Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Азиянын эң жемкор беш өлкөсү аныкталды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-9-июль).

Forbes журналы Азиядагы өтө коррупцияланган өлкөлөрдүн бешилтигинин тизмесин чыгарды. Transparency International уюму 18 айлык сурамжылоо жүргүзүп, ага Азиянын 16 өлкөсүнөн 20 миңдей киши катышкан. Натыйжада чөлкөмдөгү төрт кишинин бирөө өмүрүндө сөзсүз түрдө пара берээри аныкталды.

Жемкорлук азиялыктардын күнүмдүк жашоосун чырмап алган. Мянмада (мурдагы Бирма) 2013-жылы коррупцияга каршы мыйзам кабыл алынганына карабай, анын деңгээли 40 пайызды чапчып, бешинчи орунга татыды. Пакистанда да жемкорлуктун деңгээли 40 пайыз деп эсептелди. Айрыкча полиция кызматкерлери көп пара аларын пакистандыктар жашырган эмес.

Үчүнчү орунда 41 пайыз менен Таиланд турат. Экинчи орунду 65 пайыздык көрсөткүч менен Вьетнам ээледи. Вьетман эли азыркы тапта пара талап кылган мамлекеттик органдардан абдан чарчап, ачууланып турганын Forbes белгилейт.

Ал эми "сыйлуу" биринчи орунга 69 пайыз жемкорлук менен Индия чыкты. Мектептер, ооруканалар, паспорт столдору, полиция жана коммуналдык кызматкерлердин элден пара алуусу бул өлкөдө кадимкидей эле салтка айланган.

Канада Гуантанамо туткунуна 10,5 миллион доллар айып пул төлөйт

Өз атуулун адилетсиз соттон коргоп калбаганы үчүн Канада өкмөтү эми 10 миллион доллардан ашуун айып пул төлөмөй болгонун The Guardian гезити кабарлады.

Ооган тектүү Омар Кадыр аттуу жигит 15 жашында Ооганстанда АКШнын аскерин өлтүрдү деп айыпталып, 2003-жылы Гуантанамо түрмөсүнө түшкөн. Аскердик сот анын кылмышын толук далилдегенин билдирип, 2010-жылы 8 жылдык жаза мөөнөтүн чегерген. Мөөнөтүн өтөп, 2015-жылы Канадага кайтып барган Омар кылмыш ишти түрмөдөгү кыйноолордон улам мойнуна алганын айтып, аны актоону өтүнгөн арыз жазган.

Бир нече жылга созулган соттук териштирүүлөр акыры аяктап, Канада Жогорку соту башка өлкөдө өз атуулунун укугун жетиштүү коргой албаганы үчүн өкмөттү күнөөлүү деп тапкан чечим чыгарды. Омар Кадырдын атасы Ахмед Саид "ал-Каиданын" маркум лидери Усама бин Ладен менен кыска убакытта чогуу туруп калган. АКШ аскерлерине граната менен кол салууга өспүрүм уулун атасы жумшаган. Бирок ал түрмөдөн чыккандан кийин аскерлердин үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.

АКШ - Кытай таасир талашып согушабы?

Вашингтонду түйшөлткөн "АКШ - Кытай согушу болобу?" деген суроого британиялык Economist журналы тарыхчы Грахам Эллисондун китебинен жооп издеди.

Гарвард университетинин окумуштуусу Грахам Эллисон бул эки ири держава кагылышпайт деген бүтүм чоң жаңылыштык деп эсептейт. Ал биздин заманга чейинки 400-жылдары Афина менен Спарта кагылышкан атактуу Пелопоннес согушун азыркы Кытай менен АКШ ортосундагы кырдаалга окшоштурган.

"Советтер Союзу менен АКШ да бири-бирин алыстан опузалап турушчу. Бирок чоң согуш оту тутанбаганына карабастан, Кытай менен Кошмо Штаттардагы кырдаал башкача. Экөөнүн кагылышуусуна бир нече жагдай себеп болушу мүмкүн. Маселен, Тайвандагы акыбал курчуп, башаламандык башталса же, Түндүк Кореянын диктатор лидери Ким Чен Ын аркасында мураскер калтырбай, капилет өлүп калса, Кытай менен АКШ таасир талашына түшөт. Бирок көңүл жубаткан жагдай, Кытай башкалардай аскерий дымагын дүйнөгө даңазалоону туура көрбөйт. Ушундан улам согуш оту азырынча тутанбайт десек да болот", - деген Грахам Эллисон.

Көп аял алган өзбекстандыктар жазасыз калышууда

Eurasianet онлайн басылмасы Өзбекстандагы полигамия маселесин талдаган көлөмдүү макала жарыялады. Анда бир нече эмгек мигрантынын мисалында өлкөдөгү кош никелүүлүк кырдаалы каралган.

Биринчи каарман Жалил Буриев Орусиянын Хакасия республикасында бир нече жыл иштеп келгенден кийин өзбекстандык кызга үйлөнүп, эки кыздуу болгон. Бирок мигранттык жашоосун таштагысы келбей, кайра эле Хакасияга кетип, ал жактан башка аялга үйлөнүп алган. Мекениндеги жубайы айласы кетип, жергиликтүү имамдан кеңеш сураганы барса, эркек өз каалоосуна жараша үйлөнө берет деген жооп уккан. Хакасиялык жубайын ээрчиткен Жалил кыздуу болгондон кийин аларды Өзбекстанга алып барып, биринчи аялына, ата-энесине тааныштырып, азыр эки аял тең ынтымактуу, очор-бачар жашап жатышат.

Ал эми макаланын экинчи каарманынын тагдыры такыр башкача. Намангандык 31 жаштагы Нодир Зафаров Казакстанда иштейт. Ал мекениндеги бир уулу менен аялын таштап, Алматыдагы чач тарачка үйлөнүп алган. Бирок азырынча Өзбекстандагы ата-энесине, жакындарына жана жубайына экинчи никесин айтуудан чочулап турат.

Мындай мисалдар өзбекстандык эмгек мигранттарынын арасында абдан көп кездешет. Мигранттардын социалдык жашоосуна сереп салган эксперт Сергей Абашин эмгек көчмөндөрүнүн арасындагы көп аял алуу абдан кеңири жайылган адат экенин, бир нече айлап, жылдап алыста жүргөндөр аялы, бала-чакасын таштап койгон жагдайлар азыр кадыресе эле кабылданып калганын айтат.

Өзбекстандагы диний коомчулук эгер эркек төрт аялга чейин бага алса, ала берсин дегени менен расмий бийлик полигамияга абдан терс көз карашта. Анткен менен өлкөдө көп аялдуулук үчүн айыпталып, сот жообуна тартылган эки эле факт катталган. Алардын экөө тең эмгек мигранты эмес, жергиликтүү аткаминерлер болуп чыккан, деп Eurasianet интернет басылмасы баяндайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG