Балх чөлкөмүнүн мурдагы губернатору, бир кездери талаа командири болгон улуту тажик Атта Мохаммад Нурга жан тарткан күчтөр менен президенттин полиция башчысынын айланасындагы араздашуусунун арты ок атышуу менен аяктады.
Мазари-Шариф шаарынын оорукана өкүлдөрү кеминде 13 киши жараат алып түшкөнүн, сегизи полициячылар, калган бешөө жөн-жай адамдар экенин билдиришти. Бирок ким тараптагы тартип коргоочулар жабыркаганын догдурлар такташкан жок.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы маалымдагандай, кармаш 14-мартта Ички иштер министрлигинин күчтөрү полициянын жаңы жетекчиси Абдул Ракиб Мобарезди иш кеңсесине коштоп баратканда башталган.
Президент Ашраф Ганинин буйругу менен бул кызматка дайындалган Мобарез ошол эле күнү эртең менен шаар аэропортуна барып конгон. Бирок Нурга лоялдуу жергиликтүү полициячылар анын жолун торошкон. Кеңсесине жеткенден кийин тартип коргоочулардын жаңы башчысы кызматына расмий киришкенин билдирди.
Мобарез ички мекеменин полициясы Мазари-Шарифтеги коопуздукту камсыздап турушканын кошумчалап, курал колдонгондорго каршы чара көрөөрүн эскертти.
“Азаттыктын” кабарчысы бул жарыядан кийин да калаада улам бир жерде маал-маалы менен ок атышуунун добушу угулуп жатканын маалымдады.
Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими Мазари Шарифте “25 чакты куралчан киши” кармалганын бейшембинин кечинде билдирди.
Балх провинциясынын мурдагы губернатору Нур чөлкөмүнүн полициясын жетектөөгө өз талапкерин коюуну көздөгөнүн, президент ага уруксат бергенин айтып келет.
Президенттикке күчтүү талапкерлердин бири Мохаммад Ханиф Атмар шаарга ички иштер аскерлерин жөнөтүүнү “мыйзамсыз кадам” деп атап, бул операция менен президент Гани шайлоо алдында анын жактоочуларын бийликтеги кызматтардан алууну көздөйт деп сындады.
- Тынч жол менен чечилчү маселеде ушинтип күч колдонушууда. Баарыбыз мындай аракетти айыптайбыз. Эл аралык өнөктөштөрүбүз өкмөттөн зомбулукту токтотууну, бул кырдаалды конструктивдүү диалог аркылуу жөнгө салууну талап кылышат деп күтөбүз.
Нур Атмардын талапкерлигин колдорун айтып келет.
АКШнын Ооганстандагы элчиси Жон Басс Нур менен Ганини ынтымакка чакырып, “коопсуздук күчтөрү саясий талаштан улам бири-бири менен кармашууга эмес, ооган элин коргоого тийиш” деп "Твиттерге" жазды.
Президенттик шайлоо Ооганстанда 20-июлга белгиленген.