Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:03

Болотная окуясына бир жыл


2012-жылдын 6-майында "Миллиондордун жүрүшүнүн" катышуучулары менен полиция кагылышып, жүздөгөн адам камакка алынган.

Орус оппозициясы антиөкмөттүк демонстрациялардын бир жылдыгына карата митинг өткөрүүдө. "Миллиондордун жүрүшү" деп аталган акциянын бир нече катышуучусу коомдук тартипти бузган, массалык баш аламандык уюштурган деп айыпталууда.

Москва мэриясы оппозициянын Координациялык кеңешине 30 миңдей кишини алып чыгууга уруксат берди. Ал эми шаарды аралап өткөн жүрүшкө тыюу салынды.

Бүгүн чогулгандар "Болотная иши" боюнча күнөөлөнүп жаткан активисттердин бошотулушун талап кылышмакчы. Туура бир жыл мурун президент Владимир Путиндин инаугурациясын утурлай уюштурулган жүрүштүн катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болуп, жүздөгөн адам камакка алынган.

28 кишинин иши сотто каралууда, экөөнө айып тагылып, Максим Лузянин 4 жарым, Солчул майдандын активисти Константин Лебедев 2 жарым жылга эркинен ажырталды. Алар өз күнөөлөрүн моюнга алышты.

Апрелде болсо 12 кишинин иши тергелип бүткөндүгү тууралуу жарыяланды. Алардын бардыгы массалык баш аламандыкка катышкан деген күнөөнү четке кагышты.

Оппозиция өкүлдөрүнүн ырастоосунда, былтыр полиция демонстранттардын жолун атайлап тороп, провокацияларга жол берген. Чагымчылар мушташ чыгаргандан кийин тартип коргоочулар ашыкча күч колдонгон. Бул тууралуу коомдук иликтөөнүн жакында жарыяланган корутундусунда да айтылат. Бийлик ал нааразылык акцияларын грузиялык саясатчы Гиви Таргамадзе каржылап, ал эми уюштуруучулар жергиликтүү оппозиционерлер Сергей Удальцов, Леонид Развозжаев жана Константин Лебедев болгон деп эсептейт. "Болотная иши" чоң резонанс жаратып келатат.

Активист Надежда Митюшкина бул жолку митинг менен оппозиция коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу былтыртан бери уланып келаткан куугунтуктоолорго бурууну көздөөрүн айтат:

- Бул улам бир киши чыгып сүйлөгөн кадыресе нааразылык акциясы эмес. Азыр эмне болуп атканын айтып берип, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамга "Болотная иши" тууралуу маалымат жеткиришибиз керек. Менимче, бул митингдин мааниси чоң. Бул ирет биз өзүбүз үчүн эмес, Болотная туткундары, бардык саясий туткундардын эркиндигин талап кылып чыгуудабыз.

Бүгүнкү акцияга чейин Кремлге оппозициялык көз карашы менен белгилүү коомдук ишмерлер "Бир күн – бир ысым" деген акция өткөрүп келишти. Интернетте "Болотная иши" боюнча айыпталып жаткан адамдардын таржымалын чагылдырган видео, макалалар жарыяланып турду.

Жазуучу Борис Акунин саясатташкан соттун өкүмү азыркыдан да көп адамга чыгарылышы мүмкүн деп, демонстрацияга кошулууга үндөдү:

- Алгачкы акциялардан кийин митинг-демонстрацияларга кызыгуум тарап кеткен. Оппозициялык кыймылдын андай түрү өз маанисин жоготууда деп ойлоп калгам. Бирок бүгүн 6-майда биз жөп-жөнөкөй, ак-карадай абалга кептелдик. Адамдардын абакка кесилип-кесилбеши демонстрациянын катышуучуларынын санына көз каранды болмокчу. Эл аз чогулса, режим анын саясаты иштеп жатат, отургуза берсек болот экен деп ойлоп калат. Ал эми эл көп келсе, бийлик чегине баштайт.

"Левада" борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 52% "Болотная ишин" оппозицияны коркутуу ыкмасы деп сыпаттайт. Ал иш тууралуу жооп бергендердин 65% кабардар экен.

Москва шаарынын ички иштер башкармалыгынын сайтында бүгүнкү митингде мыйзамга жатпаган иштерге жол бербөө үчүн аракет көрүлөөрү айтылат.

XS
SM
MD
LG