Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Космостогу "аксакал" жылдыздар


Спирал түрүндөгү NGC 4258 галактикасы
Спирал түрүндөгү NGC 4258 галактикасы

Ааламды жакыныраак изилдөө үчүн эң чоң телескоп жасалат. Ал эми дагы бир изилдөө боюнча учурда жер бетинде 3 триллионго жакын дарак өсөт.

Австралиялык жана америкалык окумуштуулар галактикада алгачкы болуп жаралган жылдыздарды аныктады.

НАСАнын билдирүүсү боюнча, илимпоздор тобу Австралияда жайгашкан обсерваториядан 5 миллионго жакын мындай жылдыздарды изилдеп чыккан.

Окумуштуулардын айтымында, жылдыз же планета миллиарддаган жылдардан кийин картаят. Бул кезде ал жарылып же чаңга айланып калкыган материя абалына келет.

Изилдөөнүн жүрүшүндө жогоруда айтылган 5 миллион жылдыздын 14 миңинин курамында оор металлдар өтө аз болгондуктан алар картайган жылдыздар деп табылган.

Бул жылдыздар галактиканын борбордук бөлүгүндө жана жээгинде жайгашкан болуп эки топко бөлүнөт. Мунун негизинде илимпоздор мындан 13 миллиард жыл мурда пайда болгон ааламдагы алгачкы процесстер кандай болгонун изилдешмекчи.

Жаңы телескоп илимдин олжосу

Чилидеги Лас Кампанас (Las Campanas) обсерваториясында дүйнөдөгү эң чоң телескоп жасалат.

Ал аалам кыйырындагы буга чейин илимге белгисиз болгон жылдыздарды изилдеп, алардагы жашоого шарт түзгөн оксиген, метан жана башка биогаздар бар-жогун аныктаганга колдонулат.

Долбоордун жетекчиси Тафт Армандроф “Чоң магеллан” телескобу ааламды изилдөөдө чоң ачылыштарга жол ачат деген ишенимде.

“Гиант Mагеллан Tелескопе” (Giant Magellan Telescope) жаңы телескобун куруу долбоору 2020-жылы аяктап, андан кийин ал толук ишке кирери күтүлүүдө.

Бир адамга 422 дарак туура келет

Америкалык Йель университетинин окумуштуулары спутник аркылуу жана буга чейинки маалыматтарга таянып, биз жашаган планетанын жашыл бөлүгүн жаңы ыкма менен изилдеп чыккан.

Анын жыйынтыгы боюнча, жердеги дарактар мурда белгилүү болгон сандан жети эсе көп болуп чыккан. Башкача айтканда, жерде жашаган ар бир адамга орточо алганда 422 дарак туура келет экен.

Аталган окуу жайдын докторанты Томас Кроудердин айтымында, жаңы изилдөө дүйнөдөгү жашыл өсүмдүктөр жөнүндө тагыраак маалымат алганга мүмкүнчүлүк берет. Дарактардын саны 3 триллионго жеткени жакшы жаңылык болгону менен, изилдөө учурунда жерде жашоо башталгандан бери плантенын жашыл өсүмдүктөрү 43% азайганы белгилүү болгон. Бул жыл сайын 15 миллиардга жакын дарак отун жана инфраструктуралык курулуштар үчүн кыйылып турат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG