Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Дүйнө биржаларында жандануу байкалды


Азиянын, Европанын жана Жакынкы Чыгыштын фондулук биржаларында кайра жандануу байкалууда. Мунун баары кечээ АКШдагы Улуттук банк - Федералдык резерв - алдыдагы эки жыл бою базалык проценттик көрсөткүчтү дээрлик 0% деңгээлинде кармап тураарын билдиргенден кийин болуп жатат.

Акыркы эки аптадан бери АКШдагы жана еврозонадагы карыз кризисинин айынан дүйнөдөгү баалуу кагаздар рыногунда баалар төмөндөп кеткен эле.

Кечээ АКШнын Улуттук банкты – Федералдык резерв – кредиттерге үстөктүн деңгээлин жок дегенде дагы эки жылдай төмөн кармап турууга убада кылгандан кийин, акыбал оңоло баштагандай көрүнөт.

Буга чейин эки пайызга түшүп кеткен АКШдагы негизги биржалык индекстердин бири Dow Jones кечээ иш күнүн 4% өсүш менен жыйынтыктады.

Базардагы барк артты

Ушундай эле жогорулоо бүгүн Азиядагы базарда байкалып жатат. Жапониядагы Nikkei 225 индексинде 2%, Түштүк Кореядагы Kospi 4%, Австралиянын индекстеринде 5,5% өсүш байкалды.

Еврозонадагы карыз кризисине, АКШнын кредиттик рейтинги төмөндөгөнүнө карабай, Федералдык резерв системасы кредиттик төлөмдөрдүн үстөгүн көтөрбөйт экен деген кабарга Жакынкы Чыгыш менен Европанын, анын ичинде Орусиянын да, фондулук биржалары позитивдүү жооп кайтарып жатышат.

Азыркы кырдаал тууралуу Кыргызстанда экономикадагы абалды анализдеген “Промотанк” компаниясынын директору Азамат Акелеев буларды айтты.

“АКШнын Улуттук банкты кредиттик үстөктү төмөн деңгээлде кармап турушу экономикага акча көбүрөөк келет дегенди билдирет. Кредиттик ресурстар көбөйүп, бизнеске оңоюраак болот. Жагдайдын мындай түзүлүшү акырында эки башка жыйынтыкка алып келиши мүмкүн: бир четинен, акчанын көбөйүшү инфляцияны жаратышы ыктымал, дагы бир жагынан, экономикадагы өсүшкө жардам берет, - дейт Акелеев. – Азыркы өзгөрүүлөр мына ушуга каржы рынокторунун жообу болуп жатат”.

Тобокелчилик жогору

Бирок аналитиктердин арасында азыркыдай жандануу көпкө созулбайт деп кооптонуп жаткандар да бар. Алардын бири – Шотландиянын Падышалык банкынын башкы экономисти Дзюнко Нишиока.

“Менимче, баалуу кагаздар базарындагы кечээги жандануу - убактылуу гана көрүнүш, анткени рынок азыр глобалдык экономикадагы рецессиянын коркунучун сезип жатат, - дейт Нишиока. - Башкача айтканда, азыр абал көбүнчө бай экономикалардын валюталык саясаты менен эле колдооого алынып турат, чын чынында экономика глобалдык деңгээлде өсүштү токтото баштаганы байкалууда”.

Нишиоканын ишениминде, Федералдык резервдин чечими долларга карата башка ири валюталардын курсунун жогорулашына алып келиши мүмкүн жана ошол мамлекеттердин экспортун начар абалга кептейт.

Кыргызстанга таасири

Глобалдык экономикадагы ири өзгөрүүлөр Борбор Азиянын экономикасына да таасирин тийгизбей койбойт. Буга чейинки кризисте региондогу экономикалардын ичинде, өзгөчө, Казакстандын жоготууларын эске салган экономист Азамат Акелеев коңшу мамлекеттеги кырдаал Кыргызстандын реалдуу секторунда байкалат дейт.

“Өткөн кризисти карасак, анын таасири Кыргызстанда бир жылдан кийин гана байкалды – дейт Азамат Акелеев. – Маселен, Ички Дүң Өндүрүш боюнча эле алсак, 2008-жылкы кризисте көп өлкөлөрдө төмөн түшүп кеткенде бизде, тетирисинче, өсүш болгон. Биздин экономика дүйнөлүк экономикага, ири каржылык базарлар менен анчалык деле тыгыз байланышы жок. Ошондуктан кризистин эпкинин Кыргызстан реалдуу секторундагы абалдын начарлашы менен гана сезет: инвестициялардын азайышы, туристтердин аз келиши, экспортко чыга турган товарлардын аз сатылышы аркылуу сезилет”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG