Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

“Болотная” иши: дагы бир тыянак чыкты


Болотная аянтында 2012-жылдын 6-майында болгон демонстрация.
Болотная аянтында 2012-жылдын 6-майында болгон демонстрация.

Орусияда борбор Москванын Болотная аянтындагы былтыркы окуялар боюнча көз карандысыз комиссиянын тыянагы жарыяланды. Баяндама авторлору андагы кагылыштар үчүн орус бийлигин жана коопсуздук күчтөрүн айыпташкан.

Коомдук ишмерлер, укук коргоочу активисттер, адвокаттар кирген комиссиянын тыянагын угууга Москвада бир миңдей адам жыйналды.

Көз карандысыз баяндама Болотная аянтындагы окуялардын бир жылдыгына тушташ жарыяланды.

Өзү орус бийликтери оппозициянын 2012-жылдын 6-майында, президент Владимир Путин бийликтеги жаңы мөөнөтүнө киришердин жуп алдында болгон ири демонстрациясынын жабырлануучулары катары полиция кызматкерлерин гана карап келишкен эле.

Ал эми Коомдук комиссия тескерисинче полицияны “күчтү ашыкча колдонгону”, куралсыз адамдарды, анын ичинде аялдар менен кары-картаңдарды сабаганы үчүн айыптаган.

6-апрелдеги митинг
6-апрелдеги митинг
Алардын баяндамасына авторлук кылгандардын бири, Москвадагы ИНДЕМ иликтөө борборунун башчысы Георгий Сатаров “Азаттык” радиосу менен маегинде:

- Дисбаланс бийлик тарабынан эки ыкма менен орнотулган. Биринчиси - ал ошол жерде ачык эле жасалган кылмыштарды эске алган эмес. Экинчиден, камалгандарды алар жасабаган эле иш боюнча, массалык башалмандык уюштурду деп күнөөлөшкөн. Калпка чындыкты гана каршы коюуга болот. Биз ушуну жасадык. Камалган балдар боюнча болсо биз алар коргонушкан жана башкаларды да коргошкон деп жаздык. Эркиндикте калгандар менен камалбагандардын көбү алардын ордунда болсо ушул эле ишке барышмак.

Болотная аянтындагы былтыркы демонстрациядан кийин ага келгендердин 20 чактысына расмий айып коюлган. Алардын он беши азыр тергөө абагында, төртөө үй камагында отурушат. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Коомдук комиссия өз иликтөөлөрүнө жана чогулткан далилдерине таянуу менен демонстранттар менен полициянын кагылышын бийлик өзү жараткан, бул үчүн чагымчылардын тобун жөнөткөн, демонстранттар полицияны урду делген асфальттын сыныктары күн мурунтан даярдалган деп билдирүүдө.

Баяндама авторлорунун бири Георгий Сатаров “Азаттык” радиосу менен маегинде буларды кошумчалады:

- Болотная аянты түн ичинде курчалган, тегерете тосмолор тыкыс орнотулуп, анын ичинде асфальт сындырылган. Бул андан ары чагымчылар тарабынан толук колдонулган. Ушул өңдөнгөн башка бир катар белгилер чагымды бийлик уюштурганын каңкуулоодо.

Буга дейре Болотнаядагы кагылыш үчүн айыпталгандардын бири, Максим Лузянин ысымдуу активист күнөөсүн моюнуна алып, тергөөчүлөр менен кызматташкандан кийин төрт жарым жылга түрмөгө кесилди.

Бийлик өкүлдөрүнүн ырастоосунда, калган айыпкерлердин иши боюнча да тергөө аяктоо алдында турат. Коомдук комиссия болсо эми өз тыянагын, ЕККУга, Улуттар уюмуна, Европа парламентине жөнөтүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG