Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Франция үч күндүк аза күтүү жарыялады


Ницца, Франция
Ницца, Франция

Соңку маалыматтарга ылайык, Ницца шаарындагы каргашадан кеминде 84 адам мерт болуп, жүздөн ашуун киши жараат алды.

Алардын он сегизи оор абалда. 15-июлга караган түнү салттуу “Бастилия алынган күн” белгиленип жаткан учурда жүк тартуучу чоң машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй чоң ылдамдыкта айдап барып, ондогон кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Андан кийин туш-тарапка качкан элди көздөй ок жаадырган.

Француз бийликтеринин маалымдашынча, аянтта чогулган элди оор жүк ташыган автоунаа кубалап, сүзө баштаган. Автоунаанын айдоочусун полиция атып тындырганга чейин ал машинесин катуу ылдамдыкта айдап, чогулган элди сүзүп, тебелеп эки чакырымдай жүрүүгө жетишкен.

Ниццанын шаар башчысы Кристиан Эстрози билдиргендей, автоунаанын ичинен курал-жарак жана граната табылган.

Ницца, Франция
Ницца, Франция

​Француз бийликтери курман болгондордун саны өсүп жатканын, анткени жараат алгандардын ондон ашыгынын абалы оор экенин маалымдады. Чабуулдан кийин бир нече саат мурда майрам болуп жаткан аянт ак даки жабылган адамдардын сөөгүнө батпай кеткен.

Азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек. Соңку маалыматтарга ылайык, полиция машиненин ичинен 31 жаштагы теги тунистик француз жаранынын документтерин тапкан.

Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Рейтер агенттиги жазгандай, буга чейин шектүү адамды полиция бир нече ирет кармаган, бирок ал атайын кызматтардын тизмесине алынган эмес.

Франциянын президенти Франсуа Олланд чабуулду теракт деп атап, бул акыркы 18 ай ичинде Франция жергесинде болгон үчүнчү кол салуу экенин айтты:

- Франция бул жаңы трагедиядан кийин аза күтүүдө. Өлкөбүз үрөй учурган окуядан өзүн жоготуп турат. Кылмышкерлер 14-июлда Бастилия алынган күндү майрамдап жатканда ондогон адамды өлтүрдү. Францияга катуу сокку урушту. Бирок биздин өлкө ар дайым күчтүү бойдон калат. Сокку ургандардан да күчтүү болот, - деди Олланд 15-июлдун таңында элге жасаган теле кайрылууда.

Ницца, Франция
Ницца, Франция

Президент өткөн жылдын ноябрь айында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин дагы үч айга узартканын жарыялады. Бийлик бул режимди 26-июлда токтотууну көздөп жаткан. Олланд Францияны ислам радикализми каптаганын айтып, Ирак менен Сириядагы экстремисттердин уюктарына сокку улана берерин кошумчалады.

Ниццадагы бардык көңүл ачуучу программалар токтотулуп, суу жээгиндеги эс алуучу жайлар жабылды. АКШ президенти Барак Обама Ниццадагы калабаны кескин сынга алып, Твиттердеги баракчасына окуяны “үрөй учурган террористтик акт” деп атады.

Обама "мерт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен расмий Вашингтон бул чабуулдун тыкыр иликтенишине жана күнөөлүүлөрдүн жазаланышына өз жардамын көрсөтөт", - деп кошумчалады.

Дональд Туск
Дональд Туск

​Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши дагы бул кылмышты кескин сынга алган билдирүүсүн жарыялады. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Европа француздар менен бирдикте зомбулукка жана жек көрүүгө каршы күрөштө бир экенин белгиледи.

- Бул Франция үчүн, Европа үчүн жана бул жакта Монголияда чогулуп тургандардын бардыгы үчүн каргашалуу күн болуп калды. Эркиндик, теңчилик жана боордошчулукту майрамдап жаткан адамдар бул кылмыштын курмандыгына айланды. Биз алардын үй-бүлөлөрү, француз эли жана өкмөтү менен зомбулукка жана жек көрүүгө каршы күрөштө биргебиз, - деди Монголиядагы Азия жана Европа өлкөлөрүнүн саммитине катышып жаткан Дональд Туск.

Олланддын атына жөнөткөн телеграммада Орусиянын президенти Владимир Путин “Француздар улуттук майрамын белгилеп жатканда уюштурулган бул кылмыштын жырткычтыгы жана ырайымсыздыгы үрөй учурат” деп жазган. Путин:

- Биз адамгерчилик террористтерге жат экенине дагы бир жолу ынандык, алардын курмандыктары бейкүнөө адамдар, анын ичинде аялдар жана балдар болууда, - деп кошумчалады.

Монголияда өтүп жаткан Азия жана Европа өлкөлөрүнүн саммитине катышып жаткан Германиянын канцлери Ангела Меркел окуяга байланыштуу көңүл айтты:

Ницца, Франция
Ницца, Франция

- Биздин көңүл айтуубуз албетте, адамдардын жоготууларынын ордун толтура албайт. Бирок бул күндөрү бир гана тилектештик болушу керек. Германия эли досубуз Франциянын эли менен тилектеш. Германия жана башка өлкөлөр Франция менен бирдикте терорчулукка каршы күрөштө бир жана оорчулуктарга карабай бул кармашта утабыз деп ойлойм.

Ошондой эле калабаны Британиянын жаңы дайындалган премьер-министри Тереза Мэй, Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян сынга алып, француз элине көңүл айтышты. Ниццадагы терактка байланыштуу Францияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкан жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Франциянын Ницца шаарындагы 80ден ашык адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

350 миңдей калкы бар Ницца шаары атактуу курорттук аймак деп эсептелгени менен, жакыр бөлүктөрү да абдан көп. Бул жерди байырлагандар арасында ондогон адамдар Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткени маалымдалган.

Бастилияны алган күндү белгилөө алдында Францияда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилген. Париждеги салтка айланган аскерий парадда коопсуздук күчтөрүнүн 11 миң 500дөй кызматкери тартипти көзөмөлдөп турушту.

Өткөн жылы ноябрда Парижде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери жасаган чабуулдан 130 адам өлгөн.

Ниццадагы калаба
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

XS
SM
MD
LG