Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:39

АКШнын чечими өнөктөштөрүнө жакпады


Германияда өндүрүлгөн болот. 9-март, 2018-жыл.

АКШнын өлкөгө сырттан импорттолгон болотко жана алюминийге жаңы бажы салыгын киргизгени соода өнөктөштөрүнүн кескин нааразылыгын жаратты. Алар мурда болжолдонгондой “соода согушун” дароо баштабаса да, Вашингтондун чечимин Дүйнөлүк соода уюмунун кароосуна коерун билдиришти.

Кошмо Штаттарга сырттан ташылган болот менен алюминийге жаңы бажы салыгын киргизүүнү караган чечимге президент Дональд Трамп 8-мартта кол койду. Ал мындай чараны “улуттук коопсуздукту” коргоо аргасы деп түшүндүрдү:

- Бул экономиканын эле эмес, коопсуздуктун да кыйрашы. Чечим узактан бери келе жаткан көйгөйдү оңдоо үчүн кабыл алынды. Кемени, учакты, аскерий жабдууларыбызды өзүбүз өндүргөн болоттон, алюминийден жасагыбыз келет. АКШнын улуттук коопсуздугун коргоо үчүн четтен келген болотко 25%, алюминийге 10% тариф киргиздик. Бизге соодада жана аскерий иштерде жаман мамиле кылгандардын көбү - кайра эле биздин өнөктөштөр. Андыктан, биз жөн гана адилеттикти каалайбыз, - деди Трамп.

АКШ жаңы тарифти белгисиз мөөнөткө киргизди, бирок ал коңшулары Канада менен Мексикага азырынча жайылтылбай турган болду.

Президент Дональд Трамп болот менен алюминийге бажы салыгын киргизүү чечимине кол коюп жатат. Вашингтон, 8-март, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп болот менен алюминийге бажы салыгын киргизүү чечимине кол коюп жатат. Вашингтон, 8-март, 2018-жыл.

Администрация өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, аталган эки өлкө болот менен алюминийди Вашингтон Түндүк Америкадагы эркин соода келишими - НАФТА (NAFTA) боюнча сүйлөшүү шарттарын аныктамайынча мурдагыдай эле тартипте алып турат.

АКШ бийлиги тариф киргизүүгө камынып жатканын соода өнөктөштөрү сынга алууда. Буга чейин мындай кадамдын аягы “соода согушуна” алып барат деген кооптонуулар да айтылган.

Эл аралык Валюта корунун башчысы Кристин Лагард ыктымал “соода согушу” глобалдык экономиканын өсүшү үчүн “коркунучтуу” кесепеттерге алып келерин эскерткен.

Жооп чара катары АКШга азырынча эч ким “соода согушун” баштай элек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00
Түз линк

Бирок АКШга “атаандаш” Кытай, өнөктөш Евробиримдик да Вашингтондун "болот менен алюминийге бажы тарифи улуттук коопсуздукту коргоо үчүн киргизилди" деген жүйөсүнө ишенген жок. Алар муну шылтоо иретинде кабыл алышты.

Бээжинден, Брюсселден, Токио менен Сеулдан да АКШ чечими боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуу жолдонот деген билдирүүлөр болду.

Сесилия Малмстром
Сесилия Малмстром

Евробиримдиктин башында тургандар эгер АКШга кире албаган болот алардын базарын көздөй агылса, буга каршы чара көрүүгө аргасыз болорун айтышууда:

- Биз түшүнгөндөн АКШнын жүйөсү улуттук коопсуздук эмес, экономикалык коопсуздуктун жашыруун чарасы. Бул Евробиримдик Дүйнөлүк соода уюмдун келишимдерин колдоно алат дегенди билдирет. Уюмдун процедуралары абдан маанилүү, бирок буга убакыт кетет. Андыктан, биз башка ыкчам чараларды да караштырып, базарыбызды коргоо үчүн экинчи багыт боюнча да даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Анткени, өндүрүлгөн болоттун ири көлөмү Европага карай бурулушу мүмкүн, - деди Евробиримдиктин Соода комиссары Сесилия Малмстром Брюсселден.

Дүйнөдө акыркы жылдары болот өндүрүүнүн көлөмү да, өндүрүш кубаттуулугу да суроо-талаптын чегинен ашып кеткен. Бул көбүнесе Кытайдын эсебинен болгон. Ашыкча өндүрүш кубаттуулугунан жана продукциядан улам Кытай өз товарын демпинг жолу менен арзандатууга да барат.

Дүйнөлүк Болот ассоциациясы деген уюмдун эсебинде, былтыр дүйнөдө өндүрүлгөн 1 миллиард 690 миллион тонна болоттун 49% же 830 миллион тоннасы Кытайдын үлүшүнө туура келген.

Кытайдын Хэбэй провинциясындагы болот өндүргөн ишкана. 2017-жылкы сүрөт.
Кытайдын Хэбэй провинциясындагы болот өндүргөн ишкана. 2017-жылкы сүрөт.

Өндүрүш көлөмү жагынан 170 миллионго жакын тонна болот өндүргөн Евробиримдик, андан кийин Жапония, Индия, АКШ турат.

Бешинчи орундагы АКШнын өндүрүштөгү үлүшү Кытайга караганда он эсе аз, 80 миллион тоннанын тегерегинде.

СNN телеканалынан айтылган маалыматка караганда, АКШ былтыр сырттан 29 миллиард долларга болот импорттогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG