Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Бангладеште "ИМ" тобунун кол салуусунан 20 киши өлдү


Дакка, Бангладеш
Дакка, Бангладеш

1-июлда кечке жуук Бангладештин борбору Дакка шаарында бир нече куралчан адам дипломаттар жана чет өлкөлүк адистер жашаган райондо кафеге чабуул койгон.

Күч түзүмдөрүнүн билдиришинче, аларды жума күнү кечинде белгисиз адамдар курч учтуу курал менен өлтүрүшкөн. Полициянын бүгүн барымтадагыларды бошотуу операциясы учурунда 13 киши бошотулуп, алты экстремист жок кылынган. Куткарылгандар арасында төрт чет элдик жаран бар. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алган.

Буга чейин Италиянын элчилиги барымтадагылардын арасында бул өлкөнүн жети жараны бар экенин билдирген. Мындан тышкары ал жерде Жапониянын жана Индиянын жарандары болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Жоочулар менен атышууда эки полициячы мерт болгон.

Теракт болгон кафенин үстүңкү кабатынан тартылган сүрөт. Сүрөттөрдү "Азаттыкка" Бангладеште жашаган мекендешибиз жөнөттү.

XS
SM
MD
LG