Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:20

Орусиядагы кырсыктан кийинки сигнал


Архангелск облусундагы Ненокса аскер базасы.

Орусиянын Архангелск облусундагы аскер полигонундагы жарылуудан кийин сигнал таратпай калган эки мониторинг станциясы кайра иштей баштады.

8-августта, Орусиянын Архангелск облусунда жайгашкан Северодвинск шаарындагы аскер полигонунда, жаңы өзөктүк кыймылдаткыч сыналып жатканда жарылуу болгон.

Кырсыктын кесепетинен улам беш адам ошол жерден ажал таап, дагы үчөө жаракат алган. Бул окуядан кийин аймактагы радиациянын ченемден ашып кеткени жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу эл аралык эксперттер бушайман түшкөн.

Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан «Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим» уюмунун баш катчысы Лассина Зербо бул кырсыктан кийин эл аралык мониторинг станциясынын карамагында турган Чукотка менен Алтайдагы станциялар сигнал бербей калганын билдирген.

Ал АКШда чыккан «The Wall Street Journal» басылмасына комментарий берип жатып, өзөктүк сыноолорго байланыштуу жер-суудагы, абадагы бардык өзгөрүүлөрдү топтогон бул станциялардан 13-августтан бери маалымат түшпөй калганын айткан. Буга чейин Дубна менен Кировдогу өзөктүк физиканын таасир-таржымалын изилдеген борборлор иштен чыкканы маалым болгон.

Аталган басылма тактык иретинде сурамжылоо жүргүзүп кайрылган айрым эксперттер орус бийлиги аскер полигонундагы жарылуунун себептери тууралуу маалыматты жашыруу максатында мониторинг станцияларын атайылап өчүрүп коюшу ыктымал экенин айтышкан.

Бирок 20-августтан тартып Чукотка менен Алтайдагы мониторинг станциялары кайра иштей баштаганы белгилүү болду.

Архангелскидеги аскер полигонундагы жарылуу 8-августта болгон. Коргоо министрлиги кырсыктын себеби, таасири тууралуу жагдайды түшүндүргөн кеңири маалымат берген эмес.

Северодвинск.
Северодвинск.

«Росатом» мамлекеттик ишканасы жарылуу жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сыноо учурунда кокусунан болуп кеткенин билдирген. «Росгидромет» болсо жарылуу болгон күнү Северодвинск шаарында радиациялык фон кыска убакытка 16 эсе көтөрүлгөнүн расмий түрдө бышыктаган.

Владимир Путин 19-августта Францияда иш сапары менен жүргөн учурунда Северодвинск шаарында болуп өткөн кырсык тууралуу суроого да жооп берип, «кооптонууга эч кандай негиз жок…» - деп ишендиргенге аракет кылды:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Эгер сиз Северодвинскидеги окуяны айтып жатсаңыз, анда ал жакта эч кандай коркунуч жок. Радиациялык фон эч кандай жогорулаган эмес. Ал жакка эксперттер, анын ичинде эркин эксперттер жөнөтүлдү. Алар кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Мен аскердик жана жарандык эксперттерден баяндамаларды алып турам. Биз ал жакта олуттуу өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз. Бирок кандайдыр бир күтүлбөстүк болуп кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, ал жакта ажал тапкан, жабыркаган адамдар маанилүү мамлекеттик милдетти аркалашты. Алардын баарына Орусия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылат».

Буга чейин АКШдагы «The New York Times» басылмасы Пентагонго шилтеме кылуу менен авария өзөктүк дүрмөтү бар «Буревестник» ракетасын сыноо маалында болушу мүмкүн деген божомолун жазган. Мындай ракета тууралуу былтыр Владимир Путин Федералдык Кеңештеги кайрылуусунда биринчи жолу сөз кылган.

«Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, Архангелск облусунда күйүүчү май колдонгон ракетанын кыймылдаткычы жарылганын кабарлаган.

Бул окуя тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп да үн каткан. Ал 12-августта «Твиттердеги» баракчасына Орусиянын ишке ашпай калган ракета сыноосу америкалык адистерге бир канча маалымат алууга мүмкүндүк бергенин билдирген:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Кошмо Штаттар иштебей калган ракетанын жарылуусунан улам көп нерсе билди. Бизде да ушуга окшош нерсе бар, бирок анын технологиясы жакшыраак. Орусиялык «Skyfall» ракетасынын жарылышына байланыштуу полигондун өзүндөгү гана эмес, андан алыс аймактарда жашаган эл да тынчсызданып, окуя абанын тазалыгына канчалык деңгээлде таасир этти деп беймаза болду».

Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.

Негизи эле орус бийлиги айрыкча аскердик стратегиялык объектилеринде болуп өткөн кырсык тууралуу ачык маалымат берүүнү каалабайт. Өткөн айдын башында Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде жүрүп, илимий изилдөө менен алектенген аппараттан чыккан өрттөн улам тумчугуп каза болгон.

Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан. Бул 2000-жылдан берки аралыкта Орусиянын Аскер-деңиз флотунда катталган ири кырсык катары бааланды.

Мындан 19 жыл илгери, 2000-жылдын 12-августунда Орусиянын ракета ташуучу «Курск» деген суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси, Баренц деңизинин аймагында, 108 метр тереңдикте жүргөн жеринде кырсыктап, экипаждын 118 мүчөсү бардыгы ажал тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG