Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Бишкекте аялдардын эл аралык жыйыны өтүүдө


Соңку жылдары Кыргызстанда аялдар коомдук-саясий турмушка жана ишкерликке жандуу аралаша баштаганы айтылып келет.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдар коомдук-саясий турмушка жана ишкерликке жандуу аралаша баштаганы айтылып келет.

Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиуму башталды.

Жыйынга АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин аялдардын глобалдык маселелери боюнча элчиси Мелани Вервир да катышууда.

Мамлекеттик департаментинин мансабы бийик өкүлдөрүнөн тышкары симпозиумга кыргыз президенти Роза Отунбаева, Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен жогорку даражадагы чиновниктер, көз карандысыз уюмдардан эксперттер катышып жатат.

Президент аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карабаева жыйын башталар алдында "Азаттыкка" буларды кабарлаган:

- Бул симпозиумдун башкы демилгечилери Кошмо штаттардын Мамлекттик департаменти жана Кыргызстандын президентинин аппараты. Жыйынга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандан атайын делегациялар, жогорку даражадагы коноктор келет.

Симпозиумду өткөрүү чечими өткөн жылдын аягында президент Роза Отунбаева менен АКШ Мамлекттик катчысы Хиллари Клинтондун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын башкы максаты - лидер аялдардын аймактык ишкерлигин колдоо.

Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия бюросунун аялдар маселелери боюнча улук координатору Мелани Биксби жыйындын максаты тууралуу “Азаттыкка” кененирээк буларды айтып берди:

- Симпозиумдун башкы максаты - ишкерлик жана соода аркылуу экономикалык турмушта аймактагы аялдардын ролун арттыруу. Бириккен Улуттар уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта корунун биригип жүргүзгөн изилдөөлөрүнө караганда аялдардын расмий экономикага тартылышы көптөгөн оң пайдаларды алып келет. Симпозиумда аялдардын саясий турмуштагы орду , жетекчилик кызматтарга тартылышы жана билим берүүдөгү ролу талкууланат. Ошондой эле симпозиумда лидер аялдардын тажрыйба алмаштыруу тармагын түзүү, билим берүү, экономика тармагында, саясатта лидер аялдардын түйүнүн түзүү каралат.

Учурда Кыргызстан аялдары бизнесте бир топ эле ийгиликтерге жетишип жатканы айтылып келет. Бул симпозиумга катышканы жаткан “Сиар” компаниясынын жетекчиси Айнура Сагынбаева мындай эл аралык жыйындын Бишкекте өткөрүлүшү жакшы жышаан деп эсептейт:

- Аялдардын ишкерликтеги ролу абдан чоң. Советтер Союзу тарагандан кийин үй-бүлөнү багуу деген маселе аялдын түйшүгүнө кирди. Аялдар өзүнүн колунан келген аракетин көрүп бизнести уюштуруу, бизнести өнүктүрүүдө бир топ ийгиликтерге жетише алды.

Айрым эксперттер Кыргызстанда аялдар ийгиликтүү бизнес жасап жатканы башка мамлекеттерге да үлгү болгонун белгилеп жүрүшөт. Бирок бизнесте мындай жигердүүлүк болгон менен кыйла жылдар бою кыз-келиндер коомдук-саясый турмушка активдүү катыша алган эмес. Мурдагы бийлик тушунда парламентке бир да аял депутат келбеген учурлар да болгон. Азыркы өкмөттө да аял министрлердин саны өтө аз.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жана Ооганстанда аялдардын саясат менен экономикадагы орду кандай экени эки күндүк эл аралык симпозиумда анык билинет. Эки күнгө созулчу бул жыйынга аталган өлкөлөрдөн жүзгө жакын аялдар катышууда.

XS
SM
MD
LG