Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Орусия-Түркия: жети айдан кийинки элдешүү


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин

Жети айга созулган араздашуудан соң Түркия-Орусия мамилеси кайра калыбына келе баштады. 29-июнда Эрдоган менен Путин телефондон сүйлөшүп, ымаланы бекемдөөнү, көзмө-көз жолугушууну да талкуулашты.

Түркия менен Орусиянын ымаласы кайра калыбына келе баштады. 29-июнда орус тарап демилгелеп, эки өлкө лидерлери телефондон 40 мүнөттөй сүйлөштү. Ириде Стамбулдагы терактка байланыштуу көңүл айтканын билдирген орус президенти Владимир Путин санкцияларды алуу керектигин айтты:

- Биздин эки тараптуу мамиле террористтик элементтер активдешкен учурда айтылып жатканына карабай, биринчи туризм маселесинен баштайын. Бул тармактагы административдик чектөөлөрдү алабыз. Орусия Федерациясынын өкмөтүнөн да Түркия менен жалпысынан соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү процессин баштоону өтүнөм.

Орусия Түркияга экономикалык санкция салып, өз жарандарын Түркияда эс алуусуна тыюу салган. Түркиялык азык-түлүктөрдү алуудан баш тарткан. Экономикалык долбоорлор токтотулган эле.

Анталиядагы орус туристтери эс алган жер. Түркия
Анталиядагы орус туристтери эс алган жер. Түркия

Телефон менен сүйлөшүү болгонун Түркия президентинин кеңсеси ырастап, тараптар алаканы кайра жандандырууну жана терроризмге каршы күрөштө чечкиндүү болуу ниеттерин билдиришкенин айтышты. Ошондой эле президенттер көзмө-көз жолугууну да макулдашкан. Бирок Кремл алака саналуу күндөрдө эле калыбына келе калбасын эскертүүдө.

Мамиле 27-июнда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кечирим сураган таризде Орусия президенти Владимир Путинге кат жазгандан кийин калыбына келе баштаган.

Алака 2015-жылдын 24-ноябрында аба мейкиндигибизди бузду деп Түркия орусиялык аскер учагын атып түшүргөндө бузулган. Атылган учактан секирип кеткен учкучтардын бири жерге түшөрдө атып өлтүрүлгөн. Путин "Сириядагы антитеррористтик операцияга катышып жаткан учагыбызды атты, далыга бычак сайды" деп, Түркиядан кечирим суроону, кун төлөөнү талап кылган. Түрк бийлиги буга моюн толгоп келген эле. Кечирим суралды делгени менен түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым кун төлөшпөй тургандыктарын айтууда.

Азыр Түркиянын тышкы саясатында башкача жаңы жол бар. Орусия, Израил менен түшүнүүлөргө барды. Аны менен Түркия өкмөтүндө Египеттеги жана Башар Асаддын режиминдеги маселелерди чечүү жолдору изделүүдө.
Аббас Жавади

Мамилелерди жөнгө салуу аракетине удаа Стамбул аэропортунда үч жолу жардыруу болуп, 40тан ашуун адам өлүп, 250гө чамалуусу жаракат алышты.

Бул Түркия коопсуздугун коргоп, терроризмге каршы күрөшүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун алуусу зарыл экендигин көрсөткөндөй. Айрымдар Эрдогандын Путинге биринчи кол сунушун Орусиянын жеңиши деп баалаганга да үлгүрүштү.

Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия аймактык директору, Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Аббас Жавади саясий тиреште кеп жеңип-жеңилүүдө эмес, коопсуздук үчүн биргелешүү маанилүү экенин эске салат. Ал Түркия акыркы жылдардагы тышкы саясаттагы катасын оңдоону көздөп атканына мындайча токтолду:

- Тээ Ататүрк заманынан 2010-жылга чейин Түркия тышкы саясатында маселе болгон жок, жакшы жүрдү. Өзгөчө коңшулар менен. Бирок 2010-11-жылдардан бери карай, “Араб жазы” башталганда, Түркия өкмөтү кыйла эйфорияга батты. Бул турумда Түркия ислам дүйнөсүнүн лидери боло алат деп эсептеп, Египеттин ички иштерине кийлигишип, оппозициясына колдоо көрсөттү. Сирияда болсо Башар Асаддын режимине каршы кампания жүргүздү. Ушундан тарта Түркиянын тышкы саясаты өзгөрдү. Арачылык менен кийлигишүүнү жигердүү жүргүзгөн саясатка алмашты. Бул жакшы эмес болду. Бирок азыр Түркиянын тышкы саясатында башкача жаңы жол бар. Орусия, Израил менен түшүнүүлөргө барды. Аны менен Түркия өкмөтүндө Египеттеги жана Башар Асаддын режиминдеги маселелерди чечүү жолдору изделүүдө.

Кантсе да дүйнөдөгү эң көп каттамдарды тейлеген, Кыргызстандын да негизги эл аралык каттамдары өткөн Стамбул аэропортундагы теракт Түркияны терроризм менен күрөшүүдө өнөктөштөр катарын көбөйтүүгө дагы түрткү болууда.

Анткен менен Түркия НАТОнун мүчөсү, Орусиянын бул альянс менен мамилеси акыркы убактарда жакшы эмес. Анын үстүнө, Сирия боюнча Орусия Асаддын режимин колдосо, Түркия Сирия оппозициясына жан тартат. Мындай шартта түрк-орус президенттеринин терроризмге каршы чечкиндүү болуу ниеттери кандай маанини камтып турганын айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG