Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Обама менен Эрдогандын ою бир жерден чыкты


Сириядагы кандуу булоонду токтотуу Ак үйдө талкууланган маселелердин эң негизгиси болду.

Кошмо Штаттар жана Түркия Сириядагы режимди кулатуу үчүн Башар Асаддын режимине кысымды күчөтө беришет. Бул жөнүндө АКШ президенти Барак Обама жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Ак үйдөгү сүйлөшүүдө макулдашты. Сирияда эки жылдан ашуун убактан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотуу бейшемби күнкү кездешүүдөгү талкууланган маселелердин эң негизгиси болду.

Вашингтондогу кездешүүнү улай кабарчылар менен болгон жолугушууда Барак Обама бир күнү Сирия “Асаддын зулум режиминен эркин болоорун”, бирок ага жеткенге дейре көп кыйынчылыктар бардыгын баса белгиледи:

- Сириядагыдай өтө коогалаңдуу жана катаал кырдаалды жөндөөнүн сыйкырдуу формуласы жок. Эгер андай болчу болсо, премьер-министр жана мен аны эбак пайдаланып, жагдай жөнгө салынмак. Ырас, биз эл аралык кысымды ырааттуу күчөтүүбүз жана оппозицияны бекемдөөбүз керек.

Президент Обама ошондой эле Сирия боюнча июнь айында Женевада болчу конференция ийгиликтүү өтөт деп, түз айткандан айбыгып, этият сүйлөдү. Бул жыйын Сирияда эки жылдан ашык убакыттан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотконго салым кошот жана саясий бийликтин алмашуусуна өбөлгө түзөт деп боолгонууда. Сирия оппозициясы ич ара согушта набыт болгондордун саны 100 миңге жетип калганын айтууда.

Женевадагы сүйлөшүүгө Орусиянын, Сирия өкмөтүнүн жана Сирия оппозициясынын өкүлдөрү катышат. Көпчүлүк серепчилер Орусиянын Сириядагы саясий бийликтин алмашуусун колдоосу согуштуу токтотуу үчүн маанилүү дешет. Анткени Москва Башар Асаддын ишенимдүү союздашы деп эсептелет. Бирок Орусия АКШнын каршылыгына карабай, конференцияга Иран да катышсын деген көз карашта.

Премьер-министр Эрдоган өз сөзүндө Асаддын бийликтен кетип, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылышы үчүн ага кысымды уланта берерин айтты:

-Адамдардын өлүмүн болтурбоонун жана Сириянын демократиялык системага өтүүсүн камсыздоо жолдорун иштеп чыгууну тездетүү үчүн өзүм жана тышкы иштер министрим бөлөк өлкөлөргө дагы барабыз. Биздин максат Сириядагы зулумдукту жок кылуу жана аны демократияга алмаштыруу. Демократияга ишенүү бардык өлкөлөрдүн парзы жана биз баарыбыз анын үстүнөн иштегенди улантабыз деп ойлойм.

Премьер-министр Эрдоган Вашингтонго келээрден бир нече күн мурда Түркиянын Сирияга чектеш аймактагы Рейханлы шаарында эки автомобилге коюлган бомба удаа жарылып, андан 46 киши көз жумган, 150дөн ашуун киши жараат алган. Анкара жардыруулар үчүн Сириянын коопсуздук кызматтарын күнөөлөгөн. Он миңдеген сириялык качкындар жана чек ара аймактарындагы кооптуу кырдаал Түркиянын экономикасына тескери таасир этүүдө.

Эрдоган менен болгон кездешүүдө Сирия оппозициясына саясий колдоону күчөтүү жана алардын уруш майданындагы мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жагы да талкууланган.

- Кошмо Штаттар кеңири масшатабда аракеттенүүдө,- деди президент Обама. - Мен дипломатиялык жана аскерий жактан кошумча чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароодомун. Анткени Сириядагы химиялык куралдар биздин, союздаштарыбыздын, досторубуздун жана коңшуларыбыздын узак мөөнөттүк коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Эрдоган менен Обаманын Ак үйдөгү кездешүүсүнөн кийин АКШнын финансы министрлиги Сириянын маратаблуу төрт расмий адамына жана эки компаниясына санкция жарыялады.

XS
SM
MD
LG