Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Италия саясий кризиске кептелди


Италиянын президенти Сержио Матарелла. 27-май 2018, Рим
Италиянын президенти Сержио Матарелла. 27-май 2018, Рим

Италияда төрт күндөн бери өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Жузеппе Конте жаңы кабинет куруу аракетинен баш тартып, өлкө кайрадан саясий кризиске кептелди. Убактылуу премьерди дайындаган президент Сержио Матарелла эми эрте шайлоо өткөрүүнү жарыялайт деп күтүлүп жатат.

Ошентип, 4-мартта болгон парламенттик шайлоодон кийин Италия өкмөтсүз калды. Ал шайлоодо бир да саясий партия же блок көпчүлүк добушту алган эмес. Коалиция түзүү аракеттеринен көпкө майнап чыкпай келди. Жакында эле эки партия кошулуп сунуш кылган премьер да келбей жатып кызматтан баш тартты. Туңгуюктан чыгуу үчүн президенттин алдында бир эле жол - мөөнөтсүз шайлоо жарыялоо калды.

Жекшемби күнү кечинде өткөн жумада премьерликке сунуш кылынган Жузеппе Конте президент Сержио Матарелла менен жолугушкандан кийин өкмөт куруу мандатын кайтарып бергенин билдирди.

Жузеппе Конте
Жузеппе Конте

Ал күнү Конте Матарелланы болочок министрлердин тизмеси менен тааныштырган. Бирок президент Экономика министрлигин башкарууга көргөзүлгөн талапкерди жактырбай койду. Эмне дегенде 81 жаштагы профессор Паоло Савона бирдиктүү валютага, жалпы эле евроинтеграцияга каршы көз караштары менен белгилүү. Анын еврону “германиялык капас” деп атаганы да бар.

Айрым аналитиктер премьер Конте экономика министри Савонанын кол баласы болуп калат деген чочулап жатышкан.

“Экономика министрлигинин жетекчисин дайындоо финансылык рынокторго дароо ишеним же тескерисинче кабатырлануу ишарасын берет”, - деди Матарелла.

- Мен бул кызматка көпчүлүктү түзгөн саясий партиянын таанымал өкүлүн көргөзүүнү сунуш кылдым. Ал - урмат-сыйга татыган, ошол эле маалда коалициянын өлкөнүн евро зонадан чыгуусун жактаган билдирүүлөрүн колдобогон саясатчы болушу керек.

Италиянын Баш мыйзамы боюнча президент тигил же бул талапкерди четке кагышы мүмкүн, бирок коалицияга кирген эки партия – популисттик “Беш жылдыз” кыймылы жана улутчул “Лига” партиясы Матарелланын кадамына катуу нааразы болушту.

Президент Италияда популисттик өкмөттүн пайда болушу жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду кыйла чочутканын белгилеп келет. Ансыз да бир нече күн мурда "Moody" агенттиги өлкөнүн кредит рейтингин төмөндөтөрүн эскерткен.

Матарелла Савонанын талапкерлигин жактырбай койгондон кийин евронун куну башка валюталарга салыштырмалуу бир аз болсо көтөрүлдү.

Коалициялык өкмөткө кирмекчи болгон “Беш жылдыз” кыймылы жана мигранттарга каршы улутчул “Лига” Евробиримдиктин финансылык үнөмдөө саясатын сындап, Италиянын мамлекеттик карызынын шарттарын өзгөрттүрүүнү көздөшөт. Баса, өлкөнүн карызы ички дүң өндүрүмдөн 1,3 эсе ашат.

Дүйшөмбү күнү президент Матарелла убактылуу өкмөт башчы кылып Эл аралык Валюта фондунун мурдагы жогорку функционери Карло Коттареллини дайындады.

Ошол эле күнү Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Италияда жакын арада стабилдүү, европачыл өкмөт пайда болот деп үмүттөнүшөрүн билдиришти.

- Италиялыктардын Евробиримдикке ишеними соңку күндөрдө көтөрүлгөнүн байкадым. Эми шаркетке ишеним арткандар 41 процент экен. Баарыбыз ушуну ойлонушубуз керек, - деди биримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини.

Быйылкы шайлоого чейин “Түндүк Лигасы” деп аталган «Лига» партиясы Италиядагы мигранттардын санын кыскартырууну, экономиканы либералдаштырууну максат кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG