Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:34

Британиялык ырчы Жорж Майкл 26-декабрда 54 жашында каза болду.

Миллиондогон жүрөктөрдү багынткан ырчынын өлүмү күйөрмандарын дендароо кылгандай болду... Жорж Майклды Кыргызстанда да сүйүп уккандар арбын.

Жорж Майкл сахнага өткөн кылымдын 80-жылдары Wham дуэти менен чыккан. Кийин өз алдынча ырдап, 1989-жылы Faith аттуу жыйнагы жылдын мыктысы деп табылып, “Грэмми” сыйлыгын жеңип алган.

Жорж Майклдын чыгармачылык жолуна, жеке тагдырына астейдил көз салып жүргөн музыка таануучу Рита Тилемишованын айтымында, кырк жылдык чыгармачыл жолунда жүз миллионго жакын альбомун сатууга жетишкен ырчы ар бир чыгармасында өзүн өзү кайталабаганга умтулган:

Жорж Майкл сологой болгон. Ошого карабастан скрипканы өздөштүргөн. Сологойлор үчүн скрипка үйрөнүү өтө татаал экенин музыканттар жакшы билишет.
Рита Тилемишова

- Анын альбомдордун биринин артынан бирин чыгарып турганы да өзгөчө. Ошол эле учурда анын аткарган ырлары да, өзүнүн чыгармалары да бири-бирине окшобойт. Тактап айтканда, ар бир альбому өз алдынча оргиналдуу. Кайталанма обондордон, кайрыктардан качкан ырчы болгон. Ырларын угуп көрсөңүз ал жөн гана көмөкөйгө салып ырдап койгон эмес. Ырдоо учурунда драматургияны да, лирикалуулукту да пайдаланып, аткаруучулуктагы өзгөчөлөнгөн формулаларды колдонгон.

Рита Тилемишова Жорж Майклдын өмүр баяны тууралуу да көп окуган экен. Ал ырчынын ушул даражага жетишине өжөрлүгү себеп болгон деген пикирде:

- Жорж Майкл сологой болгон. Ошого карабастан скрипканы өздөштүргөн. Сологойлор үчүн скрипка үйрөнүү өтө татаал экенин музыканттар жакшы билишет. Ошол эле учурда көзүнүн көрүүсү да начар болгон. Өспүрүм кезинде көз айнегин линзага алмаштырган. Дайыма диетада отуруп, спорт менен машыккан. Мунун баары музыкага болгон сүйүүнүн күчтүүлүгү десек болот. Ал дайыма эл алдында жагымдуу көрүнүүгө умтулган.

Ырчы Актан Исабаев Жорж Майкл анын чыгармачылыгына кандай таасир эткенин айтып берди:

- Биз Жорж Майклдын чыгармаларын илгертен эле угуп жүргөнбүз. Жеке мен Майклды айрыкча жаңы жыл тууралуу ырынан улам таанып билгем. Андан башка да көптөгөн ырлары бар эле. Албетте, анын баары биздин чыгармачылыкка да таасир берген. Бирок убакыт баары бир өз милдетин аткарды окшойт, кийинчерээк көп көрүнбөй калды.

Ал эми ырчы Съездбек Искеналиев Жорж Майклдын чыгармаларын аткарып келгенин айтты:

- Мисалы, Last Christmas деген ырын аябай жакшы көрөм. Бул ыр ушул күнгө чейин ырдалып келет. Бул легендага айланган, түбөлүктүү ыр десек болот. Мага анын ырлары аябай жагат. Кабактарда, кафе, ресторандардан анын ырларын далай жолу ырдаганбыз.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов Жорж Майклдын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөргө токтолду:

- Үнү мыкты. Нукура кесипкөй ырчы. Өзү ырдаган ар бир чыгарманы өтө мыкты иштеп чыккан. Анын концерттерин көргөндө угармандар кадимкидей энергия алат. Жорж Майклдын дүйнөлүк шоу-бизнесте орду абдан чоң.

Британдык ырчы 1987-жылы өз алдынча ырдап чыгып, алгачкы ыр жыйнагы менен жыл мыктысы аталган. Чыгармачылыгында эки жолу “Грэмми” сыйлыгын алган.

Жорж Майклдын чыныгы аты Йоргос Кириакос Панайоту. Ал 1963-жылдын 25-июнунда Лондондо туулган. Атасы кипрлик ишкер, апасы англис үй-бүлөдөн чыккан бийчи болгон. Дүйнөлүк медиа 54 жашында каза болгон ырчынын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун жазууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG