Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Сирия: АКШ-Орусия кайым айтышуусу кайра күчөдү


Алеппонун козголоңчулар колундагы Бустан ал-Каср району. 28-апрель, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы Бустан ал-Каср району. 28-апрель, 2016-жыл.

Кошмо Штаттар Орусияны Сириядагы жаңы аба соккулары үчүн айыптады. Вашингтондун эсебинде, Орусия Сириянын түштүгүндө өкмөткө кас козголоңчулар менен катар “Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан жана АКШ колдогон күчтөргө да сокку урду.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар ал-Танф деген жердин айланасы 16-июнь күнү бомбаланышына “олуттуу” тынчсызданууда жана бул маселе Москванын алдына коюлмакчы.

Орусия болсо өз кезегинде Кошмо Штаттарды президент Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн “террорчу” тайпалардын бир бөлүгүнө таянган жашыруун планы болушу мүмкүн деп айыптап чыкты.

Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирип, бирок АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри акыркы телефон сүйлөшүүсүндө аларда андай жашыруун пландын бардыгын четке какканын кошумчалады.

Лавровдун пикиринде, эгер АКШда андай жашыруун план болсо алар Сирияда колдогон козголоңчуларды “ал-Каиданын” канаты катары саналган “ал-Нусра” террордук тобунан алыстоого ынандыра албаганынын белгиси.

Америкалык расмий өкүлдөр ал-Танф деген жердин айланасында Орусиянын да, Сириянын да аскерлери жок болгондуктан бомбалоону өзүн-өзү коргонуу катары актоого мүмкүн эместигин айтууда.

Вашингтон негизинен Москваны Сириядагы жаатташкан тараптардын ок атышуусун токтотуу боюнча февралдагы макулдашууга камтылбаган - “Ислам мамлекети” жана “ал-Нусра” фронту террордук топторуна каршы күрөшүү ордуна Асаддын режимин колдоп жатканы үчүн күнөөлөп келет.

Мамлекеттик катчы Жон Керри эки күн мурда эле Вашингтондун Сирия маселеси боюнча чыдамы түгөнүп бара жаткандыгын эскерткен болчу:

- Маанилүү тараптардын бири кырдаалдан кыянат пайдаланып, бүткүл жараянга зыян келтирүүгө аракеттенип жаткан кезде, Кошмо Штаттар ок атышууну токтотуу деп аталган бул жараян жөн эле ордунда туруусуна мүмкүндүк берүү үчүн аспап катары пайдаланылгысы келбейт. Андыктан, Орусия жана башка өлкөлөр Сириядагы окуялардын багыты үчүн кам көрүшөбү же жокпу, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарууга олуттуу маани беришеби же жокпу, мына ушуларды чечүүсү керек. Асад Алеппого чабуул жасоону улантып, Орусия бул аракеттерге кол колдоо көрсөтө берсе, биз жөн эле карап отура албайбыз.

Алеппо демекчи, Түркия чек арасына жакын бул шаарда 16-июндун түн ортосунан 48 сааттык мөөнөт менен “тынчтануу режими” күчкө киргенин Орусия тарап жарыялаган. Сириядагы жаатташкан тараптарды элдештирүү боюнча орусиялык борбордун эсебинде, бул тартип азыр да сакталууда.

Бирок урушка байкоо салып жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы маалымдагандай, Алеппонун козголоңчулар колундагы райондоруна аба соккулары кечээ да жасалды. Ал эми козголоңчулар өз кезегинде Алеппонун өкмөт колундагы бөлүгүнө ракета атышты.

Дипломаттардын меморандуму

Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик департаментинен Сирия маселеси боюнча алектенген 50дөн ашуун дипломат президент Барак Обаманы Башар Асаддын күчтөрүнө абадан сокку урууга үндөгөн кат даярдаганы маалымдалды.​

Сирия Демократиялык күчтөрүнүн аскерлери. Алеппо провинциясы, 13-июнь, 2016-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн аскерлери. Алеппо провинциясы, 13-июнь, 2016-жыл.

Мазмуну “Нью-Йорк Таймс” жана “Уолл Стрит Жорнэл” басылмаларына белгилүү болгон ал “ички меморандумда” президент АКШнын Сирия боюнча саясаты сынга алынып, бул өлкөдө “азыркы кво-статусун улантуу гуманитардык, дипломатиялык жана терроризм менен байланышкан маселелерде эгер катастрофалык болбосо, опурталдуу проблемаларга” алып барары айтылган.

“Сирияда беш жылга созулган катаал согуштан кийин азаптарды жана өлүмдөрдү токтотуу үчүн чара көрүүнүн моралдык негизи шексиз жана айныксыз” деп көрсөтүлөт меморандумда.

Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарына абадан сокку урулгандан кийин. 12-июнь, 2016-жыл.
Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарына абадан сокку урулгандан кийин. 12-июнь, 2016-жыл.

Мамлекеттик катчы Жон Керри жума күнү Данияда жүргөн жеринен дипломаттардын меморандумун “күчтүү билдирүү” деп атады, маселени Вашингтонго кайтып барганда талкууларын билдирди.

АКШнын тышкы саясий мекемесинин ичинен айтылган сындын алдында Обама администрациясынын Сирия жана Ирак боюнча саясаттын Сенаттын аскерий иштер боюнча комитетинин төрагасы Жон МакКейн да сындап чыккан.

Ал эми ЦРУнун директору Жон Бреннан 16-июнь күнү Конгресстеги угуу учурунда Орусиянын былтыр сентябрдан тарта Сириядагы согушка аралашуусу Асаддын уруштагы жана токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү турумун чыңдаганын белгилеген.

Эгер Асаддын күчтөрүнө каршы сокку урулса, бул Обама администрациясынын Сирия саясатындагы олуттуу бурулушу болот.

Обама буга чейин Сириянын аймагында “Ислам мамлекети” жана башка террордук топторго каршы гана аба соккуларын жасоого уруксат берген.

Москвадан президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык дипломаттардын Сирия боюнча меморандуму жөнүндөгү жаңылыкты комментарийлеп жатып, Асаддын режиминин кулашы “аймакты хаоско кептеп” ошол эле учурда террор менен күрөшүүгө салым кошпой турганын айтты.

2011-жылдын берки жарандык согушта Сирияда 270 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG