Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Кытай талаштуу аралга ракета жайгаштырды


Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралдарында да курулуш иштерин жүргүзгөн. 2015-жыл, 21-майда тартылган сүрөт.
Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралдарында да курулуш иштерин жүргүзгөн. 2015-жыл, 21-майда тартылган сүрөт.

Кытай Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралга ракета жайгаштырды деген маалыматты расмий Бээжин түздөн түз ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бирок ал толугу менен өз аймагы катары эсептеген аралдарда коргонуу үчүн зарыл жабдууларды орнотуу иши көптөн бери жүрүп жатканын билдирүүдө. Өтө маанилүү соода жолу деп саналган Түштүк-Кытай деңизин жана андагы аралдарды Кытайдан анын Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшулары талашып жүрөт.

Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу Вуди аралына жер-аба үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстерин орнотконун алгач Тайвандын бийликтери айтып чыкты.

Тайвандын артынан бул маалыматты АКШнын коргонуу мекемесинин өкүлдөрү да ырасташты.

Ал эми америкалык Fox News телеканалынын интернет сайтында жарыяланган сүрөттөргө караганда, аралда зениттик-ракеталык комплекстердин ар биринде ракета атуучу төрттөн көзөнөгү бар эки батерея орнотулган.

Түштүк-Кытай деңизиндеги Кытай желеги.
Түштүк-Кытай деңизиндеги Кытай желеги.

​Муну спутниктен акыркы ирет 14-февралда тартылган сүрөт көргөзүүдө. Ага чейин 3-февралда тартылган сүрөттө, андай зениттик-ракеталык комплекстер жок болчу.

Расмий Бээжин өз тарабынан бул талаштуу аралга учактарга каршы колдонулуучу зениттик комплексти орнотконун түздөн түз ырастаган да, четке да каккан жок.

Бирок өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И бул маалыматты Батыштын “айрым медиасынын ойлоп тапканы”,- деп атап, талаштуу аралда коргонуу жабдуулары узактан бери эле орнотулуп жатканына көңүл бурду:

- Мына ушундай маалымат барын биз бир аз мурда эле уктук. Бул Батыштын кээ бир медиаларынын жаңылык жасоо аракети. Ал эми Кытай өз кызматчылары турган аралдарда, рифтерде курган, чектелген жана өзүн өзү коргоо объектилери эл аралык мыйзамдарга толук шайкеш келет. Бул жерде эч кандай суроо чыкпашы керек.

Абадан коргонуу жабдуулары жайгаштырылганы айтылып жаткан Вуди аралдары Кытайдын өзүндө Юнсин Дао, коңшу Вьетнамда Фулам деген ат менен белгилүү жана Түштүк-Кытай деңизиндеги Парсель аралдары архипелагына кирет.

Тайвандын президенти Цай Инвэн аймакта чыңалуу азыр жогору болуп турганын белгиледи. Вьетнам тарап азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Жапониянын тынчсыздануусу

Азиядагы коңшулардан Кытайдын кадамына Жапония дароо кабатырлыгын билдирди:

- Кытайдын жерди тез өздөштүрүп, аймакта база куруп, аны аскерий максатта колдонуу аркылуу Түштүк - Кытай деңизиндеги чыңалууну күчөтүшү жалпы эл аралык коомчулуктун маселеси. Биз мындай аракеттерге терең тынчсызданабыз, дагы бир жолу белгилеп кетейин. Жапония мындайды тааный албайт, - деди жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга (Yoshihide Suga) Токидогу басма сөз жыйында.

Жапонияда Кытай менен Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдар боюнча талаш бар.

Ал эми Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытай менен катар Бруней, Малайзия, Тайван, Вьетнам, Филиппин да өзүнүкү деп санайт.​

АКШ менен АСЕАНдын көз карашы

Талаштуу аралга ракета орнотулганы тууралуу кабар Калифорнияда АКШ менен Түштүк - Чыгыш Азия (ASEAN) өлкөлөрүнүн саммити аяктаган учурга туш келди.

Президент Барак Обама саммиттен кийинки басма сөз жыйында маселени комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Биз чыңалууну басаңдатуу үчүн Түштүк - Кытай деңизинде көзгө көрүнөрлүк кадам жасалып, анын ичинде курулуш иштери, талаштуу аймакты милитаризациялоо токтотулуусу керектигин талкууладык. Деңизде кемелердин эркин жүрүүсү камсыздалып, мыйзамдуу соодага тоскоолдук жасалбашы абзел. Биз союздаштарыбызга жана өнөктөштүрбүзгө алардын деңиздеги мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо жардам беребиз. Аймактагы талаштардын баары тынчтык жолу менен, БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясына ылайык күтүлүп жаткан арбитраждык чечимдер өңдүү мыйзамдуу каражаттарды колдонуу жолу менен чечилиши керек. БУУнун конвенциясын тараптардын баары, урматтап сакташы зарыл.

Вашингтон Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарда курулуш иштерин жүргүзүү, аскерий турумун чыңдоо менен эл аралык нормалар менен эрежелерди сактабай, коңшуларынын укугун бузуп жатат деп эсептейт.

Түштүк Кытай деңизинин маанилүүлүгүн адистер, ал аркылуу дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп же жылына 5 триллион доллардык товар ташылары, деңиз ошондой эле мунай-газдын коруна бай экендиги менен түшүндүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG