Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Авиакырсык Sukhoi Superjet-100 беделине көлөкө түшүрдү


Азияга көргөзмө-сыноо сапарга барган Sukhoi Superjet-100 учагынын Индонезияда кыйрашы Орусиянын жарандык авиация боюнча дүйнөлүк базарга кайтып келүү мүдөөсүнө көлөкө түшүргөндөй болду.

Учактын тоолуу аймакта кыйрашынан кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылды. Sukhoi Superjet -100 Орусиянын СССР чачырагандан кийин өндүрүшкө киргизген алгачкы жүргүнчү учагы.

Орусия СССР кыйрагандан кийин жаңы үлгүдөгү алгачкы жүргүнчү учакты өндүрүшкө киргизүү менен совет доорунан калган эcки авиапаркын жаңылоону, ага катар эл аралык авиация базарында ордун кайра тикелөөнү көздөгөн. Мындай үмүткө Индонезияда 9-майда болгон кырсык сокку ургандай болду.

Учак Индонезияга жаңы кардарларды тартуу үчүн Азиянын алты өлкөсү боюнча сынакка катышууга жана көргөзмөгө бараткан.

"Sukhoi Superjet - 100" экипажы Жакарта аба майданында, 9-май, 2012
"Sukhoi Superjet - 100" экипажы Жакарта аба майданында, 9-май, 2012
Андыктан эми потенциалдуу кардарлар иликтөөнүн жыйынтыктарына жакындан байкоо салчудай. Атайын иликтөө учак бузуктугунан же учкучтардын жаңылыштыгынан улам кыйраганын аныктоосу керек.

Бирок Орусиянын өзүнүн авиация боюнча айрым эксперттери бул кырсыктан кийин учактын коммерциялык келечегинен күмөн санашпайт.

Москвада чыгуучу “Авиатранспорт” журналынын редактору Алексей Синитскинин ишениминде, Индонезиядагы кырсыктан кийин сатып алуучулардын көбү өз пландарынан баш тартпайт:

- Айрым сатып алуучулар эмоционалдуу реакция жасарына карабай, бул жеке инцидент эч бир планга коркунуч туудурбайт. Сөз Европанын учууга жарактуу деген сертификатын алган учак жөнүндө жүрүп жатат. Ал техниканын өзгөчө керемети эмес, бирок базардан өз ордун таба ала турган заманбап учак.

Эң көп дегенде 103 жүргүнчү салып жүрө ала турган учагын Орусия канадалык өндүрүштөгү Bombardier жана бразилиялык өндүрүштөгү Embraer учактарына атаандаш чыгарууну көздөгөн.

Ал батыштык өнөктөштөр, анын ичинде Италиянын учак жасоочу Finmeccanica жана Франциянын Thales and Safran компаниялары менен чогуу иштелип чыккан.

Дүйнө өлкөлөрүнөн азыркыга чейин 170 учакка заказ түшкөн. Ал эми калктын ортоңку катмары улам кеңейип бара жаткан Индонезиянын эки авиакомпаниясы буга чейин 42 учак сатып алууга кызыгуусун билдирген эле.

Жалпысынан Sukhoi компаниясы 2029-жылга чейин чет өлкөлүк кардарлар үчүн 1000ге чейин учак жасоону пландаган.

Индонезиядагы кырсык Sukhoi Superjet -100дүн коммерциялык келечегине олуттуу сокку урбаганы менен кадимки каттамдарга чыкканына бир жыл эле болгон учактын беделине көлөкө түшүрдү. Орусиялык таанымал учкуч-сыноочу Магомед Толбоев мындай дейт:

- Кырдаал кандай болгонун билбейм. Бул жерде учактын эч күнөөсү жок. Экипаж эмне кылганын айта албайм. Бортто потенциалдуу сатып алуучулардын өкүлдөрү жүрсө... "Орус авиациясын талкалап жатабыз" - деп мен буга чейин бир нече ирет эскерткем. Бүгүн жап-жаңы учакты жок кылдыкпы, бул жаакка чапкандыкка тете.



Негизинен коопсуз учак катары саналган “Sukhoi Superjet -100 майда-барат техникалык проблемаларга буга чейин да кабылган.

Бул үлгүдөгү учак бир нече күн мурда эле Казан шаарынын аэропортуна конуу учурунда тилкеден чыгып кетип, кайра кирген. Анда эч ким жабыр тарткан эмес. Техникалык туура эместиктерден улам учак март айында мурда мерчемделген каттамдардан да четтетилген.

Орус авиациясынын флагманы – “Аэрофлот” учурган Sukhoi Superjet -100 желдетүү системасындагы проблемалардан улам бир нече апта ишке жарабай турган.

Учактын беделине “НТВ” телеканалынын жакындагы берүүсү да көлөкө түшүргөндөй болду. Анда Sukhoi Superjet -100 учагын чыгаруучу заводдун ондогон кызматкерлери жергиликтүү окуу жайдан жалган дипломдорду алгандыгы айтылган. Бирок Sukhoi ишканасы андай кызматкерлер учак чогултууга түздөн-түз тартылбагандыгын билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG