Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:02

Индия АКШнын Иранга каршы санкциясын колдобойт


Ирандын жана Индиянын тышкы иштер министрлери Мохаммад Жавад Зариф менен Сушма Свараж. Нью-Дели, 28-май, 2018-жыл.

Ирандын мунайын эң көп импорттогон өлкө - Индия Тегеран менен соода-сатык жүргүзгөн кезде Кошмо Штаттардын экономикалык санкцияларын карманбай турганын билдирди.

Мындай маселе күн тартибине АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгып кеткени үчүн коюлуп жатат. Бул арада Евробиримдик өлкөлөрү 2015-жылкы келишимди сактап калуу маселесин кайрадан талкуулашты. Мурдараак алар АКШнын Иранга каршы санкцияларынан өз компанияларын коргой турганын да билдиришкен.

Дүйнөнүн калкы эң көп экинчи өлкөсү - Индия менен кайрадан санкцияларга кабылуу алдында турган Ирандын соода карым-катышынын келечеги Тегерандын чабарманы, тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин Нью-Делидеги иш сапары учурунда талкууланды.

Индиянын башкы дипломаты Сушма Свараж Нью-Дели жеке мамлекеттердин эмес, БУУнун гана санкцияларын тааный турганын Тегерандын чабарманы менен сүйлөшүүлөргө тушташ айтып чыкты:

- Биз Улуттар уюмунун гана санкцияларын тааный турганыбызды ачык айтабыз. Ал эми кайсы бир конкреттүү өлкөлөрдүн санкцияларын тааныбайбыз. Мурда Кошмо Штаттар Иранга каршы санкция колдонгондо деле биздин Иран менен соодабыз уланып жаткан.

Индия Иран менен соодасын АКШ санкцияларынын мурдагы айлампасы учурунда токтоткон эмес, бирок 2006-жылы Улуттар уюмунун санкцияларынан соң бул өлкөдөн мунай сатып алуусун кыскарткан.

2016-2017-жылдары Индия менен Иран ортосундагы сооданын көлөмү 13 миллиард долларга жакындаган. Мунун 10,5 миллиард доллары Индиянын импортуна, басымдуу бөлүгү чийки мунайга таандык. Индия Ирандын мунайын эң көп импорттогон мамлекет.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Тегерандын чабарманы Мохаммад Жавад Зариф Нью-Делидеги сүйлөшүүлөрдө ал Европа, Орусия, Кытай менен 2015-жылкы келишимди АКШнын катышуусуз эле сактап калууну талкуулаганын айткан.

Зариф Индияга Бээжин, Москва, Брюсселди кыдыргандан кийин барды.

ЕБдин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү, Иран, Германия, Франция, Британия тышкы иштер министрлери Брюсселде жолуккан учур. 15-май, 2018-жыл.
ЕБдин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү, Иран, Германия, Франция, Британия тышкы иштер министрлери Брюсселде жолуккан учур. 15-май, 2018-жыл.

Ал арада Иран келишимин сактап калуу маселесин Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 28-майдагы жыйынында да карашты. Европалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөр бул алар үчүн экономикалык гана эмес, коопсуздук жактан да маанилүү экенине көңүл бурушууда.

Биримдик өлкөлөрү буга чейин Иранда иштеген европалык компанияларды америкалык санкциялардан коргой турган чара көрүүнү да макулдашкан:

- Убакыт жагын караганда бул мүмкүн болушунча тез жасалышы керек. Биз такай алдыдагы апталар деп айтып келдик. Бул бизде убакыт көптүгүнөн эмес, ыкчам аракеттенүү зарылдыгынан улам. Бул биз Иранга басым күчөгөнүн билгенибизден эле эмес, европалык инвесторлорго аныктык керектигин түшүнгөнүбүздөн улам болууда. Андыктан биз ыкчам иштөөгө кызыкдарбыз, бирок биздин айрым кыйынчылыктарга туш келгенибиз да анык болуп турат, -деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 28-майдагы кеңешмеден кийин.

АКШ президенти Дональд Трамп быйыл 8-майда өлкөсү өзөктүк келишимден чыкканын жарыялаганда Иран баллистикалык ракеталарын сыноо жана Жакынкы Чыгыштагы террордук ишмердикти колдоо менен 2015-жылкы келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Трамптын жарыясынан кийин АКШнын Каржы министрлиги европалык компанияларга америкалык санкциялар 90 күн ичинде калыбына келерин эскерткен. Мындан улам 2016-жылы санкциялар жоюлгандан кийин Иранга биринчилерден болуп кирген Франциянын энергия гиганты - "Total" компаниясы эгер АКШнын санкцияларынан жеңилдик ала албаса Ирандан кетерин билдирген.

"Total" 5 миллиард долларга чейин инвестиция жумшап, Ирандын эң ири Түштүк Парс газ кенин өздөштүрмөк болгон.

Ирандан кетерин Германиянын камсыздандыруу секторунда иш жүргүзгөн "Allianz" жана Даниянын контейнер ташуучу "Maersk" компаниялары да билдиришкен.

Maersk компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылкы сүрөт.
Maersk компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылкы сүрөт.

АКШнын санкциялары америкалык жана чет элдик компаниялардын Иран менен иш жүргүзүшүнө жолтоо кылууга багытталып, алар бул үчүн америкалык долларды же каржы институттарын колдонуусуна тыюу салат.

2015-жылы Иран, АКШ, Кытай, Британия, Германия, Франция, Орусия кол койгон келишимге ылайык Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Буга байланыштуу 2016-жылдан тарта Ирандын Европа жана Азия менен ишкер алакалары жанданган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG