Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

АКШ менен Индия Пакистанга сөөмөй кезеди


Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө, 26.06.2017
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө, 26.06.2017

Дональд Трамп менен Нарендра Моди Пакистанды террордук чабуулдарды токтотууга чакырды.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Пакистанды “аймагы башка өлкөлөргө террордук чабуулдарды даядоочу жайга айланып калбашы үчүн" кам көрүүгө чакырды.

Вашингтондо эки лидер жолугушуп, биринчи жолу бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин Пакистанды байырлаган согушкер топторго каршы күрөштү күчөтүүнү макулдашты.

26-июнда Вашингтондо президент премьер-министр Моди "Биз терроризмге каршы күрөштө жана террористтердин коопсуз башкалкаларын жок кылууда кызматташтыгыбызды бекемдөөнү талкууладык. Алардын коопсуз жашынган жерлерин жок кылуу биздин кызматташтыктын маанилүү бөлүгү” - деп айтты Трамп менен жолугушуудан кийин.

Дели Пакистанды байырлаган куралдуу топторду Индиянын аймагында бир катар чабуулдарды уюштурган деп айыптайт.

Ак үйдөгү сүйлөшүүдөн кийин президент Трамп Индия АКШ менен “радикал исламчыл терроризмге” каршы күрөштө кызматташууга макул болгонун белгилеп, премьер-министр Модиге 2,4 млрд долларга аскерий учактарды сатып алганы үчүн ыраазычылык айтты.

“Эки өлкө тең терроризмден жабыркаган, андыктан эки өлкө тең террористтик уюмдарды жана алар сугарылган радикалдык идеологияны талкалоону чечишти. Биз радикал исламчыл терроризмди жок кылабыз” - деди Трамп.

Трамптын администрациясы биринчи жолу Индияга коргоонуу жаатында колдонулган алдыңкы технологияны сатып жатат. Буга чейин Вашингтон мындай технологияны эн жакын өнөктөштөрүнө гана берип келген. АКШдан алынчу технологияга пилотсуз учуучу аппараттар дагы кирет. Алардын жардамы менен Инди океанындагы Кытайдын кемелери улам арбып бараткан кырдаалга көз салат.

Ак үй Индияга сатылган пилотсуз учактар Пакистанга эч кандай коркунуч туудурбастыгын дагы билдирди.

Трамп жарыялаган кадамдар Вашингтондун Пакистанга карата саясатын катаал нукка бурабы-жокпу, азырынча белгисиз. Ак үй Ооганстан боюнча стратегиясын кайра карап чыгууда өз аймагында куралдуу топторду жашырганы үчун Пакистанга дагы чараларды киргизүүнү караштырып жатканы маалым.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Кашмирдеги радикал исламчыл топтун лидери Сайед Салахуддинди Кошмо Штаттар “глобалдык террористтердин тизмесине” киргизгенине Индиянын лидери “ыраазычылык билдиргени” да айтылат.

Премьер Моди Ак үйгө келээрден бир нече саат мурун Мамлекеттик департамент Пакистанда жайгашкан "Хизб-ул-Муджахидин" куралдуу тобунун лидери, Индиянын Кашмир аймагынын көз карансыздыгы үчүн күрөшкөн жикчилдердин жетекчиси Сайед Салахуддин деген ат менен таанымал Мохаммад Юсуф Шахка каршы санкцияларды киргизген. Бул топ Индияда, АКШда жана Евробиримдикте террористтик уюм деп таанылган.

Жарыяланган санкцияларга ылайык америкалык жарандарга Салахуддин менен кандайдыр бир иш жүргүзүүгө тыюу салынып, анын АКШдагы банк эсептери менен мүлкү камакка алынат.

Вашингтондун мындай чара көрүүсү Пакистан менен Индиянын ортосундагы талаштуу аймакты башпаанектеген козголоңчул күчтөрдүн он жылдап согушкан кармашынын жабыркаган Индия үчүн дипломатиялык жеңиш катары сыпатталып жатат.

Эки лидер ошондой эле АКШ менен Индия ортосундагы соода алакаларын талкуулашты.

Буга чейин Трамп Индияны климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж келишиминен пайда тапкысы келет деп айыптаган. Вашингтон бул глобалдык макулдашуудан чыгарын ушул ай башында жарыялаганда Делинин сынына кабылган.

АКШга келип иштөө үчүн миңдеген индиялык инженер-программисттерге берилчү виза маселесин кайра карап чыгуу боюнча Трамптын сунушу дагы Делини тынчсыздандырган.

Америкалык “Чыгыш-Батыш” уюмунун Вашингтондогу кеңсесинин директору Сату Лимае “Трамп менен Модини өзгөрүүлөргө умтулган ашынган популисттик лидерлер” деп мүнөздөйт.

Экөө тең интернеттеги Твиттер түйүнүндө активдүү болгондуктан, алардын аккаунттарына катталып, окугандардын саны боюнча саясатчылар арасында Трамп менен Моди алдына эч кимди чыгара элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG