Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Индияда чириген байлар куда болушту


Болливуд жылдызы, актер Ранвир Сингх жубайы, актриса Дипика Падуконе менен миллиардерлердин балдарынын тоюнда. Мумбай. 12-октябрь, 2018-жыл.
Болливуд жылдызы, актер Ранвир Сингх жубайы, актриса Дипика Падуконе менен миллиардерлердин балдарынын тоюнда. Мумбай. 12-октябрь, 2018-жыл.

12-декабрда Индиядагы эки миллиардердин балдарынын үйлөнүү тою өттү. Тойго АКШнын мурдагы мамлекеттик катчылары Хиллари Клинтон, Жон Керри баштаган белдүү саясатчылар, таанымал ишкерлер катышты.

“Тойдун болгонунан да болору кызык” демекчи, Иша Амбани менен Ананд Пирамалдын үйлөнүү тоюна даярдык бери дегенде жарым жыл мурда башталган. Сентябрда Италиядагы Комон көлүнүн жээгиндеги ак сарайлардын биринде кыргыздар айткандай “сөйкө салуу аземи” өтүп, эки жаш түбөлүккө кол кармашууга шерттешкен.

Үлпөт тойду утурлай жекшембиде Индиянын Удайпур шаарындагы 16-кылымга таандык сарайда өткөн шаан-шөкөттүү салтанатка бир катар ардактуу коноктор чакырылган. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, 2016-жылкы шайлоодо президенттикке ат салышкан Хиллари Клинтондун Индиянын атактуу актерлорунун бири Шах Рух Хан менен тойдо бийлеп жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланды. Андан бир аз обочодо Кошмо Штаттардын дагы бир экс-мамлекеттик катчысы Жон Керри да коноктордун арасында бийлеп жүргөнү көрүнөт.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Аманди менен Пирамалдын тоюнда. Мумбай. 12-декабрь, 2018-жыл.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Аманди менен Пирамалдын тоюнда. Мумбай. 12-декабрь, 2018-жыл.

Ал эми меймандар үчүн дүйнөгө таанымал ырчы Бейонсе өз ырларын тартуулады. Ырчы сахнага индустардын улуттук кийими менен чыкканын “Инстаграмдагы” баракчасына чыгарган сүрөттөрү айгинелейт.

Иша Амбани Индиядагы эң бай саналган Мукеш Амбанинин кызы. “Форбстун” эсебине караганда, анын байлыгы 43 миллиард доллардан ашат. Мукеш Амбани "Reliance Industries" деп аталган, негизинен мунай бизнеси менен алектенген конгломераттын кожоюну. 27 жаштагы Иша 2014-жылы Стенфорд университетин аяктаган. Ал эгиздин түгөйү. Агасы Акаш менен бирге "Reliance Jio" уюлдук операторунун директорлор кеңешине кирет.

Ал эми 33 жаштагы Ананд Пирамалдын атасынын байлыгы Амбаниникине салыштырмалуу азыраак. "Piramal group" деп аталган компаниянын негиздөөчүсү Ажай Пирамалдын байлыгы ар кандай маалыматка таянсак, 4,3 миллиард доллардын тегерегинде. Ананд Пирамал алгач Пенсильвания университетинде билим алып, кийин Гарвард университинин магистратурасын аяктаган. Ал атасынын компаниясында аткаруучу директордун кызматын аркалайт. Өзү да кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенген "Piramal Realty" компаниясын жана медициналык клиникалардын тармагын түзүүгө жетишкен.

Индиядагы эң бай адам деп саналган Мукеш Абмани менен аялы Нита, кызы Иша, уулдары Акаш жана Анант. Мумбай. 21-июль, 2018-жыл.
Индиядагы эң бай адам деп саналган Мукеш Абмани менен аялы Нита, кызы Иша, уулдары Акаш жана Анант. Мумбай. 21-июль, 2018-жыл.

"Reuters" агенттигинин жазышынча, байлардын балдарынын тоюна индиялык миллиардер Лакшми Миттал, "21st Century Fox" компаниясынын аткаруучу директору, медиамагнат Руперт Мердоктун кичүү уулу Жеймс Мердок, Сауд Аравиянын энергетика министри Халид Аль-Фалих да чакырылган.

Индияда тойлордун маалы октябрда башталат. Өлкөдөгү байлардын тойлору - бул жыйган дүнүйөсүн даңазалоо. Коноктор чартердик учактар менен дүйнөнүн булуң-бурчунан учуп келишет. Андай жерге келген жылдыздар бир-эки ырын аткарганы үчүн жүз миңдеген доллар алат.

Ушул айдын башында индиялык таанымал актриса Приянка Чопра менен америкалык ырчы Ник Жонстун үйлөнүү тоюна Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышкан.

Индиялык таанымал актриса, ырчы Приянка Чопра жана анын жолдошу, америкалык ырчы Ник Жонас. Мумбай. 12-декабрь, 2018-жыл.
Индиялык таанымал актриса, ырчы Приянка Чопра жана анын жолдошу, америкалык ырчы Ник Жонас. Мумбай. 12-декабрь, 2018-жыл.

Негизи эле индиялыктар дүңгүрөтө той бергенден ырахат алышат. Биринен-бири ашкан тойлор, ага чакырылган жүздөгөн-миңдеген коноктор, атак-даңктуу ырчы-бийчилерди алып келүү – миллиондогон долларды чапчыйт. Байларга атаандашып карапайым тургундар да насыя алып, карызга батса да чоң той беришет. Мындан улам активист Арчан Далмия Индиядагы тойлор кооптуу болуп баратканын айтты:

“Дыйканчылык менен алектенген бирөө кызынын тоюна жетиштүү акча чогулта албаганы үчүн өз жанын кыйышы мүмкүн” - дейт ал.

Улуттар Уюмунун статистикасына караганда, Индиядагы аялдардын көбү күйөөгө чыкканда берилген септин айынан жарыкчылык менен кош айтышат. Непадам кыздын төркүнү жигиттин үй-бүлөсү сураган септи бере албаса, кайындары келинди ар кандай себептер менен өлтүрүп салган фактылар көп кездешет.

Индиянын калкы бир миллиард 300 миллиондун тегерегинде. Экономикалык жактан алганда Индия дүйнөдө ыкчам өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көч башында.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG