Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Жаңжал жүргүнчүлөрдү ара жолдо калтырды


Бангкок аэропорту, 28-февраль 2019
Бангкок аэропорту, 28-февраль 2019

Кашмирдеги жаңжалдан улам Пакистан аба мейкиндигин жапканы, миңдеген жүргүнчү эки жакка уча албай аэропорттордо калды.

Бейшембиде бир катар авиакомпаниялар Пакистандын үстүнөн өтчү учактарын башка жолдорго бурууга же каттамдарын башка күнгө которууга аргасыз болушту.

Мындай кыйынчылыктарга негизинен Европа менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган рейстер кабылып жатат.

Бир нече күндөн бери Кашмирдеги кырдаалдан улам Дели менен Исламабаддын мамилеси чыңалып отуруп, 27-февралда Пакистандын жарандык авиация мекемеси өлкөнүн аба мейкиндигин жарым-жартылай жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Индиянын бийлиги да өлкөнүн түндүгүндөгү жана Кашмирдеги бир нече аэропортту жапканы кабарланып жатат.

27-февралда Дели менен Исламабад бири-биринин аскердик учактарын атып түшүргөнү белгилүү болгон.

“Таиланд Аба жолдору” компаниясы 28-февралда ондон ашуун рейстерин аткарган жок. Дагы бир бөлүгү Кытай аркылуу учмай болду. Бангкоктогу аэропорт жүргүнчүлөргө толуп калды.

- Аэропорт уча албай орто жолдо калган жүргүнчүлөрдүн жарымынан көбүн мейманканаларга жайгаштырды. Бирок алардын качан уча алышарын айта албайм. Бардыгы жаңжалдашкан өлкөлөрдөгү кырдаалга жараша болмокчу. Жүргүнчүлөргө кам көрүүгө бар аракетибизди жумшап жатабыз, - деп айтып берди Таиланддын башкалаасындагы эл аралык аэропорттун менежери Киттипонг Киттикачорн.

Шаршембиде “Эмираттардын Аба жолдору”, “Катар Аба жолдору” Пакистанга рейстерин убактылуу токтотуп койсо,“Британ Аба жолдору”, “Сингапур Аба жолдору” жана башка компаниялар альтернативдүү жолдорду издеп жатышат.

27-февралда Санкт-Петербургдан Таиланддын Краби провинциясына учуп чыккан Azur Air компаниясынын учагы кайра Орусияга кайтып барды. “Аэрофлоттун” Москва-Бангкок каттамындагы лайнери Ташкент аэропортуна конууга аргасыз болду.

“Манас” аэропортунан Индиянын борбору Делиге жөнөчү жана ал жактан учуп келчү рейстер бейшембиде аткарылган жок.

Тажик бийлигинин билдиргенине караганда, көптөгөн чет өлкөлүк компаниялар Түштүк-Чыгыш Азияга бараткан учактарынын багытын өзгөртүп, тажик аба мейкиндиги аркылуу учуулар азайды.

Транспорт министринин орун басары Шерали Ганжалзоданын айтымында, Кашмирдин үстүнөн учуп өтүүгө буга чейин эле уруксат берилчү эмес:

- Эми тыюу салынган мейкиндикти кеңейтишкен өңдөнөт. Атышуулар жүрүп жатса, ушундай чара көрүшсө керек. Учактар маршруттарын өзгөртүп, учуу убактысы узарууда.

Эки атомдук держава ортосундагы тиреш бул ирет 14-февралда Кашмирдин Дели көзөмөлдөгөн бөлүгүндө индиялык 40тан ашуун полициячы жанкечтинин жардыруусунан набыт болгондон кийин күчөгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG