Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Бразилиянын экс-президенти соттолду


Бразилиянын мурдагы президенти Луис Лула да Силва.
Бразилиянын мурдагы президенти Луис Лула да Силва.

Бразилиянын мурдагы президенти Луис Лула да Силва тогуз жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал 2003-2010-жылдары өлкөнү башкарып турганда коррупцияга аралашкан жана арам акчаны адалдаган деп айыпталган.

72 жаштагы Лула да Силва өз кызматынан пайдаланып, 3,7 млн реал же 1,1 миллион доллардык батирди белекке алган деп айыпталууда.

Экс-президентке мындай “белекти” мамлекеттик Petrobras мунай-газ ишканасына караштуу курулуш компаниясы берген деп тергөө ырастап жатат. Сот өкүмүнө ылайык, 9,5 жылга кесилген Лула да Силва жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин да сегиз жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлей албайт.

Да Силванын адвокаттары соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

Түштүк Америкадагы бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, өкүм экинчи баскычтагы сотто бекитилгенде гана күчүнө кирет. Ага чейин кылмышка шектүү камакка алынбайт. Мурдагы президент өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну саясий каршылаштары ойлоп тапты деп ырастоодо.

Судья Сержио Моронун 12-июлда чыгарган бул чечими бразилиялыктарды экиге бөлдү. Айрымдары сот чечимин колдосо, башкалары аны адилетсиз деп атады:

- Менимче, судья Сержио Моро абдан акылдуу адам жана ал туура чечим кабыл алды. Сиз канчалык чоң даражадагы адам экениңиз маанилүү эмес. Биз үчүн мыйзам биринчи орунда. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Эгер Лула туура эмес кадамга барса, ал кылмышы үчүн жооп бериши керек, - деп Рио-де-Жанейро шаарынын бир тургуну айтса, башкасы:

- Мен судья Сержио Моронун адилеттүү экенине ишенбейм. Ал саясий партиялардын айтканын угуп, эч кандай далилдерге карабайт, - дейт.

Ал арада Да Силвага чыккан сот өкүмүнүн саясий жүйөсү бар деп санаган жактоочулары Сан-Паулу шаарында нааразылык демонстрациясына да чыгышты.

Лула да Силванын тарапташтары.
Лула да Силванын тарапташтары.

2003-жылдан 2010-жылга чейин эки мөөнөт катары менен өлкөнү башкарган Лула да Силва өз учурунда абдан таасирдүү фигура эле. Ал президенттиктен кетип жатканда эл арасындагы рейтинги 83 пайызды түзгөн. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама да Силваны "дүйнөдөгү эң популярдуу саясатчы" деп атаган жайы бар.

Да Силвадан кийин президентикке анын партиялашы Дилма Русеф келген. Көп өтпөй Русеф да, Да Силва да коррупцияга аралашты деп шектелишкен.

2014-жылы Бразилиянын прокуратурасы Petrobras мунай компаниясынын айланасындагы коррупциялык схема боюнча иликтөө баштаган.

Иликтөөнүн алкагында бир нече кылмыш иши ачылып, ага ондогон ири ишкерлер жана бийликтеги Жумушчулар партиясынын өкүлдөрү аралашканы ачыкка чыккан.

2016-жылдын март айында аталган иштин алкагында Да Силва кыска мөөнөткө камакка алынган. Бирок ошол кездеги президент Дилма Русеф аны өз администрациясынын башчылыгына дайындай коюп, да Силва кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калган. Өткөн жылдын август айында Русефге импичмент жарыяланып, ал президенттиктен кетүүгө аргасыз болду.

Бразилиянын мурдагы президенттери Дилма Русеф жана Лула да Силва.
Бразилиянын мурдагы президенттери Дилма Русеф жана Лула да Силва.

Дилма Русеф саясий үзөңгүлөшүнө чыккан сот чечимин адилетсиз деп баалады. Экс-президент бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды:

- Эч кандай далилсиз Луис Инасиу Лула да Силваны тогуз жарым жылга эркинен ажыратуу бул аны ары кемсинтүү, ары шылдыңдоо. Бул Бразилияны уят кылган юридикалык абсурд. Лула да Силва күнөөлүү эмес жана бул өкүм демократияны жарадар кылууда.

Сурамжылоого ылайык, 72 жаштагы Лула да Силванын дале болсо эл арасындагы таасири бар. Datafolha институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, ал эгер азыр өз талапкерлигин президенттикке койсо ага калктын 30 пайызы добуш берүүгө даяр. Лула да Силва өзү да буга чейин 2018-жылы президенттикке аттанууга ниети бардыгын билдирген. Бирок азыркы сот иштери ага талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк бербейт.

Да Силванын иши Бразилияда катталган жалгыз иш эмес. Русефтен кийин өлкө башчылыгына келген Мишел Темер баштаган бир нече жетекчилер, парламент депутаттары миллиондогон доллар пара алды деп шектелип келет.

Мишел Темер
Мишел Темер

Бир ай мурда Бразилиянын федералдык прокурору өлкөнүн азыркы президенти Мишел Темерди пара алды деп айыптаган. Материалдар өлкөнүн Жогорку Сотуна жөнөтүлгөн. Темер өзү күнөөсүз экенин айтып келет.

Бразилия соңку он жыл ичинде эң оор кризисти баштан кечирип жатат. Саясий жана экономикалык каатчылык өлкө боюнча нааразылык акциялары менен коштолуп, айрым учурда полиция менен кагылышууга чейин жетүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG