Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

ЕБ Ирандын өзөктүк келишимин жактайбы?


Немис канцлери Ангела Меркел Ирандын өзөктүк келишимин коргоп чыкты. Ал кеминде он жылдык сүйлөшүүдөн кийин кол коюлган эл аралык келишимди азыр жокко чыгаруу туура эмес болоорун шаршембиде айтты.

Ангела Меркел 16-майда парламенттеги бюджет тууралуу жылдык кайрылуусунда Ирандын өзөктүк келишими тууралуу да сөз кылды. Ал Кошмо Штаттардын эл аралык келишимден чыгуу чечими соңку мезгилдеги "санаарката турган жаңылыктардын" бири болуп калганын айтты.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда Вашингтон көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын аталган документ Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу дымагын токтото албай турганы менен түшүндүргөн.

Келишимге кол койгон башка өлкөлөр эл аралык макулдашууну сактап калууга чакырып келишкен. Немис канцлери өзөктүк келишим зымга тизгендей эместигин, бирок азыр аны жокко чыгаруу туура эмес экенин белгиледи:

- Биз бул келишимге жетишүү үчүн он жылдан ашык сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Келишим идеалдуу эмес. Бирок Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин айтымында, Иран келишимдеги милдеттемелерин аткарып келет. Келишимди БУУнун Коопсуздук кеңеши бир добуштан жактырган. Мындай улам биз: Улуу Британия, Франция, Германия Евробиримдиктин башка мүчөлөрү менен бирге бул келишимди азыркы кырдаалда жокко чыгаруу туура эмес деп ишенебиз.

Ирандын башкы дипломаты (солдон экинчи) Брюсселде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту, 15-май.
Ирандын башкы дипломаты (солдон экинчи) Брюсселде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту, 15-май.

Кантсе да Меркел Ирандын өзөктүк келишими тууралуу Вашингтон менен анын Европадагы өнөктөштөрүнүн ортосундагы кайчы пикирге карабастан трансатлантикалык алакалар маанилүү бойдон кала берерин кошумчалады.

Бирок Европа кеңешинин президенти Дональд Туск 16-майда София шаарындагы саммиттин алдында АКШнын президенттик администрациясынын "көктүгүн" сынга алып, Европа "өз алдынча иш алып барууга туура келген сценарийге" да даяр болушу керектигин айтты:

- Кытайдын өсүүсү, Орусиянын агрессиялык позициясы сыяктуу адат болуп калган саясий проблемалардан тышкары, бүгүн биз дагы бир кубулушка күбө болуп жатабыз. Бул - Америка администрациясынын өжөр бой көтөрүүсү.

Вашингтондун соңку чечиминен кийин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф келишимге кол койгон Европа өлкөлөрүнүн жана Москва менен Бээжиндин расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал бул жолугушуулардын күчтүү саясий мааниси бар экенин белгилеп, "бирок сөздөн ишке өтүү зарыл" деди. Ирандын президенти Хасан Роухани болсо Тегеран АКШнын кысымына туруштук берерин айтты.

- Алар Иран элине санкциялар жана керек болсо согуш коркунучу аркылуу кысым көрсөтүп, багындыра алабыз деп ойлошот. Иран эли АКШнын кутумуна каршы турат,-деген Роуханинин сөзүн Ирандын жаңылыктар агенттиктери жазып чыгышты.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирген документти көрсөтүп жатат, Вашингтон, 8-май.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирген документти көрсөтүп жатат, Вашингтон, 8-май.

Өткөн аптада президент Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн келишимге чейин Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кайра жаңыртууну караган документке да кол койгон. Ал эгер кайсыл бир өлкө Ирандын өзөктүк программасына жардам берсе, Вашингтондун санкцияларына кабылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Дүйшөмбү күнү вице-президент Майк Пенс Вашингтондо Израилдин көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чарада АКШнын позициясын кайра кайталады:

- Ирандын келишими бейкуттук жана тынчтык алып келген жок, келечекте да алып келбейт. Ирандын Израилге өткөн аптада ракеталык чабуул жасаганы президенттин чечимин ырастап турат. Бул коркунучтуу агрессия биздин чечимди бекемдеп гана койду. Бүгүн баарыңарды ишендире алам, АКШ эч качан Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейт.

Өткөн аптада Израил менен Иран бири-бирине ракета атышканы кабарланган. Израил баштан бери эле Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди сынга алып келе жатат. АКШнын соңку чечиминен кийин Иран бийлиги европалыктар 45-60 күндүн ичинде "Тегерандын кызыкчылыктары корголот" деген кепилдик бериши керектигин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG