Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Трамп: Иран жакка аскер жиберилбейт


АКШнын Багдаддагы элчилиги. Ирак.
АКШнын Багдаддагы элчилиги. Ирак.

Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалган кырдаалга байланыштуу Вашингтон Ирактагы элчилигинин айрым кызматкерлерине өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду.

Анын алдында «Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгышка 120 миң аскерин жиберет» деген маалыматтар чыгып, бирок президент Дональд Трамп аны четке каккан.

Дональд Трамп «Нью-Йорк Таймс» гезитинин «АКШ Ирандын болжолдуу чабуулуна жана өзөктүк курал программасын күчөткөнүнө байланыштуу Жакынкы Чыгышка 120 миң аскер жайгаштырууну пландап жатат» деген маалыматын четке какты:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Мен муну жалган кабар деп эсептейм. Биз мындай план түзгөн жокпуз. Андай план түзүүгө жетпейбиз деп ойлойм. Эгер муну жасай турган болсок, анда андан да көбүрөөк аскер жөнөтмөкпүз».

Трамптын администрациясындагы булактарга таянып, «Таймс» журналы министрдин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан өткөн жумада Трамп менен болгон жолугушууда Иранга аскер жиберүү планын сунуш кылганын жазды. Анда бир канча жуманын же айдын ичинде 120 миң аскерди Жакынкы Чыгышка жайгаштыруу жана башка сунуштар каралганы айтылган.

Маалыматтарда Иранга жерден кол салуу каралбаганы белгиленет.

Ал эми Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи «жаңжал чыгып кетет» деген сөздөрдү басаңдатып, эки өлкө ортосундагы чыңалууга карабастан, Тегеран Кошмо Штаттар менен согушууга умтулбай турганын билдирди:

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.

«Согуш болбойт. Биз да ага умтулбайбыз. Алар бул өз кызыкчылыгына каршы иш экенин билишет. Биз эч убакта согуш баштабайбыз, баштаган да эмеспиз. Бул эрктин атаандаштыгы, биздин эркибиз күчтүүрөөк».

Сочи шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео катышкан басма сөз жыйынында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маалыматтар «негизделбеген имиш» экенине үмүттөнөрүн билдирди. Майк Помпео «биз Иран менен согушту көргөн жокпуз» деп жооп берди.

Өткөн аптада АКШ Ирандан келип жаткан жаткан «болжолдуу коркунучтардын алдын алуу» деген жүйө менен Перс булуңуна учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөнү кабарланган.

Вашингтон Европадагы өнөктөштөрүнө да өз кадамдарын Тегерандын коркунучтарына байланыштуу коргонуучу аракеттер катары түшүндүргөн. Иран боюнча Кошмо Штаттардын атайын өкүлү Брайан Хук билдиргендей, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 13-майда Брюсселде өнөктөштөрүнө Иран тараптан болчу болжолдуу коркунучтар тууралуу ой бөлүшкөн.

13-майда Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Помпео менен жолугушуунун алдында Перс булуңунда АКШ менен Ирандын ортосунда «кокустан» чатак чыгып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

«Биз абалдын чыңалуусу менен кокустан жаңжал чыгып кетүү коркунучу жаралып жатканына тынчсызданып турабыз. Биз мындай кооптонуубузду Европадагы кызматташтарыбызга, АКШнын мамлекеттик катчысына билдиребиз. Бир тарап экинчисинин оюн түшүнүшү үчүн бизге тынчтык керек», - деп билдирген Жереми Хан.

​Ошол эле кезде Тегеран Вашингтон «психологиялык согуш жүргүзүп жатат» деп эсептейт.

Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде 2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.

Тегеран санкциялардын кайра жанданышын мыйзамсыз чечим деп эсептейт. Ушундан улам Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун жарыялаган.

Ал арада Вашингтон Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалган кырдаалга байланыштуу Американын Ирактагы элчилигинин эң зарыл кызматкерлеринен башкаларга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.

15-майдагы Мамлекеттик департаменттин буйругунда бул Багдаддагы элчиликтин жана Эрбилдеги консулдуктун кызматкерлерине да тиешелүү. Жөнөкөй виза берүү кызматтары эки кеңседе тең убактылуу токтотулган. Мамлекеттик департамент аларга «коммерциялык транспорт менен мүмкүн болушунча тез чыгып кетүүгө кеңеш» берген.

13-майда да АКШнын Багдаддагы элчилиги өз жарандарын «чыңалган кырдаалга» байланыштуу Иракка барбай турууга чакырган билдирүү тараткан. Бирок элчилик эмне үчүн мындай билдирүү таратканын түшүндүргөн эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG