Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:07

Макрон Иранга эскертүү берди


Президент Эмманэул Макрон Париждеги басма сөз жыйында. 5-июнь, 2018-жыл.

Ирандын уран байытуу кубатын кеңейтүү пландарынын жаңжал жараткыдай потенциалы бар деген эскертүүнү Парижден француз президенти Эммануэл Макрон жасады. Тегеран уран байытуу кубатын кеңейтүү жараянына киришкени тууралуу МАГАТЭ уюмун расмий кабардар кылганын кечээ (5-июнда) билдирген.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тегерандын соңку жарыясынын опурталдуу экенин Парижде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында эскертти:

- Мен Иран жасаган жарыяны көңүлгө алдым. Бул билдирүү маңызы боюнча 2015-жылкы макулдашуудан же аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планынан баш тарткандык эмес. Бирок бул канчалык жүйөлүү экенин мен билбейм. Кимдир бирөө макулдашууну качан токтотуп саларын да айта албайм, бирок бул билдирүү экинчи тарапты макулдашууну сактоого шыктандырбайт. Андыктан мен муну өлкөлөр ортосунда эки тараптуу чыңалуунун күчөшү деп карай алам. Баарын кырдаалды стабилдештирүүгө, жаңжалга алып баруучу кандай эскалация болбосун аны тереңдетпөөгө чакырам.

2015-жылкы көп тараптуу келишимдин катышуучусу катары Франция Кошмо Штаттар андан чыгып кеткенден кийин да аны кемчиликтерине карабай сактоо зарыл деген турумду карманып турган өлкө.

Президент Эммануэл Макрондун алдында Тегерандын уран байытууга даярдануу пландары “кызыл сызыкка” жакындоо экенин француз тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан да айткан.

Ирандын вице-президенти жана Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехинин 5-июнда билдиргенине караганда, алар уран байытуу кубатын кеңейтүү жараянына киришкенин атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Венадагы баш кеңсесин кат аркылуу кабардар кылды.

Бирок Салехи Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактай турганын жана анын өзөктүк ишмердиги ошол келишимде каралган чекте каларын да кошумчалады.

Салехи белгилегендей, Иранда жаңы центрифугаларды жасоону баштоо жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөсүнө ылайык жүрүп жатат. Хаменеи өкмөткө 2015-жылдагы келишим иштебей калган шартта уранды байытууну кайра жандандырууга даяр турууну тапшырган:

Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

- Европанын кээ бир өлкөлөрүнөн айтылган сөздөргө караганда, алар иран эли санкцияларга да көнүп, ошол эле учурда биздин өлкөнүн келечеги үчүн зарыл өзөктүк программадан баш тартарын күтүп жаткандай. Мен ошол өкмөттөргө бул силердин кыялыңар жана эч канчан ишке ашпайт деп айтам. Душман бүгүн экономикалык, психологиялык басым жасоону пландап жатат. Маселе экономикалык басымды жана санкцияларды иран өкмөтүн изоляциялоо үчүн колдонууда эле эмес. Алар иран элин тебелөөнү каалашат, - деген эле Хаменеи 4-июндагы сөзүндө.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда анын өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгышта террордук ишмердикти колдоо аркылуу келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Анын калган катышуучулары: Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия жана Иран азырынча келишимди сактай турганын айтышууда. Европа өлкөлөрү ошондой эле АКШнын санкциялары кайра күчүнө кирген шартта Иранда кала турган компанияларын коргоочу чараларга барарын да ишара кылышкан.

Бул арада Ирандын Израил үчүн "коркунучтарын" өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ушул аптада, Европа борборлорун кыдыруу учурунда эске салууда:

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

- Менимче, Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планы (2015-жылкы келишимдин расмий аты) негизинен экономикалык кубат аркылуу жоюлат. Бирок бул жерде менимче эки мүмкүнчүлүк бар: Иран өзөктүк ишмердигин кысым астында бир тараптуу түрдө жоёт же келечектеги сүйлөшүүлөр менен жакшы макулдашуу аркылуу ишке ашат. Иранда өзөктүк курал болбосо бул экөө тең жакшы. Мени тигил же бул макулдашуу кызыктырбайт. Мен Иранда өзөктүк курал болбошуна кызыкдармын, - деди Нетаньяху 5-июнда Париждеги сүйлөшүүлөрдөн кийин.

2015-жылкы келишимге ылайык, Иран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна Тегеранга каршы мурда киргизилген экономикалык санкциялар жоюлган.

2013-жылы Иранда центрифугалардын саны 27 миң даанага жакындап барган, алардын 19 миңи өндүрүш максатында жайгаштырылган. Ал эми байытылган урандын өлкөдө топтолгон өлчөмү 12 миң килограммга жеткен.

Ирандын өндүрүштөгү центрифугалары. 2014-жылкы сүрөт.
Ирандын өндүрүштөгү центрифугалары. 2014-жылкы сүрөт.

Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу.

2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган. Бул мезгил ичинде ал уранды байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керек, байытылган урандын өлкөдөгү өлчөмү он беш жыл ичинде 300 килограммдан көбөйбөй турууга тийиш, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,97% жогору болбошу зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG