Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Президенттин үч баласы шайлоого катышты


Добуш берүүгө келген филиппиндиктер. Марави. 13-май, 2019-жыл.
Добуш берүүгө келген филиппиндиктер. Марави. 13-май, 2019-жыл.

Дүйшөмбүдө Филиппинде улуттук шайлоо өттү. Байкоочулар бул жолу президент Родриго Дутертенин партиясы Сенатта көпчүлүк орунга ээ болсо, өлкөдө Конституцияны өзгөртүүгө жана өлүм жазасын киргизүүгө жол ачыларын белгилеп жатат.

Дутертенин бийлиги бекемделеби?

Жергиликтүү, шаардык, провинциалдык кеңештердин мүчөлөрүн, губернаторлорду, калаа мэрлерин жана Сенаттын 24 мүчөсүн шайлоо үчүн өлкө калкынын 62 миллионго жакыны каттоодон өткөнү кабарланды.

Эксперттердин көбү бул шайлоолорду Дутертенин "бийлигин бекемдөөгө багытталган референдум” деп аташты.

24 орундан турган Сенатта Дутертенин «Элдик бийлиги» деп аталган партиясы азчылыкты түзөт. Ошол себептүү буга чейин анын көптөгөн сунуштары талаш-тартыш жаратып, колдоо таппай келген. Шайлоодо ал Сенаттын жарымынан көбүн алууга аракет көрүп жатканы айтылууда.

"Оппозиция бир да орун албай калабы деп корком. Анткени бул демократия үчүн чоң коркунуч", - дейт политолог Ричард Гейдарян.

Дутерте өлүм жазасын кайра киргизүүгө, кылмышка барган жашы жете электерди жоопко тартуу курагын ылдыйлатууга жана федералдык башкарууга өтүү максатында 1987-жылкы Конституцияны карап чыгууга чакырып келет.

Оппозиция өкүлдөрү Баш мыйзамды өзгөртүү менен ал өз бийлигин узартуунун амалын ойлоп жатат деп айтышууда.

Президенттин кызы жана уулдары да шайлоого катышты

Дутерте бул күнү добушун кичи мекени, өлкөнүн түштүгүндөгү Давао шаарында берди.

Ал бул шаарды 1986-жылдан тарта президенттикке аттанган 2015-жылга чейин башкарып, андан соң ордун өзүнүн кызы Сара Дутерте-Карпиого өткөрүп берген. 41 жаштагы Сара бул ирет да аталган шаардын мэрлиги үчүн ат салышып жатат.

Сара Дутерте, Давао шаарынын мэри жана президент Родриго Дутертенин кызы.
Сара Дутерте, Давао шаарынын мэри жана президент Родриго Дутертенин кызы.

Ушул эле калаанын вице-мэрлигине Дутертинин дагы бир уулу Себастьян өз талапкерлигин койсо, улуу баласы Паоло Өкүлдөр палатасындагы орун үчүн шайлоого катышты. Ал бул тууралуу суроого жооп берип жатып, балдарынын “саясаттан баш тартуусун” каалай турганын билдирди.

Дутерте 2016-жылы бийликке келгени Филиппиндерде маңзат соодасына каршы күрөш башталган. Анын алкагында полициячылар сотко жеткирбей эле мыйзамсыз маңзат соодасына же маңзат колдонууга шек саналган 5,5 миңдей адамды жок кылганын Human Rights Watch укук коргоо уюму өз баяндамасында жарыялаган.

Жок кылынгандардын көбү кембагал аймактардын тургундары экени маалымдалган. Эл аралык уюмдар өлүм жазасын киргизүүнү жактаган Дутертенин саясатын сынга алып келет. Өткөн жылы "Эл аралык мунапыс" уюму аны “миллиондогон адамдарын укуктарын ташбоордук” менен жокко чыгарууда деп айыптаган.

Шайлоо күнү коопсуздук чаралары өлкө боюнча күчөтүлдү. Бул күнү таңга жуук түштүктөгү Магуинданао провинциясында эки жардыруу болгону кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар түшкөн жок.

Филлиппиндеги шайлоочулар. Марави шаары. 13-май, 2019-жыл.
Филлиппиндеги шайлоочулар. Марави шаары. 13-май, 2019-жыл.

74 жаштагы Родриго Дутертенин жети баласы бар. Алардын алтоо биринчи аялы Элизабет Циммермандан. Жубайы экөө 27 жыл бирге түтүн булаткан соң ажырашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG