Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Чөнтөктөгү интернет


Сиз алыскы айылга барганда телефон чала албай кыйналдыңыз беле? Учурда америкалык адистер даярдап жаткан софтвер же компьютердик программа сизге каалаган жерде каалаган адам менен интернет аркылуу байланышып, телефон аркылуу сүрөт, видео жиберүүгө мүмкүндүк берет.

АКШдагы Жаңы Америка Кору даярдап жаткан 2 миллион доллардык Көмүскө Интернет программасы биринчи кезекте Иран, Ливия, Түндүк Корея өңдөнгөн сөз эркиндиги чектелген мамлекеттерге эсептелинген.

Азырга чейин Блутус (Bluetooth) деп аталган программа менен ирандык активисттер маалыматты, сүрөттү же видеону интернет аркылуу эмес, бир чөнтөк телефондон түз aлмашып келишкен. Өз ара ишенишкен адамдар эми мындай маалыматты автоматтык түрдө ала алышат. Ал үчүн кадимки эле чөнтөк телефондун программасын бир аз өзгөртүш керек болот.

Ливия, 14-апрель, 2011-жыл
Бирок Көмүскө интернет мындан да масштабдуу долбоор. Тийиштүү жабдуулар менен жабдылган адам чек арадан өтүп келип, алеки заматта дүйнөлүк интернет тармагына кабелсиз эле кошула алат. Кабелсиз Wi-Fi байланышы бүгүн кеңири тараган, бирок жаңы долбоордун өзгөчөлүгү ага кошулган адамдын кайда экендигин аныктоо жеңил болбойт.

Долбоордун жетекчиси Саша Мейнраттын айтымында:

– Интернет программасын колдонгон адамды табуунун жолдору ар дайым бар. Биздин программа аны колдонгон адамды толугу менен жашырып койо албайт, бирок аны табыш абдан кыйын.

Мындай программа азыр Түндүк Кореядан качууга ниеттенген жарандарга карата колдонулууда. "Нью-Йорк Таймс" гезити жазышынча, Кытайдагы америкалык дипломаттар менен жолуккан чалгынчылар Түндүк Корея менен чек арадагы дөңсөөдө чөнтөк телефондорду көмүп кетишет, түн ичинде түндүк кореялыктар аны казып алып, жашыруун түрдө телефон чалышат.

Египетте президент Хосни Мубарактын өкмөтү кулаардын алдында бүт өлкө боюнча интернет байланышын токтотуп койгон. Ошол өңдөнгөн окуялардан улам Көмүскө Интернетке болгон кызыгуу кайра жанданды.

Бул долбоорду толук кандуу пайдалануу үчүн ноутбук, кабелсиз чакан антенна, программаны таркатуу үчүн компакт дисктер керек. Эгер сизде мындай жабдыктар бар болсо, анда интернетке барып, керектүү софтвер программаны каалаган убакта көчүрүп алсаңыз да болот. Бирок долбоордун жетекчиси бул программаны колдонуу үчүн жогорку деңгээлдеги даярдык керек экендигин эскертет:

- Бул долбоордун интернет сайтына барып, программаны бекер көчүрүп алса болот, алып да жатышат. Аны бир нече миң жолу көчүрүп алышты. Бир гана жери - аны колдонуу үчүн жогорку техникалык билим болуш керек.

Эгер сиз "атамдар жайлоого чыкканда шаарда туруп, "Скайп" аркылуу сүйлөшөм деп сүйүнүп жатса" деп капа болбой койо туруңуз. Саша Мейнраттын айтымында, бир-бир жарым жыл ичинде ар ким колдоно турган версиясы даяр болуп калышы мүмкүн:

Таята-таенелерге пайдасы качан тийет дегенге келгенде, биринчи айлампага 6-8 ай бергиле деп сурайт элем. Ар тарабынан карап, хакер досторубузга текшертебиз. Бир, бир жарым жылда барып, бул программанын эл арасында кеңири колдонулушуна жетүүнү максат кылып жатабыз.
XS
SM
MD
LG