аркылуу эми суунун алдындагы жашоону көрө алабыз.

Стэнфорд университетинин окумуштуулары начар уктаган адамдар жакшы уктагандарга караганда бир жарым эсе көбүрөөк өз жанын кыйганга умтулушарын аныкташты. "Биовигил" компаниясы дарыгерлерге колду жууганды эскертип туруучу жаңы аспап чыгарды. Роботтор Бах, Моцарттай эле мыкты композицияларды жазып башташат.

Аз уктагандар жанынан кечеби?

"Өз маалында жатып, жетиштүү уктагандарга караганда, уйкусу канбагандардын арасында жашоодон кечкендер көбүрөөк учурайт", - дейт Стэнфорд университетинин изилдөөлөрү. Аталган университеттин медицина бөлүмү 65 жаштан өтүп калган 14 миң 456 адамга изилдөө жүргүзүп, начар уктагандар жакшы уктагандарга караганда бир жарым эсе көбүрөөк өз жанын кыйганга бараарын аныкташкан.

Депрессия - күчтүү фактор, аны менен начар уктоо бириккенде, суицидге жеткирген эң күчтүү себепке айланат экен.

“Суициддин алдын алса болот, бирок алдын алуу усулдары абдан эле аз”,- дейт изилдөөнүн жетекчиси Ребекка Бернерд. Уйку качууну (инсомния) дарылоо, суициддик маанайды канчалык деңгээлде азайтаары азыр изилденүүдө.

Дарыгерлерге колду жууганды эскертип турган аспап чыкты

Дарыгерлер ооруларды айыктырып эле эмес, кайра аны жуктуруп да коюшат. Алар убактысын эртеден кечке ооруканада, ар кандай бейтаптар менен өткөргөндүктөн, колдоруна ар кандай бактерия, микробдор жабышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Америкада медициналык кызматкерлердин элүү пайызы колдорун талап кылынгандай бат-баттан жуушпайт экен. Ушундан улам "Биовигил" компаниясы дарыгерлер үчүн атайын эскертүүчү аппарат чыгарды. Бейтап бөлмөгө кирген кезде аспап сары жарыкты күйгүзүп, дарыгерге колду жууш керектигин эскертет. Эгер колун жуубай койсо, кызыл жарык күйүп чырылдап, дарыгер кир колу менен оорулууну кармаганы жаткандыгын эскертип, уяткарат. Дарыгер колун жууп, спирт менен тазалап, аспапка жакындаткандан кийин гана ал чаңырган үнүн басып, жашыл жарык күйөт.

Компьютер музыка жаза баштайт

Париж менен АКШдагы компьютер инженерлери музыка ойлоп табуунун алгоритмдерин жазып жатышат. Бул программалар менен компьютерлер, роботтор Бах, Моцарт сыяктуу улуу композиторлордукундай эле оригиналдуу музыкалык чыгарма жаза баштайт. Бирок адамдар тарабынан жазылбаган мындай чыгармалар искусство болуп эсептелинеби же жокпу деген суроо коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Мындай мүмкүнчүлүктү коммерциялык жайлар жакшы колдонот деп боолгошууда. Мисалы, адамдардын аягы үзүлбөгөн чон дүкөндөрдө, үзгүлтүксүз, бири-бирине окшобогон музыка ойноп турат. Ошондой эле балдардын ыйлаган үнүн укса, роботтор аларды сооротуучу бешик ыргактарын созуп турушу мүмкүн.

“Бул чоң кадам. Бирок компьютерлештирилген композициялар музыканын табиятына, искусствого, сезимдерге, деги эле адамзатка байланышкан бир топ суроолорду көтөрүп чыгат” деп жазат "Атлантик" журналы.

Деңиз алдындагы жашоо сүрөттө

Эми Интернетеги Гугл сайты аркылуу Жердеги каалаган өлкөнүн, шаарлардын, көчөлөрдүн, талаа-түздүн картасын, спутник аркылуу тартылган сүрөттөрүн эле эмес, эми деңиз, же мухит алдындагы жашоону да көрө алабыз. Окумуштуулар биригип, азырынча деңиз алдындагы жогорку сапатта тартылган 400 миңден ашык сүрөттү чогултушту. Бул жумада АКШ өкмөтүнүн окумуштуулары, мурдагылардан жыйырма эсе күчтүү фотокамералар менен Флорида-Кис деңизинин түбүнө сүзүп, суу алдындагы жашоону сүрөткө тартышат. Гугл компаниясы менен Catlin Seaview Survey сайтынын бул биргелешкен долбоору адамдардын дүйнөнү баалоо сезимдерин өстүрөт деп үмүттөнүшөт. Жана дагы долбоордун башка маанилүү максаты - бул изилдөө жүргүзүү жана суу алдындагы жашоону коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG