Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Азербайжандын Лондондо сапырылган акчасы


Замира Хажиева миллиондорду короткон Лондондогу "Хэрродс" дүкөнү.
Замира Хажиева миллиондорду короткон Лондондогу "Хэрродс" дүкөнү.

Азербайжандык банкирдин аялы Замира Хажиева Британиянын арам акчага каршы күрөшкөн жаңы мыйзамынын кылтагына илинген алгачкы адам болуп калды. Ал он жыл ичинде бир эле дүкөндө кеминде 21 миллион доллар короткону аныкталды. Эми ал мынча акчаны кайдан тапканын далилдеп берүүгө тийиш.

Британиянын жыл башында күчүнө кирген жаңы антикоррупциялык мыйзамы бутага алган алгачкы чет өлкөлүк жарандын тек-жайы бир канча ай бою жашыруун сакталып келип, акыры соттун уруксаты менен апта башында жарыяланды.

Ал Азербайжандын эл аралык банкын 2001-2015-жылдары жетектеген Жахангир Хажиевдин бир канча жылдан бери Лондондо жашап келген жубайы Замира Хажиева болуп чыкты.

Жыл башында Британияда күмөндүү байлык кайдан келгенин, шектүү турак жай кайсы акчага сатылып алынганын териштирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам иштей баштаган.

Ага ылайык, соттун буйругу чыкса, кайсы бир адам өзүнүн байлыгынын булагын көрсөтүп берүүгө милдеттүү. Анте албаса мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн.

Февраль айында жаңы мыйзам боюнча биринчи жолу соттун буйругу чыгып, КМШ чөлкөмүнөн чыккан, саясатка аралашып жүргөн бир адамдын дээрлик 30 миллион доллар турган Лондондун так ортосундагы бир үйү жана Аскоттогу гольф клубу боюнча иликтөө башталган.

Кийинчерээк сөз болуп жаткан эки кыймылсыз мүлктүн кожоюну шектенүүгө негиз жок деген жүйө менен сотко доо арыз жазган. Ал арыз октябрдын башында четке кагылып, шектүү турак жайлар азербайжандык Замира Хажиевага таандык экени ачыкка чыгып отурат.

Жахангир жана Замира Хажиевалардын интернетке жарыяланган сүрөтү.
Жахангир жана Замира Хажиевалардын интернетке жарыяланган сүрөтү.

Соттук териштирүүдө Хажиева Лондондо шапар тээп жашап, дүкөндөрдө акчаны чачып жүргөнү белгилүү болду.

Маселен, ал соңку он жылда Лондондогу атактуу “Хэрродс” дүкөнүндө 16 миллион фунт стерлинг же кеминде 21 миллион доллар короткон. Бир күндө Хажиева зергер буюмдарды жана атырларды саткан белгилүү дүйнөлүк брендден 200 миң долларга соода кылганын документтер күбөлөп турат. Ал күйөөсү жетектеген Азербайжандын эл аралык банкы тарабынан берилген 35 кредиттик картаны колдонуп келген. Ошондой эле 42 миллион долларга сатып алган “Гольфстрим G550” чартердик учагы менен эки жакка каттап турган.

Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агентиги Хажиеванын байлыгы анын банкир күйөөсүнүн арам акчаны адалдоо аракети менен табылганына ишенет. Бирок Хажиева өз көрсөтмөсүндө жолдошу башынан эле колунда бар адам болгонун белгилеп, британ тараптын дооматтарын четке кагып жатат.

Хажиеванын күйөөсү Жахангир Хажиев кызматтан кеткенден кийин ири көз боёмочулукка шектелип, банктан он миллиондогон долларды чыгарып кетти деп айыпталган. 2016-жылы Азербайжанда 15 жылга эркинен ажыратылган. Азербайжандын Каржы министрлиги аны баш-аягы 3 миллиард доллардын изин жашырган деп айыптаган. Бирок Хажиев бул айыптарды моюнуна албай келет.

Хажиева таандык делген Лондондогу үйдүн сырткы көрүнүшү.
Хажиева таандык делген Лондондогу үйдүн сырткы көрүнүшү.

Эми анын аялына Британиядагы байлыгынын булагы кайдан келгенин көрсөтүп берүүгө туура келүүдө. Британиянын бул ишти алып барган улуттук агенттигинин экономикалык кылмыштар боюнча жетекчиси Дональд Тун "Твиттердеги" билдирүүсү менен жаңы чара эми башка байларды да бутага аларын ишара кылды:

- Бул мыйзам өлкөнүн жана борбор калаа Лондондун кыймылсыз-мүлк рыногундагы арам акчаны адалдоо көйгөйүнө каршы натыйжалуу күрөшүүгө көмөктөшөт. Биз башка иштерди да Жогорку Сотко алып келүүгө камданып жатабыз.

Коррупцияга каршы “Транспаренси Интернешнл” уюму бир жыл мурда Британияда жалпы баасы дээрлик 6 миллиард долларга же 400 миллиард сомго барабар 160 үйдү коррупцияга шектелген адамдар сатып алганын аныктап чыккан.

Ал турак жайлардын 85 пайызы же 5,5 миллиард доллары баш калаа Лондонго туура келет. Алардын жарымынан көбү - британ ханышасынын Букингем сарайынан беш чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан. “Транспаренси Интернешнл” бул турак жайлар да жаңы мыйзамдын алкагында иликтениши керек деп эсептейт.

Коррупцияга каршы күрөшкөн Британиядагы дагы бир уюм - «Глобал Уитнесс» иликтөөчүлөр тобу да жаңы чараны Британиядан баш калка тапкан мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген хансарайды иликтөө үчүн колдонсо болорун билдирип келет.

- Биз британ бийлигин бул ыйгарым укукту колдонуп, дал ушул үйдү иликтөөгө, Максим Бакиев анын кожоюну же кожоюну эмес экенин изилдөөгө, эгер полиция тарабынан ал кожоюну деп табылса, үйдү сатып алууга ал таза акчаны колдонуп, колдонбогонун аныктоого чакырабыз. Иликтениши кажет. Бул – жаңы мыйзамды сынаганга эң мыкты кейс, - деп билдирген уюмдун өкүлү Чидо Дан.

Максим Бакиев сегиз жылдан бери Лондондун четиндеги кымбат делген райондордун бириндеги хансарайда жашары кабарланып келет. Ал хансарай 2010-жылы 3,5 миллион фунт стерлингге сатылып алынса, азыр анын баасы алда канча жогору экенин “Глобал Уитнестин” изилдөөчүлөрү белгилеп жатышат. Быйыл май айында Максим Бакиев Британиядагы жаңы мыйзам жана өзү жашаган үйдүн таржымалы боюнча “Азаттыктын” кат жүзүндөгү суроолорун жоопсуз калтырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG