Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Мажлистеги 290 орун үчүн 3 миң 400 талапкер ат салышууда.

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Тегеранда добуш берип жатып, элди шайлоого активдүү катышууга үндөдү:

- Мен адаттагыдай эле кеңеш берем. Бул добуш берүү биз үчүн чоң жоопкерчилик. Ошол эле маалда бул – укугубуз. Укугубуздан пайдаланып, жоопкерчиликти өзүбүзгө алууга тийишпиз.

Хаменеи элдин көп катышуусу Иран душмандарына катуу эскертүү болоорун да айта кетти.

Бул – 2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки алгачкы ири саясий өнөктүк. Президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайланышы массалык нааразылык чыгууларына алып келип, бийлик оппозициядагы реформачыл “Жашылдар кыймылына” каршы кампания баштаган.

Аналитиктер шайлоодо Хаменеиге жакын деп саналган талапкерлер жеңээрин боолголошот.

Өткөн жылдын этегинен бери катуу сынга кабылып келаткан президент Ахмадинежад үчүн бул добуш берүүнүн жыйынтыгы өзгөчө маанилүү болмокчу.

Хаменеинин тарапкерлери президентти экномиканы жанданта албайт деп айыпташууда. Анын үстүнө Ахмадинежаддын айрым санаалаштары кармалып, анын оң колу – Эсфандияр Рахим Машаинин ысымы банк махинациясына байланыштуу аталып жүрөт. Маалымат каражаттары боюнча кеңешчиси Али Акбар Жаванфекр болсо жогорку лидерге акарат келтиргендиги үчүн соттолду.

Апрелде президент чалгындоо министрин отставкага кетирүүгө аракеттенгенде Хаменеи аны кызматына кайра отургузуп, Ислам жумуриятында акыркы чечимдерди диний көсөм кабыл алаарын дагы бир ирет эскерткендей болду.
Эми болсо, айрым байкоочулар ырастагандай, Хаменеинин тарапкерлери президенттин парламенттеги фракциясынын апазын басууга аракеттениши мүмкүн.

Вашингтондук аналитик Али Ашраф Ахмадинежаддын колдоочуларынын бул шайлоодо ийгиликке жетише алаарына анча ишенбейт:

- Буга чейин айтылып келген божомолдорго карабай, Ахмадинежаддын өнөктөштөрү алсыздыгын көрсөтүп коюшту. Муну менен президенттин фракциясы шайлоого чейин эле жыдып калды деген ишара берилгендей.

Иранда талапкерлердин бардыгы Сакчылар кеңешинин элегинен өтүшөт. Президенттин санаалаштарына марадан чыгып калбаш үчүн шайлоо алдында өтө этият болууга туура келди.

Ошентсе да, бир катар президентчил талапкерлер, анын ичинде 20 чактысы Тегеран шаарында, депутаттык мандат үчүн ат салышуу укугунан ажырап калышты.

Президенттин колдоочуларынын добуш берүүнү так алдында жарыяланган тизмесине бир катар белгилүү адамдар камтылбай калган. Дагы бир аналитиктин пикиринде, алар шайлоодо жеңип, парламентте отуруп калган күндө да, Ахмадинежад алардын колдоосуна таяна алат деп эч ким кепилдик бере албайт.

Башка бир талдоочулар болсо, албетте, бул шайлоо 56 жаштагы Ахмадинежаддын кызматтан алып түшүрө калбайт деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG