Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:37

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. 10-майда аны талкуулоо учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигин да кароо сунушталды. Ал эми экс-премьер-министр Сапар Исаков болсо, бул иште башка жетекчилер менен бирге эле азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы, мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги тууралуу да сөз козгоду.

Экс-президенттен кол тийбестик макамын алуу сунушу

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алуу сунушун "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү:

- Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова (чынында Нурсулу Ахметова - ред.) президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн. "390 миллион доллар насыя алыш керек" деп. Президент түзмө-түз финансы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү насыя президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип атса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз, эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул "эл аралык мамилеге таасир этет, Кытай менен достук бузулат" дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканынан, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. "Узурпация" деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш киргизем. Ал киши "мыйзам алдында баары тең" деп бир топ жолу айткан. Керек болсо "мен да жооп берем" деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары "бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз" деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо, алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум - мурунку президенттин кол тийбестигин алыш керек.

ЖЭБ чуусу: жоопкерчилик кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00

​Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Масалиевге дароо жооп кайтарып, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айтты жана депутаттын билдирүүсүн жалаа деп баалады:

- Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, "карап көргүлө" деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип, кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны "лобби" кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргызстанда экс-президенттин ар намысы кол тийгис жана мыйзам менен корголот. Экс-президентти камоого, тинтүүгө, суракка алууга мыйзам жол бербейт. Буга чейин да "Прецедент" өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамындагы "экс-президент мамлекетти жетектеп турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн ага кылмыш иши козголуп, суракка чакыртылып, тинтүүгө алынып, кармалып жана камакка алынышы мүмкүн эмес" деген ченемдин Баш мыйзамга туура келер-келбесин териштириш үчүн Конституциялык палатага кайрылды.

Исаков: Мен Жээнбековду коргоп келгем

Сапар Исаков 11-майда атайын тараткан билдирүүсүндө "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" болгонун билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооп бериши керек деп кошумчалаган.

- Мен билип туруп эле авария учурунда Сооронбай Шариповичти коргодум. Көбү ал мезгилде үн каткан эмес. Бишкектиктер тоңуп отурду, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар унчукпай, күнөөнү бири-бирине оодарышты. Менин өкмөтүм күздө келди, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым. Депутаттар "Сооронбай Шариповичтин мезгилинде жүз миллиондогон сом жумшалган ЖЭБди ремонттоо учурунда эски жабдуу эмнеге оңдолгон эмес?" деген суроону да иликтеши керек эле. Буга комиссиянын жообу жок, - деп айтылат Сапар Исаков тараткан билдирүүдө.

ЖЭБ чатагы коррупциянын изин ачабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:53 0:00

Экс-премьер Сапар Исаков мындан тышкары ал ЖЭБди реконструкциялаш үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алуу тууралуу келишимдин түзүлүшү боюнча ишкананы ошол учурда башкарган директорлорунан тартып, "Улуттук энергохолдинг" жана анын түзүмдөрүнүн жетекчилери, министр, премьер-министр, ошол убактагы спикер, Жогорку Кеңештин үч комитетинин төрагалары жооп бериши керек экенин, тактап айтканда Андрей Воропаев, Айбек Калиевден тартып Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, экс-спикер Асылбек Жээнбеков да жооп бериши керек экенин айткан. Исаковдун белгилешинче, ошол кездеги парламент келишимди дароо үч окууда ратификациялаган. Ал кезде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турган.

Комиссиянын "кара тизмеси"

Депутаттык комиссия корутундусунда "Кытайдан насыя алынган кезде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганын" билдирүүдө. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Улан Примов парламент жыйынында корутунду менен тааныштырып жатып айтты:

- Жалпылап айтканда, ТВЕА компаниясын модернизацияны ишке ашыруу боюнча жалгыз тарап кылып, Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын толук кандуу эске алган эмес. Ошол кездеги өкмөт башчысы жана өкмөт мүчөлөрү келишимди карап чыгууда, корутунду берүүдө жана инвестор, ишке ашыруучулар менен иштешүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого жетиштүү көңүл бурбаган.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлүп, алардын жоопкерчилигин кароо сунушталган.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

ЖЭБ: 600 долларлык аттиштердин икаясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев депутаттык комиссия негизинен өз вазийпасын аткарганын, бирок так жана калыс каржылык аудит жүрмөйүнчө күмөндүү жагдайлардын акырына чыгуу мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Финансылык аудиттин жыйынтыгын көрмөйүнчө жоопкерчиликке тарта албайбыз. Ошондуктан финансылык аудитти тезинен башташ керек. Аны жасамайынча ким жеген, канча жеген, кандай схема менен жеген, ким күнөөлүү деген суроолор ачык бойдон кала берет. Парламенттин эң чоң катасы ушул болду – башында эле, үч ай мурда эле финансылык аудитти башташ керек болчу.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Акматалиевдин пикиринде, ТЭЦти модернизация кылууда каражат кымырылганы чын болгон күндө да, аны кыргыз тарап өз алдынча эле жасадыбы же кытай тараптын да катышы барбы деген суроо чыгарын кошумчалады. Бирок буга көз карандысыз каржылык аудиттен кийин гана туура жооп алса болот дейт ал:

- Менде бир күмөн жараткан нерсе ушул. Акчанын баары тең эле биздин аткаминерлерге тийдиби же бул жерде Кытайдын TBEA компаниясынын жетекчилери, кишилери дагы, мүмкүн Кытайдын кээ бир чиновниктери дагы аралашканбы?

Ал эми саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев ЖЭБдеги кырсык насыя, гранттарды пайдалануу маселесин, дегеле Кыргызстандагы саясий коррупциянын деңгээлин далилдеди деп эсептейт:

- ЖЭБде январ айында болгон көйгөй бизде башкаруу системасында коррупция бар экенин көрсөтүп койду. Чоң суммадагы акчага ЖЭБди оңдой албай коюшканын көрдүк. Укуктук, саясий, моралдык жактан ушул иштерге кимдер катышса, баары жооп бериши керек.

Депутаттар: парламентте да күнөө бар

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда ратификацияланган. Ишти аткаруучу катары кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Депутаттар келишимди бир күндө үч окууда колдоп берген. Ошол келишимге каршы добуш берген алты-жети депутаттын бири, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев бул кырдаал үчүн парламент да күнөөлүү экенин эске салды.

Ушундай эле пикирин билдирген эркин депутат Жанар Акаев да бардык кемчиликтер үчүн өкмөт айыпталып жатканын, бирок депутаттардын жана башка жетекчилердин да жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

- Бийлик алмашкандан кийин эр жүрөктөр көбөйөт. Биздин эң чоң трагедиябыз ушул. Учурда өкмөттүн мурдагы башчыларына “Эмнеге Атамбаевге каяша айткан эмессиңер!?” деп жатабыз. Убагында антип айтчулар аз болгон. Атамбаевден эмне талап, эмне сунуш болсо парламент аткарып турган, - деди Акаев.

Ал эми саясий талдоочу Даниел Кадырбеков депутаттык комиссиянын корутундусу, аны талкуулоо парламентте чар жайыт жүрдү деген ойдо:

- Парламенттик иликтөө жүргүзүүгө депутаттардын дарамети аз экени көрүнүп калды. Анткени бул маселе үч-төрт бөлүктөн турат да. Насыя керек беле, өкмөт ошол процедураларды туура жасаганбы, тендер болгонбу, кайсы жерде жемкорлук болгон, ким канча алган деген суроолор боюнча баасын берип, ишти тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырып, кандай чара көрүлөрүн көзөмөлдөшү керек эле. Комиссиянын корутундусун талкуулаганда абдан эле башаламан болуп кетти. Бул жерде кол койгондорду эле карап жатышат. Премьер-министрби, башкасыбы, айласы жоктон кол койот да. Анткени бул процедуралык иш. Ошондуктан бул жерде президенттин кийлигишкени такпы же андай болгон эмеспи, ошондон башташ керек эле. Формалдуу түрдө кол койгондорду эмес, саясий абал кандай эле, чечимдерди ким кабыл алган деген суроолорго жооп изделиши зарыл. Азыр депутаттар биз баарыбыз тең эле билген процедураны, хронологияны жазып, чыгарып коюп жатышат.

Кытайдан алынган карыздар

Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөнүн тышкы карызынын 42 пайызы Кытайга таандык, башкача айтканда, Кыргызстан Кытайга 1 миллиард 700 миллион доллар карыз. Бул каражаттардын көбү транспорттук инфраструктурага жана энергетикага жумшалган акчалар.

"Глобалдык өнүгүү" аттуу чет элдик бейөкмөт уюм быйыл Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан. Ал эми Quartz журналы болсо Кытайдан карыз алган сегиз өлкө бересесин убагында кайтарбаса кыйын кырдаалга тушугарын эскерткен.

Талдоочу Даниел Кадырбеков Кытай карызды өзүнүн тышкы саясатына ылайык келгендей кылып берерин белгилеп, бирок аны алууда, колдонууда туура эмес иштер болсо, ал үчүн жоопкерчилик кыргыз бийлигинде болорун эскертүүдө:

- Биз күнөөнү Кытайдан эмес, өзүбүздөн издешибиз керек. Биздин өкмөтүбүздө, мамлекетибизде алган насыялар уурдалып кетип жатса, бул биздин мамлекеттик органдарда, бийликте көйгөй бар экенин көрсөтөт. Өзүбүздүн ушул проблемаларыбызды чечип, андан кийин гана өнөктөштөргө да шегибиз болсо, анда аларга да суроо койсок болот.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

Быйыл кыш чилдеде Бишкек жылуулук борборунун иши үзгүлтүккө учураганда борбор калаа бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, онго жакын жооптуу кызматкерлер кармалган.

Кыштагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын корутундусу парламентте кийинки аптада да уланат.

Трамптын чечими бушайманга салды

8-майда Трамп АКШ 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыга турганын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады. Ал өзү өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер болгон кезинен бери эле кескин сындап келе жаткан.

Келишимге кол койгон Кытай, Орусия, Германия, Улуу Британия жана Франция болсо, аны сактап калууга аракет кылышарын билдирүүдө.

Немис канцлери Ангела Меркел келишимдин кийинки тагдырын Орусия президенти Владимир Путин менен 11-майда телефондон талкуулады. Ушул эле маселени сүйлөшүү үчүн 18-майда Москвага барары да кабарланды. Меркел келишимде кемчиликтер болгону менен андан АКШнын чыгып кеткени туура эмес болду деп эсептейт:

- Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди токтотуу олуттуу коркунуч жана бул өкүнүчтүү болуп турат. Бул келишим 12 жылдык иштин, узак дипломатиялык жараяндын жыйынтыгы эле. Ал абдан идеалдуу эмес. Ооба, мен Иранга байланыштуу көйгөйлүү бир топ маселелер бар экенин билем. Мисалы, Израил менен күрөшү, баллистикалык ракета программасы, Ирандын Сириядагы ролу. Баары туура. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдогон келишимден чыгууну туура эмес деп ойлойм. Бул эл аралык тартипке болгон ишенимди жоготот.

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Орусия да АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан бир тараптуу баш тартканына “терең өкүнүчүн” билдирди. Москванын билдирүүсүндө 8-майда жарыяланган чечим – Вашингтондун “сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенинин жаңы далили” деп айтылат. Орус тышкы иштери Сергей Лавров аталган маселени 10-майда Москвада немис кесиптеши Хайко Маас менен жолуккан кезде талкуулап, буларга токтолду:

- Биз Ирандын бул чечимди токтоолук менен кабыл алганын бааладык. Вашингтондун чечиминин бардык кесепеттерин карап чыгуу керек. Ошондуктан бул жерде шашып кетүү натуура болмок. Бизге, Германияга, Францияга, Улуу Британияга, Кытайга жана Иранга бул нерсени дагы карап чыгуу зарыл.

15-майда Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Германия, Франция жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери менен аталган маселени талкуулаганы жатат. Маалыматтарда ага Ирандын башкы дипломаты Мухаммад Жавад Зариф да катышат.

Француз министринин "каяшасы"

Вашингтондун келишимден чыгып кетишин сындаган Франциянын каржы министри Бруно Ле Мэр Европа Биримдиги Иран менен кызматташкан европалык компанияларды АКШнын ыктымал санкцияларынан коргошу кажет экенин айтып чыкты. Анын белгилешинче, Еврошаркет Вашингтондун “вассалы” болбошу керек жана Иран менен бизнес жасайбы же жокпу өзү чечиши зарыл:

- Биз, европалыктар, өзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарды эске алуу менен, стратегиялык макулдашуунун жана Ирандын өзөктүк куралдан баш тартуусунун алкагында Иран менен соода байланыштарыбызды улантууну каалайбыз. Биз бул туура жол деп эсептейбиз жана Иран менен соода кылууну улантабыз.

Бруно Ле Мэр
Бруно Ле Мэр

Иранда Франция менен Германиянын экономикалык кызыкчылыктары арбын.

Президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, ага кошумча Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда жарыялаган. Трамп эгер кайсы бир өлкө Ирандын өзөктүк программасына жардам берсе, Вашингтондун санкцияларына кабылышы мүмкүн экенин да эскерткен. Ал 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгып жатканынын себебин документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүргөн.

Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин эле Ирандын президенти Хасан Роухани да телекайрылуу менен чыгып, АКШнын чечимин “тарыхый жаңылыштык” деп атады.

Иранда АКШ президентинин эл аралык макулдашуудан бир тараптуу чыгаарын жарыялаган чечими “кыжырдануу менен” кабыл алынды. 11-майда Тегеранда он миңдеген киши АКШга каршы нааразылык жүрүштөрүнө чыкты. 9-майда Ирандын мыйзам чыгаруучулары парламентте Кошмо Штаттардын желеги тартылган кагазды өрттөп, “Америкага өлүм!” деп кыйкырышкан.

АКШнын Иран боюнча чечимин Сауд Арабия менен Израил ачык колдоду. Ирандын аймактагы атаандашы саналган Сауд Арабиясы Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүү чечимин кубаттады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да Трамптын кадамын “чечкиндүү" деп колдоп, “Тегерандагы террористтик режим менен катастрофалык өзөктүк келишимден баш тартуу” деп сыпаттады.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG