Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Европадагы ызгаар качкындарды кыйнады


Балкан менен Чыгыш Европанын айрым аймактарында калың кар менен суук аба ырайы ондогон кишинин өмүрүн алып кетти. Бир топ жерлерде электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, элдин эки жакка каттоосу кыйындады. Суук өзгөчө мигранттардын ансыз да оңой эмес жашоосун оорлотту.

Расмий маалыматтарда 1963-жылдан берки катуу суук 70тен ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланууда. Үстүдөгү аптада эле Балканда ызгаардан кеминде 15 киши өлдү: Боснияда улгайган төрт киши, Сербияда алты, Косоводо эки селсаяк, Македонияда үч киши каза тапты.

Айрым жерлерде түнкүсүн абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөп жатат. Гуманитардык уюмдар үйсүздөр менен мигранттар өзгөчө жапа чегип жатканын эскертишүүдө.

БУУнун алдындагы дайынсыз жоголуп жаткан мигранттар боюнча долбоордун өкүлдөрү жыл башынан бери Жер ортолук деңиз аймагында 11 киши гипотермиядан ажал тапканын маалымдады. Агенттик Грециянын аралдарында тиешелүү шартсыз жашап жаткан 15 жарым миңден көп келгиндин тагдырына камтамасын билдирип келатат. Сербияда да 7 жарым миңден ашуун мигрант, анын ичинде Венгрия менен чек арада ара жолдо калгандар оор абалга туш болду.

Сербия бийликтери 11-январда бардык мигранттарды күн жылымайынча баш калкалоочу атайын борборлорго барууга үндөдү. Баш калаа Белградда жүздөгөн киши алачык, вагондордо жашап же ээн үйлөргө кирип алышкан.

Сербия өкмөтүндөгү Качкындар боюнча мекеме тараткан маалыматка караганда, 400дөй киши өткөн аптада аба ырайы кескин начарлаганда көчөлөрдөн башка жерлерге көчүүгө макул болду. Ушу тапта парктарда же ал өңдүү башка коомдук жайларда ачык асман алдында түнөгөндөрдүн арасында аялдар менен балдар жок.

Ошол эле маалда Save the Children кайрымдуулук уюму 1,5 миңге чукул мигрант, анын ичинде коштоосуз жүргөн жашы жетелек балдар бош калган, жылытылбаган имараттарда баш пааналаганын билдирүүдө.

Уюмдун Балкандагы өкүлү Андреас Ринг Европа биримдиги мигранттарды катуу суукта керектүү шарт менен камсыздоого тийиш деп айтат. Бийлик болсо келгиндердин көбү камап салат же Батыш Европага өткөрбөй коюшат деп коркконунан жардам сурап кайрылышпайт дешет.

Гуманитардык уюмдар мигранттар өз алдынча жасап алган баш калкалоочу жайларды кыдырып, жардам таратып жүрүшөт.

- Ызгаарга кошул-ташыл болуп сасык тумоо да жайылууда, эл тоңуп жатат. Аябай суук. Чукул медициналык жардам берип жатабыз, - дейт "Кызыл чырым" уюмунун атын атабаган өкүлү.

Мигрант, качкындардын көбү жылуу өлкөлөрдөн келген, мындай суука көнгөн эмес, анын үстүнө калың кийим-кечелери да жок.

- Бардыгы улам тамакка чуркашат. Кээде үч-төрт жолу алышат. Бирок кезекке туруш керек, турбасаң тамак беришпейт, - дейт Ооганстандан келген жигит.

Греция өкмөтү болсо Лесбос аралына 500дөй киши баш калкалай турган атайын кемени жөнөттү.

Катуу сууктан жапа чеккен өлкөнүн айрым аралдарында, Сербия, Румыниянын кээ бир чөлкөмдөрүндө мектептер жабык турат. Молдова калың кардан улам Украина менен чек арада жети өткөөлдү убактылуу жаап койду. Румынияда тайгалак, кар күрткүлөрү жол кыймылын кыйындатып, 130дан ашуун жол жабылды, поезддер үзүл-кесил жүрүүдө, каттамдар улам кийинкиге жылдырылууда.

Болгариянын чыгыш облустарында 100дөн көп шаар-кыштак электр жарыгысыз калды. Баш калаа София менен Кара деңиз боюндагы Бургас портун туташтырган кан жол жабылды. Жолдорду тазалоого, кар туткунунда калган элди куткарууга, алыскы айылдардын жашоочуларына азык-түлүк жеткирүүгө аскерлер тартылууда. Энергетика министрлиги электр кубаты жагынан жардам сурап кошуна Греция менен Түркияга кайрылганын билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG