Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ооганстан АКШдан кошумча аскер күтөт


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстан "Талибан" кыймылы жана “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн америкалык контингенттин көбөйүшүн каалайт.

Бул тууралуу ооган тышкы иштер министри Салахуддин Раббани 21-мартта билдирди. Бир айдай мурун АКШ аскерлеринин Ооганстандагы операцияларын жетектеген генерал Жон Николсон талип согушкерлерине каршы күрөштөгү туңгуюктан чыгуу үчүн кошумча аскер жөнөтүү керектигин айткан.

Раббани генерал Жон Николсондун Ооганстанга америкалык же коалициянын башка өлкөлөрүнөн дагы миңдеген аскер жөнөтүү сунушун кубаттады.

9-февралда АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин кол башчысы Николсон Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинде Орусия талиптерге ачык жана тымызын колдоосун күчөткөнүн, муну менен АКШ жана НАТОнун аракеттерине көлөкө түшүрүүнү көздөрүн айткан.

Бир нече күн мурун Кабулдагы аскерий госпиталга кандуу кол салууну мисал келтирип, Раббани Ооганстан армиядагы кемчиликтерди жоюу, жердеги жана абадан операцияларды жүргүзүү, чалгынчылардын ишинин кубатын арттыруу үчүн Кошмо Штаттардын жардамына муктаж деп билдирди.

"АКШнын жаңы администрациясы колдоосун уланта берет деп ишенебиз, биз туш болуп жаткан коопсуздук маселелерин эске алганда генералдын чакырыгы өтө туура", - деди ооган тышкы иштер министри “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы чараларды талкуулаган Вашингтон жыйыны алдында.

Салахуддин Раббани.
Салахуддин Раббани.

Раббани Орусия 12 өлкөнүн катышуусунда Ооганстан боюнча конференция уюштурууну көздөп жатканын айтып, ага АКШнын өкүлдөрү да чакырылганын, бирок алардын катышар-катышпасынан кабардар эместигин кошумчалады. Мамлекеттик департамент бул боюнча чечим кабыл ала элек деп маалымдалды.

Министрдин айтымында, Москва менен Тегеран "Талибанды" сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуу аракетинде алар менен байланышып жатканына ишендирип, согушкерлерге жардам көргөзүүдө деген маалыматты четке кагышууда.

2014-жылы Түндүк альянстын аскерлери чыгарылгандан кийин ооган жергесинде америкалык 8400 жоокер калган. Алар негизинен ооган армиясын машыктыруу менен алектенишет.

Бирок ошондон бери Кабул өкмөтүнө каршы күрөшкөн жоочулар улам бир аймакты өз көзөмөлүнө алууда.

Николсон ооган күчтөрү чоң жоготууларга учурап, талиптерге толук кандуу туруштук бере албай жатышканын, муну менен катар армиядагы паракорлук, жетекчиликтеги проблемалар кедергесин тийгизип келатканын белгилеген. Туңгуюктан чыгуу үчүн кошумча чет өлкөлүк контингентти жөнөтүү керектигин айткан.

Ооганстан.
Ооганстан.

Өзгөчө оор абал согушкерлер аймагынын ири бөлүгүн алууга жетишкен Гилменд провинциясында түзүлгөн. Жергиликтүү жетекчиликтин маалыматы боюнча Талибан ушу тапта апийимдин ири өндүрүүчүсү катары белгилүү чөлкөмдүн 85 процентин көзөмөлдөйт. Былтыр ушул маалда алар 20 процентин гана кармап турушкан.

Жыл башында америкалык деңиз күчтөрүнүн 300 жоокери ооган коопсуздук аскерлерин машыктыруу жана кеңеш берип туруу үчүн Гилмендге жөнөтүлөрү расмий кабарланган.

9-мартта АКШ Башкы штабынын командачысы генерал Жозеф Воутел Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетиндеги угууларда Ооганстан боюнча жаңы стратегия иштелип жатканын айткан:

- Ооба, биз жаңы стратегияны өнүктүрүп, маселени коргоо министри менен талкуулап жатабыз. Мен жана генерал Жон Николсон кеңеш-сунуштарыбызды чогултуп, министрге тапшырмакчыбыз. Бул маселеде жылыш болот деп ишенебиз. Менимче, керектүү кеңеш, миссиябызга эффективдүү жардам берүү үчүн кошумча күчтөр талап кылынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG