Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Ирак жана күрт күчтөрү Мосулдагы ГЭСти кайра ээледи


Тигр дарыясындагы Мосул ГЭСи. 2010-жылы тартылган сүрөт.
Тигр дарыясындагы Мосул ГЭСи. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Ирактын коопсуздук жана күрттөрдүн пешмерга күчтөрү Кошмо Штаттардын абадан колдоосу астында Мосулдагы ГЭСке кайрадан көзөмөл орнотууга жетишкени кабарланууда.

Бирок маалымат башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. Согушкерлерди Ирактын түндүгүн электр кубаты менен жабдыган ГЭСтен сүрүп чыгаруу үчүн АКШ бомба таштоочу учактарынын кургакта жайгашкандарын жардамга алгачкы ирет жөнөткөн эле.

АКШ президенти Барак Обама америкалык учактардын Ирактын аймагындагы соңку аба соккуларынын максатын түшүндүрүп, Конгресске жазган катында Мосулдагы ГЭСтин согушкерлердин колуна өтүүсү көп сандагы жарандардын өмүрүнө, Кошмо Штаттардын Ирактагы кызматчыларына, объекттерине, анын ичинде Багдаддагы элчилигине коркунуч келтирмектигин белгиледи.

Сунни согушкерлеринин “Ислам мамлекети” тобу Мосулдагы ГЭСти 7-августта ээлеп алган болчу.

ГЭСти көзөмөлдөө аларга шаарларга суу каптатууга, электр энергиясын кыркып салууга мүмкүндүк бермек.

Андан бери согушчандар Мосулдан 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан, Ирактын түндүгүнүн басымдуу бөлүгүн электр кубаты менен камсыздаган ГЭСтин дамбасын жардырып жибербейби деген кооптонуулар айтылып жаткан. Мындайда суу ташкын борбор Багдадга чейин жетмек.

Жекшемби күнү ГЭСтин инженерлери согушкерлер ага кирип-чыккан жолдордун баарын миналап жатканын айтышкан.

ГЭСтен исламчыл согушкерлерди сүрүп чыгарууда ирактык жана күрттөрдүн күчтөрүнө жардамдашуу үчүн АКШнын ар кандай багыттагы аскерий учактары, анын ичинде бомба таштоочулары кечээ кеминде он төрт ирет сокку урду.

Борбордук командачылык билдиргендей, ал соккулардан согушкерлердин кеминде 12 брондуу унаасы, бир көзөмөл бекети талкаланган.

Бул аралыкта Ирак бийликтери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин езид азчылыгына каршы кыргын жүргүзгөнү үчүн айыптады.

Бийликтердин айтымында, согушкерлер Найнава провинциясынын Кочо деген кыштагында кеминде 80дей эркектин өмүрүн кыйышкан. Алардын көпчүлүгү езид азчылыгынын өкүлдөрү.

Өткөн аптанын соңунда Германиянын Иракка барган тышкы иштер министри Франк Вальтер - Штайнмайер езид качкындары менен жолугуп жатып:

- Биз езиддерге каршы жасалып жаткандарды акылга сыярлык деп эсептебейбиз. Немис эли азыркы кризисте силер менен бирге. “Ислам мамлекети” тобу бул жердден езиддердин, христиандардын, башка азчылыктардын тамырын үзүүнү көздөп жатат. Немис өкмөтү муну кылмыш жана кабыл алынгыс иш катары карайт,- деп айтты.

Германия ирактык качкындарга чукул жардам көргөзгөн Франция, Британия менен катар турат.

Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши апта соңунда ирактык жана сириялык алты согушкерди “кара тизмеге” кошуп, аларды колдогондорго каршы санкция киргизилерин эскертти.

Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы, Британиянын БУУдагы элчиси Марк Лайалл Грант жыйындан кийин сүйлөп жатып:

- Бул резолюция, биринчиден, террочуларды жана аларды колдогондорго олуттуу саясий белги берип жатат. Экинчиден, ал маанилүү практикалык чараларга көңүл буруп, согушкерлердин катарын чет элдиктер менен толуктоого тоскоолдук кылат. Үчүнчүдөн, бул террордук топторду каржылоо маселесине кайрылат. Акырында алты террорчуга жана алардын негизги каржылык колдоочуларына санкция киргизет.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы кошумчалагандай, АКШнын Ирактагы аба соккулары ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен жасалып жаткандыктан ага Улуттар уюмунун мандаты талап кылынбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG