Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Кашмирдеги кагылышта 20дай адам өлдү


Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү.
Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү.

Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө митингчилер менен полициянын кагылышуусунан кеминде 20 адам мерт болду. Кашмир 1947-жылы Британиянын оторчулугу аяктаганда Индия менен Пакистандын ортосунда бөлүнгөн. Ошондон бери ал жерде тез-тез чыр-чатактар орун алып турат.

Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүнүн бийлик өкүлдөрү 1-апрелде билдиришкендей, Кашмирдин Сринагар шаарынын түштүк ыптасында болгон окуядан үч индиялык аскердин, согушкер катары шектүү 13 адамдын жана төрт карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Курмандыктар тууралуу акыркы маалыматтар дагы өзгөрүшү мүмкүн. Кандай болгон күндө да бул акыркы жылдардагы адам өмүрүн алган чоң кагылыштардын бири болуп калды.

Маалыматка ылайык, миңдеген демонстранттар Индиянын башкаруусуна нааразылык иретинде көчөгө чыгып, таш ыргыта баштаганда полиция аларга ок аткан. Бийлик өкүлдөрү "демонстранттар согушкер катары шек саналган адамдарга каршы операцияга тоскоолдук кылууну максат кылышкан" деп билдирүүдө. Анын алдында Индиянын күчтөрү Кашмирдин түштүгүндө козголоңчуларга каршы операция баштаган.

Бул аймакта Нью-Делинин бийлигине каршы жоочулардын аракети күчөгөнү кабарланып келет.

Демонстранттар нааразылык акциясын улантууга убада берип жатышат. Мындан улам 2-апрелде Сринагар шаарындагы мектептер убактылуу жабылды. Поезддер жүрбөй турганы, жаңжалды токтотуу максатында айрым аймактарда Интернетке да бөгөт коюлаары кабарланды.

Индия армиясынын аскерлери. 28-март, 2017-жыл.
Индия армиясынын аскерлери. 28-март, 2017-жыл.

Коңшу Пакистан 1-апрелдеги кандуу окуяларды айыптап, өлгөндөр “күнөөөсүз болгон” деп билдирди. “Баскынчылардын бул сыяктуу аракеттери Кашмир элинин чечкиндүүлүгүн гана күчөтөт" деп айтылат Пакистандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Индиянын маалымат каражаттары 1-апрелде жок кылынгандарды “жоочулар” деп атаса, Пакистандын маалымат каражаттары аларды “шейиттер” деп сыпаттап жатат.

Жыл башынан бери бул аймакта Индия тарабынан согушкер катары шек саналган 51 адам курман болду.

Кашмир 1947-жылы Британиянын оторчулугу аяктаганда Индия менен Пакистандын ортосунда бөлүнгөн. Эки өлкө тең аймакты ошондон бери талашып жүрүшөт. Индия Пакистанды "жоочуларды жөнөтүп, Кашмирде чабуул коюп жатат" деп айыптап келет. Пакистан бул дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

Делинин көз карашында, Исламабад "көзөмөл сызыгына өзү машыктырган согушкерлерди жөнөтөт”. Пакистан болсо буга чейин Кашмирдин өз тагдырын аныктоо күрөшүнө дипломатиялык колдоо көргөзүп жатканын гана билдирген.

Эки тарап 2003-жылы кабыл алынган келишимди кайра ишке киргизүү туурасында былтыр ноябрь айында макулдашканы менен андан бери ок атышпоо жөнүндө келишим бир нече жолу бузулду.

Былтыр Индия менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынында бири-бирин "террорчулукту колдойт" деп айыпташкан.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG