Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Индия Пакистандагы жоочуларга сокку урду


Индиянын «Мираж-2000» аскердик учагы. 16-февраль, 2019-жыл.
Индиянын «Мираж-2000» аскердик учагы. 16-февраль, 2019-жыл.

Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын жарыялады. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан шашылыш чабуул койгонун, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.

Пакистандын аймагына абадан сокку урулганын Индиянын телеканалдары шейшембиде таң эрте тынымсыз көрсөтүп жатышты. ANI жаңылыктар агенттиги Индиянын «Мираж-2000» үлгүсүндөгү 12 учагы Пакистандагы «террорчулардын лагерин» бутага алганын кабарлады.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги аскердик учактар Кашмирдин иш жүзүндөгү чек арасынан 80 чакырымдай алыстыктагы Пакистандын Балакот аймагына сокку урганын ырастады.

- Түздөн-түз коркунуч жаралып жаткан шартта душманды жок кылуучу аба чабуулдарына чоң зарылчылык туулду. Бүгүн таң эрте чалгын кызматы жетектеген операцияда Индия Балакоттогу «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун эң чоң машыгуу лагерине сокку урулду. Бул операцияда аталган топтун көп сандагы террорчулары, машыктыруучулары, жогорку командирлери жана жанкечтилери жок кылынды, - деп билдирди Индиянын тышкы иштер маселелери боюнча катчысы Вижай Гохале.

Кашмирдеги Индиянын аскерлери. 18-февраль, 2019-жыл.
Кашмирдеги Индиянын аскерлери. 18-февраль, 2019-жыл.

Бул окуя өзөктүк куралы бар эки коңшунун ортосундагы 1971-жылкы согуштан берки Кашмирдин көзөмөл тилкесинин чегинен өтүп, экинчи тарапка коюлган алгачкы аба чабуулу катары мүнөздөлүп жатат.

Нью-Дели менен Исламабаддын ортосундагы мындай жаңы чыңалууга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себеп болду. Бул үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун жоочулары мойнуна алышкан. Индия Пакистанды «согушкерлерди таптап жатат» деп күнөөлөсө, расмий Исламабад айыптарды четке кагып жатат.

Пакистандын бийлиги шейшембиде абадан сокку урулганын ырастаганы менен Индиянын учактары чек арадан 7 чакырымдай гана ичкери киргенин, алар шашылыш сокку уруп, кайра артка учуп кетишкенин, чабуулдан эч ким жабыркабаганын билдирди. Армиянын басма сөз өкүлү Асиф Гафоор буга Пакистандын Аскер-аба күчтөрүнүн чечкиндүү аракети себеп болгонун «Твиттерге» жазды.

Эки күн мурда Исламабаддын башкы дипломаты Индия бийлигин Пакистанды сынабоого чакырган:

- Пакистан - тынчтыкты көздөгөн өлкө. Бирок мен Индияга так билдирип койгум келет. Эгер силер «алар баш ийип калат» деп ойлоп, согуштук кырдаал жаратып жатсаңар, бизди коркуп калат деп күтүп жатсаңар, анда андай жаңылыш ойдон арылгыла. Биздин эл азыр бир муштумдай бирикти, - деп эскерткен Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши.

Пакистандын Карачи шаарындагы Индияга каршы жүрүш. 25-февраль, 2019-жыл.
Пакистандын Карачи шаарындагы Индияга каршы жүрүш. 25-февраль, 2019-жыл.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан.

Кашмирдин эки өлкө көзөмөлдөгөн аймактарынын ортосунда маал-маалы менен снаряддар учурулуп турса да аскердик учактар көзөмөл тилкесинин экинчи тарабына өткөн учурлар сейрек каталат.

Чөлкөмдөгү соңку абал Пакистан менен Индиянын ансыз да солгун алакасын ого бетер чыңалтып койду. Кашмирдеги кырдаалдан улам Пакистан Нью-Делидеги элчисин кеңешүүгө чакыртып алды.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кашмирдеги ондогон индиялык аскердин каны төгүлгөн окуяга анын өлкөсүнүн эч кандай тиешеси жок экенин кайталап, тирешүүнү токтотуш үчүн Индияны сүйлөшүүгө үндөдү.

Апрель жана май айларындагы парламенттик шайлоого камылга көрүп жаткан Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кашмирдеги жанкечтинин жардыруусуна катаал жооп кайтарууга убада берген болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG